«Кыргыз тилим өнүксүн» сынагына катышыңыз! (2-сынак)

Энеолиттин пайда болушу


«Энеолит» грек ошондой эле латын тилинен алынып, литео - таш, энеус - жез, жез-таш мезгили же доору деген маани катарында тушундурот. Энеолит биздин заманга чейинки 5мин жылдыктарда - неолит жана коло доордун ортосундагы убакты камтыйт. Жез кендери, кобунчо тоолуу райондордо жайгашканы белгилуу. Жез кендерин пайдалануу Тениртоонун ошондой эле Алтай тоосунун аймактарында болгондугу тастыкталган. Жезди иштетуунун эки туру (ысык менен муздак) колдонгон. Биринчи жез шайман-куралдары муздак жол аркылуу дайындалган, башкача айтканда, уюган жаратылыш жезин таш балка аркылуу керектуу турго келтирип жасашкан деп божомолдонулат. Аны ысытуу, эритуу андан кийинирээк пайда болгон. Ийилчээк жана жумшак жезден, адамдар ар кандай мык, зым, ийне жана башка ар турдуу формадагы шайман-буюмдарды жасашкан.

Эн алгачкы соккулоо жолу менен жезден бычак, ийне, тойногуч, шибеге жана ушул сыяктуу кунумдук майда, буюмдарды, эмгек шаймандарын жасашса, кийинки убактарда жезди эритуу менен куралдарды калыпка куюп жолу менен жасай башташкан. Металл куралдарынын пайдаланылышы менен ондуруштун бардык турундо озгоруу болот. Уруулардын жалпы арасынан малчылык жана дыйканчылык менен иштеген уруулар болунуп чыккан. Ошондой эле бул доордо алыскы жерлер менен байланыш тузушуп, алгачкы алыш-бериш мамилелерин онуктурушкон. Бир нече мин километр соода жолун басып откон адамдар оз ара экономикалык байланыштарын кенейткен.

Узак жолдо журууго, жук ташууга ылайыктуу каражаттар, унаанын турлору талап кылынган. Ушундай учурда донголоктун пайда болушу, оз убагындагы маанилуу ачылыштардын бири болгон. Донголок биринчилерден болуп энеолит дооруна пайдаланууга кирген.

2016-05-20 773 Кыргызстандын тарыхы Жыргалбекова С. 2016-05-20