Үкүлөрдүн эмне үчүн түнкүсүн учуп калгандыгы жөнүндө ар кандай уламыштар бар. Ошолордун бирөө мындай экен. Албетте, бул окуя мындан көп кылымдар мурда болгон. Күндөрдүн биринде өйдө-тоодо жашаган куштар өздөрүнүн курултайына жыйылышты. Анда өздөрү жашаган жерден башка чөбү от, суусу мол жерди издеп табууну чечишти. Курултайда куштардын төрөсү - Бүркүт аларга кайрылып, минтип айтты:
- Андай жерди табууга кимди жиберебиз? Кеңешке келгендер чурулдашты:
- Учкул эмеспи, Ылаачын барсын!
- Сак эмеспи, Сагызган барсын?
- Алп эмеспи, Таз жору барсын!
Бирок булар жараган жок. Акыры тырмактуу десе тырмактуу, тумшуктуу десе тумшуктуу, күчтүү десе күчтүү дешип, үкүнү жибермек болушту. Үкүнү үч ай бою жакшылап багышты. Анан жолго салышты. Ал тоо-талааны кыдырып, ашуу-бел ашып учуп отурду. Бир нече айдан кийин кайра келди. Аны тосуп чыккандарга:
- Жакшы жерди тапкан жокмун, - деп жооп берди. Көпчүлүк буга ишенишкен жок. Ага тынчы коюшту. Үкү болсо өз атасына барды да минтип айтты:
- Эн сонун жер Ала-Тоо экен. Ал жердин жайы салкын, кышы мээлүүн. Бирөөлөргө сөз чыгарба. Ал жакка экөөбүз эле кетебиз Атаке! Бирок булардын сөзүн тынчы чымчык угуп алды да, башка куштарга айтып койду. Куштар чогулуп келишип, Бүркүттүн буйругу менен Үкүнү аябай сабашты. Үкү жан соогалап качып жүрдү. Мына ушул окуядан кийин ал калпычы аталып, күндүз элге көрүнгөндөн уялып, түнкүсүн ууга чыгат дешет.