Балдар эмгекке ак ниет мамиле кылууну, аларда жакшы адаттарды иштеп чыгууну, ишти билүү менен тапшырылган жумушту аткарууну, жалпы иш үчүн жоопкерчилик сезимди өнүктүрүүнү өздөштүрөт. Ошол эле убакта эмгек тарбиясы эмгекке даярдыкты аларда ийгиликтүү эмгек ишмердиги үчүн зарыл болгон эрктик сапаттарды калыптандырууну, эмгектенүүгө жөндөмдүүлүктү, эмгек тартибин, уюшкандыкты, жана башканы ичине алат. Иштеп үйрөнүү өз алдынча ачык - айкын максат коё билүү, ар бир коюлган максат дагы кандай айрым ырааттуу максаттарга бөлүнөрүн түшүнүү, коюлган максатты иш жүзүнө ашыруунун ыңгайлуу жактарын билүүгө баланы кичинекей чагынан эле ушуларга үйрөтүп башташ керек. Кандайдыр бир ишти аткаруу үчүн бала эң биринчи иш ыкмаларына ээ болууну талап кылат. Мисалы, балканы, күрөктү туура кармоо. Эмгекке үйрөтүүдө ата-эне балдардын каалоосу менен өзүнө жана башка үй-бүлөнүн мүчөлөрүнө пайдасы бар эмгектерди аткаруу жана эмгектен тыянак чыгаруу үчүн, туруктуулук менен демилге жасоо, ал аткара турган эмгектин айлана чөйрөдөгүлөргө чоң мааниси бар экендигин билүү жөнүндө түшүндүрөт. Ошондой эле балдар жасаган иштерине өздөрү туура баа берүүгө аларга жардам берүү менен үйрөтөт. Эгерде балдар чарбачылыкта эмгектенсе жаратылыш жана кол эмгегине катышса, анын ишке жөндөмдүүлүгүнүн калыптанышына жакшы шарт түзүлөт. Эмгектенүүдөгү материалдар жана заттар менен тааныш болуу үчүн балдарга түшүнүк берет. Үй чарбачылыкта кээ бир милдеттер балдарга дайыма аткаруу үчүн тагылса болот.
Алсак, өзүнүн төшөнчүсүн жыйноону, кийимин тазалаганды, идишти жана үйдү жууганды жана башкаларды. Ал үчүн ата-эне балага тапшырма берет. Тапшырма берүүдө баланын колунан келе турган жумушту аткартуу аркылуу аны күндө эмгектенүүгө катыштырат. Эгерде бир үй-бүлөдө бир нече бала болсо дайым эле бир балага тапшырманын баарын бере бербестен, балдардын ар бирине тиешелүү тапшырма берилсе ар бир бала өз үй - бүлөсү үчүн пайда келтирээрин сезет.
Айрым татаал иштерди балдар биргелешип жасаса анда алардын ортосунда тууганчыл мамилелердин күчөшүнө жакшы шарттар түзүлөт. Чоң адамдардын эмгектенүүсүндө балдарды алы келген жумушту аткарууга катыштырса анда, баланын эмгекке кызыгуусу жогорулайт. Ишти балдардын арасында бөлүштүргөндө балдардын жашын эске алып аларды өтө чарчап - чаалыгуудан сакташ керек. Мектеп жашындагы балдардын эмгектенүүсү кеңейет. Алар өзүнүн гана жеке муктаждыктарын канааттандырбастан коомдук пайдалуу эмгекке катыша баштайт. Балдардын мындай эмгегин айрым ата-энелер жактырбайт. Бирок коомдук пайдалуу эмгектин тарбиялоо мүмкүнчүлүктөрү көп. Мындай эмгек баланын эмгекке тарбияланышына, эмгек учурунда башка балдар менен мамиле түзүүгө үйрөтүп эле тим болбостон баланын уюштуруу жөндөмдүүлүгүн да өөрчүтөт.
Коомдук иштерге активдүү катышкан балдардан келечекте жакшы жетекчилер, өзүнүн жекече ишканасынын уюштуруучулары өөрчүп чыгышат. Организмдин өөрчүшүнө кошумча ар кандай спорт ийримдерине катышуу, же болбосо үйдө өз алдынча машыгуусу дурус, анткени мунун баары баланын күчүн, шамдагайлыгын, чыдамдуулугун, ишмердүүлүгүн арттырат. Ал эми эң негизгиси спорт, ден - соолукту сактайт жана чыңдайт.