Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Эмчектеги баланы тамактандыруу

Баш барак | Бала гигиенасы жана тамактануусу | Эмчектеги баланы тамактандыруу

Эмчектеги бала тамакты көп талап кылат, бирок тамак сиңирүү аппаратынын жетиле электигине байланыштуу, аны сиңирүүсү начар болот. Ошондуктан эмчек сүтү бир жашка чейинки баланын организми үчүн керектүү заттарга ээ, сиңимдүү азык болуп саналат. Эмчек сүтүнүн өлчөмү жана сапаты эненин тамактануусуна жараша болот. Бала эмизген энеге атайын диета талап кылынбайт; түрдүүлөп жана көнгөн тамак-ашы менен азыктануу өзүнүн ден-соолугун сактоого, сүт менен жетиштүү камсыз кылууга мүмкүндүк берет. Бала эмизип жүргөн мезгилде күнүнө энесине 0,5 л сүт ичүү сунуш кылынат, ар кандай спирт ичимдиктерин ичүүгө , тамеки тартууга тыюу салынат; өткүр тамак-аш, сарымсак жана пыяз жебөө керек. Баланы эмчек сүтүнөн ажыратууга болбойт, бирок эненин ден соолулугу өтө начар болсо(мисалы, кургак учукту ачык формасы, жүрөк кемтиги, кант диабети, бөйрөктүн катуу ооруларында), аял бала эмизгенден алсыраса же балага терс таасир тийгизсе, доктор эмчек эмизүүнү токтотууну сунуш кылат. Эгер эмчек эмизген эне жугуштуу оору менен ооруса баланы энесинен бөлүп, стерилденген эне сүтү менен тамактандырылат. Эмчекте сүт көп болуп, бала эме албай кыйналса, бир аз саап таштаган оң. Эмчектин үрпү начар болсо, аны боюнда бар кезде чойгулап, чыгарбаган болсо укалап(массаж) чоюп, же атайын упчу кийгизип эмизүү керек жана эмизип бүткөндөн кийин калган сүттү сүт саагыч саап салуу зарыл. Эгер үрпү жарылып же маститтин белгилери байкалса, эмизүүнү токтотпой врачка кайрылуу керек.

Мастит күчөп ириңдеп кетсе, эмизүүнү убактылуу токтотуп, соо эмчекти гана эмизет. Этек кирдин келишин шылтоолоп эмизүүнү токтотуп коюга болбойт. Эмчек эмизген эне өзүн токтоо кармоого тийиш, катуу капалануудан сүт азайып, такыр чыкпай калышы мүмкүн. Баланы алгачкы эле күнүнөн баштап сааты менен тамактанганга үйрөтүү керек, мындан тамакты жакшы сиңирүү үчүн шартуу рефлекс иштелип чыгат, баш аламан тамактандыруу баланын тамак сиңирүүсүн жана уйкусун бузат.

[ushka=seredina]

Эгер тамактануу убактысынан - 15-20 мин эрте ойгонуп ыйласа, 10-15 мин эрте тамактандырууга болот. Тамактандыруу мөөнөтү баланын жашына жараша болот.

Алгачкы 0-3 айАр бир 3 саатта7 маал тамактандыруу, түнкүсүн - 6 сааттык тыным менен
3 айдан-5 айгаАр бир 3,5саатта6 маал тамактандыруу, түнкүсүн - 6,5сааттык тыным менен
5 айдан - 1 жашка чейинАр бир 4 саатта5 маал тамактандыруу, түнкүсүн - 8 сааттык тыным менен
Баланы кошумча тамактандыруу эмчектин сүтү жетишсиз боло баштаганда 4,5-5 айынан башталат. Кошумча тамактарды аз-аздан бере баштап, акырындап көндүрүү, бир тамакка көнгөндөн кийин экинчисин баштоо керек.

Эмизүүнүн санын акырындап азайтуу менен баланы эмчектен чыгаруу оңойлойт. Суу кошумча тамакка кирбейт. Алгачкы кошумча тамак - жашылча, жемиш пюреси (адеп 1-2 чай кашыктан),180-200 граммга жеткирилет. Ошентип 5 айлык бала 4 жолу эмчек ээмип, 1 жолу жашылча, жемиш пюреси, мындан сырткары тттире берилет.5-5,5 айлык баланын тамак рационунда 5%түү ботко ( 100грамм суюктукка 1 чай кашык манна акшагы) кошулат. 5,5-6 айында 10%түү манка боткосу берилип, жашылча пюреси (картошка, же сабиз, же капуста же аралаш) 1-2 кашыктан акырындык менен 150 граммга чейин жеткирилет. 6-7 айындан эттин сорпосу, бышкан жумуртканын сарысы, быштак; 7-8 айында майдаланган эт, фарш берилет. 8 айлык эмизип, 1 жолу ботко (май аралаштырып), 1жолу жашылча пюреси (150 гр),мындан сырткары 70 гр сорпо (жашылчанын же эттин), 50 гр быштак (күн алыс быштакка бышкан жумуртканын сарысын кошуп), бышкан майдаланган эт (25-30 гр) берилет, кефир же айранда берилет. 10 айынан баштап эт менен балык пюре же фрикаделка түрүндө берилет.

11-12 айлык баланы эмчек сүттөн башка тамактануу рационуна эт котлети жана сорпо киргизилет. Ошентип баланы бир жашында эмчектен оңой эле чыгарууга болот. Бул мезгилде эне тар эмчек кап кийип, суюктукту аз ичүүгө тийиш, 2-3 күндөн кийин сүт токтойт. Бир жолку эмчек эмизүүнүн ордуна бир маал уй сүтүн, айран же айранга кант кошууп берүүгө болот.

Ысыкта же ооруганда баланы эмчектен чыгарууга болбойт. Аралаш тамактандыруу жана тежемел багууну врач кана белгилейт. Бул учурда тамактын жана тамактандыруунун саны гана эмес, анын баланын жашына туура келүүсү, тамактын витаминдүүлүгү, кошумча тамак бере баштоо мөөнөтү эске алынат. Дени сак балдарга узак мөөнөткө төмөнкү тамактар кошумча берилет; бышырылган буламыктар, 5% түү кант кошулган ынак сүт, айран, сүт аралашмасы ж. б. кургак сүт аралашмалары. Тежемел багылган балага адатта уйдун сүтүнөн даярдалган аралашмалар берилет; сүт аралашмалары, ынак сүт, “Малютка” жана “Малыш” сыяктуу аралашмалары ж. б. Дарылыгы бар аралашманы врач гана белгилейт.

Аралаш тамактандыруу же тежемел багууда тамакты жылытып берүү керек-31-32С. Резина упчуну ар бир тамактандыргандан кийин кайнатуу зарыл; упчунун көзөнөгү чоң болсо, бала чакап тамак ичпей коюшу ыктымал. Баланы алдыга алып отуруп, башын өйдө көтөрүп тамак берет. Тамактындырган соң баланы 2-3 мин тикесинен кармап, кекиргиче күтүү керек.5-6 айлык баланы кашыктан, 7-8 айлыгында чөйчөктөн тамак ичүүгө үйрөтүү керек. Баланы бир түрдүү тамакка үйрөтпөстөн түрдүүлөп берүү керек, бирок тез-тез алмаштыруу да болбойт. Эгер балага эмчек сүтү жетишпесе, алгачкы жумадан же айдан баштап эле кошумча тамактандырылат, бирок эмизүүнү азайтпоо керек . Анткени, биринчиден, эмчек сүтү жоголуп кетиши мүмкүн, экинчиден, эмчектин сүтү кошумча берилген тамакты жакшы сиңирет. Тамакты адегенде эмизгенден кийин, 3-4 айынан баштап эмизүү менен тамакты кезектештирип берүү керек.Эмчектеги баланын болжолдуу тамактандуруусу

Саат/баланын курагы6.0010.0014.0018.0022.00
4айЭмчек сүтү же сүт аралашмасыБотко (1 түрү)+эмчек сүтү же сүт аралашмасыЖемиш пюреси(1 түрү) + эмчек сүтү же сүт аралашмасыЭмчек сүтү же сүт аралашмасыЭмчек сүтү же сүт аралашмасы
4-5Эмчек сүтү же сүт аралашмасыБотко (1түрү) + эмчек сүтү же сүт аралашмасыЖашылча пюреси + жемиш пюреси (1 түрү) + эмчек сүтү же сүт аралашмасыБыштак + жемиш пюреси + эмчек сүтү же сүт аралашмасыЭмчек сүтү же сүт аралашмасы
5-6Эмчек сүтү же сүт аралашмасыБотко (2-3 түрү) + жемиш пюреси + эмчек сүтү же сүт аралашмасыЖемиш пюреси (1 түрү) + эмчек сүтү же сүт аралашмасыБыштак + жемиш ширеси + эмчек сүтү же сүт аралашмасыЭмчек сүтү же сүт аралашмасы
6-7Эмчек сүтү же сүт аралашмасыБотко + быштак + жемиш пюреси + эмчек сүтү же сүт аралашмасыЭт-жемиш пюреси + шире + эмчек сүтү же сүт аралашмасыЖемиш пюреси + Эмчек сүтү же сүт аралашмасыЭмчек сүтү же сүт аралашмасы
7-9Эмчек сүтү же сүт аралашмасыБотко + жемиш пюреси + эмчек сүтү же сүт аралашмасыЭт-жемиш пюреси + шире + эмчек сүтү же сүт аралашмасыБыштак + эмчек сүтү же сүт аралашмасыЭмчек сүтү же сүт аралашмасы + кефир
9-12 айлыкЭмчек сүтү же сүт аралашмасы + кефир айранБотко + жемиш пюреси + эмчек сүтү же сүт аралашмасыЭт-жемиш тамагы + ширеБыштак + жемиш пюреси же шире + эмчек сүтүЭмчек сүтү же сүт аралашмасы + кефир
Баланын менюсу0-6 айлык бала жалаң гана эмчек сүт менен тамактанат.

6 айлык баланын болжолдуу тамактандуруусу.

Кабак пюреси-1 кичине кабак-1 кичине картошка-1 чай кашык сүт же зайтун (өcүмдүк) майыЖашылчаларды аарчып, тазалап, бууда бышырып, ээзип, пюре жасап, зайтун май же сүт кошуп берет.
Сабиз жана кабак муссу-120гр сабиз-150гр кабак-1 кофе каш суу майЖашылчаларды майда туурап, бууда бышырып, пюре даярдап, миксер же чалгыч менен чалып, өсүмдүк майын кошуп аралаштырып берет.
Мусс-татту, чалгыч менен же миксерде жаңы бышкан же тоңдурулган жемиштерди, мөмө жемиш ширелери менен маңыздары, кыяамдары чалуу жолу менен даярдалат. Чалуу процессин тездетиш үчүн мусс куюлган идишти муздак сууга салып коюу сунуш кылынат. Чалган кезде масса 2-2,5 эсе көбөйүп кетерин эстен чыгарбоо керек. Ушундай түрүндө баардык жашылчалардан пюре даярдаса болот: Сабиз, патиссон, кабак, түстүү капуста, ак капуста, брокколи капустасы.7 айлык баланын, болжолдуу тамактандуруусу
Ботко кошулган алма-ашкабак пюреси-150 гр. ашкабак-1алма-1 там. каш. дан өзүмдүк (сулу, гречка, күрүч)-1 ч. к. шекер-1.2 стакан сүтАшкабак, алманы тазалап, майда туурап, бууда бышырат. Боткону бышырат. Ашкабак ж-а алманы электен же эт туурагычтан өткөрүп, 1 ч. к. шекер кошуп, бир ташым кайнатат. Пюрени суутуп, суу май аралаштырып, боткого кошуп берет.
Алма кошулган күрүч сорпо-пюреси-100-150 гр. алма-1 аш. каш. күрүч-1 чай. каш. шекер-4 гр. корицаАлманын ортосун алып духовкада бышырат. Муздагандан кийин, кабыгын аарчып алып, электен өткөрөт. 1 стакан сууну кайнатат, 1 ч. к. шекер, корица, күрүчтү кошуп, бышырат. Даяр күрүчтү электен өткөрүп, алма пюресине менен аралаштырып, бууда бышырат.
Мейиз кошулган күрүч боткосу-250 гр. сүт-Ванилин-1.2 чыны күрүч-1 чай каш. шекер-мейизСүткө шекер, ванилин, мейиз кошуп, бир ташым кайнатат. Кайнап турган сүткө күрүчтү кошуп, бышырат. Бираз суутуп берет. Мейиздин ордуна башка кургатылган жемиштерди да, жаңы жермиштерди да кошуп берсе болот.
Картошка-кабак пюреси-70 гр. картошка-70 гр. ашкабак же кабак-сүтМайда тууралган картошка, ашкабакты 300 гр. сууда жай отто бышырат. Миксер менен чалып көбүртүп, сүт м-н суюлтуп, май кошуп берет. Каалоо боюнча быштак же апельсин ширесин кошуп берсе болот.
8 айлык баланын болжолдуу тамактандуруусу
Жемиштер кошулган күрүч пудинги-50 гр. күрүч-100 мл. сүт-100 мл. суу-1 жумуртка-12 гр. шекер-15 гр. мейиз-20 гр. цукат-5 гр. ак майКүрүчтү таза жууп, андан сүткө ботко бышырып алат, жытын чыгырыш үчүн ванилин же майдаланган лимон цедрасын кошуп, бираз муздатат. Башка бир мискейге кум шекер кошулган ак майды агарта чалып андан кийин бул массага жумурканын сарысын аралаштыруу м-н алардын бардыгын даяр боткого кошот. Ошону м-н бирге боткого тууралган цукат, ирелген жана жуулган мейиз кошот, бардык маассаны аралаштырып, ага чалынган жумуртканын агы аралаштырылат. Жакшылап аралаштырып, табага же ак май м-н майланган сухарь себилген калың идишке (калыпка) салат, үстүн тегиздеп, духовкада бышырат.
Цедра - апелъсин же лимондун майдаланган (сүргүчтөн өткөрүлгөн) кабыгы. Ар түрдүү тамактарга ж-а кондитердик азыктарга жыпар жыт бериш үчүн кошулат Цукат - бүтүн же тууралган жемиштерден, о. эле цитрус жемиштеринин, дарбыздын, коондун кант кошулуп кайнатылган жана кургатылган кабыгынан даярдалат. Цукаттын бети криссталга айланган жука кант катмары менен капталып туруш керек. Цукат чай м-н берилет, туурамжы жасоо, о. э. торт, пирожный, таттуу пирог ж. б. кондитердик азыктарды коздоо үчүн керектелет.

Апельсин кабыгынан жасалган цукат. Апельсиндин кабыгын төрт бурч же ромб түрүндө туурап, айнек идишке салат, муздак суу куюп (сууну күн сайын алмаштырып турат), 2-3 күн кармайт. Андан кийин кабыктарды суудан алып, идишке салат, жумшарганга чейин кайнатат, сүзгүчкө салып, суусун сарыктырып, кошула турган кум шекердин өлчөмүн аныктоо үчүн кабыкты таразага тартат. Кант ширесин даярдап, кайнап жаткан ширеге апельсиндин бышырылган кабыгын салып. шире коюлганга чейин кайнатат. Кум шекер себеленген табакка чыгарып муздатат, андан кийин банкага салып, кабыктын ар бир катмарыны кум шекер(же кант упасын) сээп коет. Бышырылган 800 гр кабыкка 6 стакан суу менен 1,2 кг кум шекерден жасалган шире, иукатка себелеш үчүн 700 гр кум шекер керек.

Ашкабак кошулган алма пудинги-200 гр. ашкабак-130 гр. алма-20 гр. бышкан күрүч-10 гр. шекер-20 гр. каймак-1 жумурткаАшкабак, амланы сүргүчтөн өткөрүп алат. Бышкан күрүч, шекер, каймак, чалынган жумуртка менен аралаштырып, табага же ак май м-н майланган сухарь себилген калың идишке (калыпка) салып, үстүн тегиздеп, духовкада бышырат.
Жашылча пюреси-Шалгам-Картошка-Сабиз-Буурчак-Шпинат-Көк пияздын башы-Зайтун майы-АшкөкЖашылчаларды зайтун майы кошулган сууда жумшарганга чейин бышырып алат, эт туурагычтан 2 жолу өткөрүп, же блендер м-н чалып алат, соңунда туз кошуп берет.
Карагат кисели-6 чай каш. карагат-4 ч. к. шекер-1 ч. к. картошка крахмалы-200 мл. сууИргелген ж-а жуулган карагатты кашык м-н эзет, ширесин марлиден же электен өткөрүп сыгып алат идишке куюп, оозун жаап коет. Чөбөгөсүнө ысык суу куюп кайнатат да, чыпкадан өткөрөт. Крахмалды муздак сууда эритип алат. Кайнап турган карагаттын маңызына шекер, даярдалган картошка крахмалын, ширени куят да абдан жакшы аралаштырып, кисель кайнай баштаганда, оттон чыгаруу керек. Муздатып берет.
Кисель жаңы мөмө менен жемиш, алардын ширеси, сүт, шарап ж. б.дан жасалат. Кисель суюк же коюу болот.

Бышкан кисельдин үстүнө бир аз кум шекер сепсе(кант упасы жакшы) каймактабайт. Кисель суугандан кийин ичилет; коюу кисель менен кошо сүт же кам каймак берсе болот. Кара мөмө же башка мөмөлөрдөн жасалган киселъ карагат киселиндей эле жасалат. Эгерде мөмө анча кычкыл болбосо, даамга жараша лимон кычкылын кошуу керек. Жаңы кызыл өрүк, алма, кайналы, алча ж. б. мөмө менен жемиштен жасалуучу кисель коюу карагат кисели сыяктуу эле жасалат. Айырмасы жемишке же мөмөгө бир аз суу куюп, жумшарганга чейин кайнатылып, андан кийин сүргүчтөн өткөрүлөт.

Курагатылган жемиш компоту-4 т. каш. курагатылган жемиш-1,5 ч. каш. шекер-320 мл. суу-Ваниль же цедра даамга жарашаЖемишти жууп , көпкө кайнатыла турган катуу алма м-н алмурутту өзүнчө бөлүп алат, муздак суу суу куюп, 15- 20 мин кайнатат. Бышкан жемишти электен өткөрүп алат. Андан кийин компотко кошуп, кум шекер, ваниль же лимон цедрасын кошуп, дагы 5-6 мин кайнатат. Суутуп берет.
9 айлык баланын болжолдуу тамактандыруусу
Жашылча кошулган эт сорпо-пюреси-120 гр. майсыз эт (тоок, кара кесек торпок, уй эти)-200 гр. картошка-400 гр. жаш сабиз-ашкөкЭтти эт туурагычтан өткөрүп, үстүнө 0,5 л суу куюп, 1 саат бышырат. Жашылчаларды сорпого салып бышырып, майдалап коет. Сорпону марлиден же электен чыпкалап өткөрүп, жашылга пюресин кошуп, бир сыйра кайнатып алат.
Алма кошулган тоок эти-1 алма-1 тооктун төш эти-1 ч. к. ак май-1 ч. каш. лимон ширесиАлманы тазалап, майда тууралап, кайнап турган сууда чала демделет-10 мин-15 мин. Тооктун төш этин майда тууралап, май кошулган сууда жай отто бышырылат. Жумшарып калган алманы кашык менен ээзип, даяр болгон эт, лимон ширеси м-н аралаштырып салат.
Ашкабак, мускат жаңгагы кошулган торпок эти-20 гр. торпоктун каракесек эти-100 гр. ашкабак-Зайтун майы-Мускат жаңгагыЭт, ашкабакты абдан майда тууралар, табага коюп, суу, зайтун май кошуп, мускат жаңгактан себелеп, капкакты жаап, 15 мин демдейт. Аралашманы эт туурагычтан өткөрүп беретю торпок эттин ордуна күрп, тоок этти да колдонсо болот.
Мускат жаңгагы - тропик өсүмдүгүнүн жемиши, оозду дуулдатуучу даамы, өзгөчө жыты бар коруш. Мускат жаңгагынын даны ар кандай соуска, жашылча жана эт тамактарына, ундан жасалган азыктарга кошулат.

Керектелер алдында мускат жаңгагын сүргүчтөн өткөрөт же бычак менен туурайт. Мускат жаңгагы соуска бышканда, тамакка бышып жатканда, ун азыктарына камыр жууруп жаткан жерде кошулат. Кургак жерде сактоо керек. Бишкектин Ош базарында ар дайым сатып алса болот.

Тоок суфлеси-Тоок эти-1 жумуртка-Ак нан-3 аш. каш. сүт-1 аш. каш. ак майТооктун этин туз салбай бышырат. Даяр этти туурагычтан өткөрөт. Ак нанды 1-2 стакан жылуу сүткө чылап коет. Кайрадан этти нан менен туурагычтан өткөрүп, аралаштырып, чалып салат. Жумурканын агын чалып көбөртүп коет. Туурамжыга жумуртка сарысын, сүт, жумуртка агын, 1 ч. каш. акмай, бир аз туз кошуп, майланган калыпка куюп, бууда же духовкада кызарганга чейин бышырып салат.
Бышкан жашылчалар соус менен-1.2 помидор-3 см кабакча-3 см сабиз-5 төө буурчактын саадагы - Авокадо-1 аш. каш. апельсин ширеси-1 ч. каш. лимон ширесиСабиз, кабакты саман түрүндө тууралап, төө буурчактын учтарын кесип салат. Сабиз, төө буурчакты 12 мин кайнатат, 5 мин кө кабак кошуп бышырат. Суутуп коет. Помидордун даанегин, кабыгын аарчып, майда туурайт. Авокадону вилка м-н эзип, апельсин жана лимон ширесим-н аралаштырып, табака коюп, помидор менен кооздоп, жанына даяр жашылчалар м-н берет.
Көк буурчак сорпо-пюреси-1 аш. каш. күрүч-2 аш. каш. көк буурчак-2 ч. к. ак май-1 стакан суу-ТузКүрүчтү сууда бышырып алат. Даяр күрүчтү ысык кезинде көк буурчак менен электен же эт туурагычтан өткөрүп алат. Пюрени бир ташым кайнатат, май кошуп берет.
10 айлык баланын, болжолдуу тамактандуруусу
Саадакту төө буурчак кошулган кой эти сорпосу-20 гр. каракесек кой эти-1 картошка-2 саадак төө бурчак-Зайтун майы-Зире бир чымчымаЭтти майдалап туурап, мискейге муздак суу куюп, зире кошуп бир сыйра кайнатып алат. Майдалап тууралган төө буурчакты, 4 бөлүнгөн картошканы кошуп, дагы 10- 15 мин бышырат. Этти, даяр жашылчаларды сорподон чыгарып, пюре жасайт. Пюреге сүзүлгөн сорпо, зайтун май кошуп берет.
Эт запеканкасы-1 картошка-30 гр. эт туурамжысы-30 гр. акмай-2-3 жалбырак жапалак көкөмерен-1 тал розмарин-1 тиш сарымсак-1 ч. каш. каймакБышкан картошкага каймак кошуп эзет. Туурамжыны майда тууралган көкөмерен, розмарин менен аралаштырып, сууга бир аз май кошуп 5 мин демден Бышырат. Бир идишти чеснок м-н сүртүп, май м-н шыбап коет. Түбүнө туурамжы, үстүнө картошка пюрени коюп, акмай менен себелеп, духовкада 5 мин бышырат.
Күрп этине кошулган алма жана сабиз пюреси-20-30 гр. курптүн төш эти-2 сабиз (же шалгам)-0,5 алма-3 аш каш сүт (же ынак каймак, же каймак, же быштак)Этти бөртө-бөртө, сабизди майда тууралап, мискейге салып, суу кошуп, 10 мин бышырат. Алманын кабыгын аарчып, сүрткүчтөн өткөрүп, сүттө 5 мин демдеп бышырат. Даяр сабизге 2 аш каш. сүт кошуп, пюре жасайт. Этти алма, сабиз пюресин кошуп берет.
Розмарин - жалбырагынан же гүлүнөн жытту май чыгарылуучу, дайым көгөрүп туруучу түштүк өсүмдүк. Кыргызстанда кургатылган түрүндө сатылат.11 айлык баланын, болжолдуу тамактандуруусу
Кой этине кошулган жашылчалар-Койдун кабырга эти-1 картошка-1 селъдерейдин тамыры-1 сабиз-1 тегерекчеси-1 кичине пияз-1 тиш сарымсак-Жапалак көкөмерен-1,5 ч. к. акмайЖашылчаларды аарчып, тазалап, кубик түрүндө туурайт. Майдаланган этке жашылчаларды, суу, эзилген чеснок кошуп, көкөмерен себелеп, капкакты бекем жаап, 15 мин демдейт. Бышкандан кийин табака салып, үстүнө майдаланган ашкөктү себелеп берет.
Макарон кошулган болонез соусу-30 гр. макарон-20 гр. эт туурамжысы-Тимян / шалфей-1 баш пияз-20 гр. ынак каймакТуурамжыга майда тууралган пияазы, тимяан - шалфейдин 1 тал-жалбырагынан кошуп, аралаштырат. Туурамжыны демдейт. Макаронду туздалган сууда бышырып, сүзүп, даяр туурамжы м-н, аралаштырып, каймак кошуп демдеп коет.
12 айлык баланын болжолдуу тамактануусу
Пияз-пюрей кошулган балык-1 пияз-пюрей (ак жагы)-30 гр. балык (кылкансыз)-1 картошка-3 тамчы лимон ширеси- 1 кофе каш. зайтун майыКартошка, пиязды аарчып-тазалап, майдалап, сууда 10 мин бышырат. Балыкты, жашылчаларды фолъга кагазына коюп, үстүнө лимон ширесинен чачып, зайтун май кошуп, кагазды ороп, жел чыкпадангандай, духобкада 180 С та 6 мин бышырат. (фолъганин жерине пергамент кагаз да болот же калын табагы капкагы м-н)

Жайгаштыруу: 2016-06-09, Көрүүлөр: 14588, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2018-05-17
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо