Электр жылыткыч тандоо — оңой эмес процесс, көптөгөн көрсөткүчтөрдү эске алуу зарыл. Ал эми тандоону жеңилдетүү үчүн базалык нерселерин үйрөнүп алуу керек.
Үйдү же батирди жылытуучу электр жылыткычтар шартка ылайык жөнөкөй түзүлүштү элестетет. Албетте, кээде жогорку технологиялуу смартфондон башкарылган жылыткычтарды кезиктирүүгө болот, бирок көп учурда мындай жылыткычтар иштөө негизи жөнөкөйлөрдөн айырмаланбайт.
Ошондуктан жакшы жылыткычты тандоо деле оорчулукту жаратпайт. Башкысы — негизги параметрлерин билип алуу керек. Биринчи кезекте — электр жылыткычтын түрү жана анын кубаттуулугу, экинчиден — кошумча функция, опциялары.
Кубаттуулугу — бир саатта электр энергиясын канча сарптаарын көрсөтүүчү көрсөткүч, негизинен Киловат (кВт) кээде Ватт (Вт) бирдиктери менен өлчөнөт. Мисалы, 1,5 Квт же 800 Ватт (1 кВт = 1000 Ватт).
Жылыткычтардын таңгагында канча чарчы метр аянтты жылытаары жазылат, мисалы, 10 чарчы метр ж. б. Айтып коюуу керек, жылытуу аянтын чарчы метр менен эсептөө кичине туура эмес, бул көрсөткүчтөрдү өндүрүүчүлөр орточолоп алышкан, башкача айтканда төшөлмөдөн шыпка чейинки орточо 2,5 метрлик бийиктикти эсептөө менен. Негизи куб метр менен эсептөө туура. Анткени, жылыткыч жалпак тегиздикти жылытпай, көлөмдүү мейкиндикти жылытат эмеспи. Ошондуктан дайыма өзүңөр орточо бөлмөнүн канча куб метр экенин эсептеп алуу ашыктык кылбайт. Ал үчүн бөлмөнүн туурасын, жазылыгын анан бийиктигин көбөйтөбүз. Мисалы, туурасы 3 метр * жазылыгы 4 метр * бийиктиги 2,5 метр = 30 метр3. Көпчүлүк өндүрүүчүлөр, сатуучулар 1 чарчы метрге 100Вт керектелет деген формуланы колдонушат. Бул өтө эле жалпылаштырылган, жана тегиздик менен эсептелинген. Аба болсо жалпак эмес, көлөмдүү, анын үстүнө төшөлмөдөн шыпка чейинки аралык, ар кандай болушу мүмкүн. Мисалы батирлерде 3 метр, кээде андан дагы ашык, кээ бир жер үйлөрдө экинчи кабат тепкич аркылуу өтүп бул көрсөткүч 5-6 метрге чейин жетет.
Дагы бир маанилүү көрсөткүч — үйдүн жылуулукту жоготуусу. Жылуулук жоготуулар көп болсо үй тез муздайт дагы, жылыткыч көп иштейт, демек электр энергиясына болгон акча дагы көп болот. Эгер үй тез-тез муздаса, терезе-айнектерди, эшиктерди жылуулоо акчаны үнөмдөйт.
Жылуулук чыгып кетүүчү жерлер: жука дубалдар жана шып, төшөлмөлөр (пол), терезе, эшиктер, вентиляциялык тешиктер, мештин оозу (меш үйдүн ичинде болсо). Достор бул макала үйдү жылуулоо эмес, жылыткычтар жөнүндө болгондуктан, жылыткычтарга өтсөк. Ал эми үйдү жылуулоо тууралуу убагы келгенде өзүнчө макала кылып жазып берели.
Заманбап жылыткычтар рыногунда түрдүү түзүлүштө болгон жылыткычтар кезигет, алар негизинен жылытуу ыкмасы менен айырмаланат. Кээ бирлери — шаардык батирлерде, башкалары — жер үйлөрдө, үчүнчүлөрү — иш бөлмөлөрдү жылытууда жакшы иштейт. Келгиле, жылыткычтар кандай болоорун жана эмнеси менен айырмаланаарын билип алалы.
Дүкөндөрдүн текчелеринде май радиатор, жылуулук вентиляторлор (орусча тепловентилятор), жылуулук пушкалар, конвекторлор, инфра кызыл, инфра кызыл-конвективдүү, жылуулук көшөгөлөр (орусча тепловая завеса) жана башка жылыткычтарды кезиктирүүгө болот. Анда эң жөнөкөй жылыткыч моделинен баштап карап чыгалы.
Май радиатор ар бир адамга эле белгилүү болсо керек: дал ушундай жылыткычтарды Кыргызстандыктардын көпчүлүк үйлөрүнөн кезиктирүүгө болот. Май радиатору темирден жасалган герметикалуу корпустан туруп, анын ичине атайын минералдык май куюлат. Жылытуучу элементи (электро спираль) дагы корпустун ичинде жайгашат. Спираль майды, май корпусту, ал эми корпус айланадагы абаны жылытат.
Визуалдык жактан май радиатору борбордук жылытуу системасынын батареясына окшош: көп учурда окшош секцияларга ээ. Мындай жылыткычка шартка ылайык желдеткич каралган эмес.
Борбордук жылытуу системасы сыяктуу эле май радиатору бөлмө абасын үзгүлтүксүз жылытууга арналган. Өзү жайыраак жылыйт дагы, дароо эле абаны жылыта албайт. Бирок бир жагынан радиатордун температурасы анча чоң эмес, ошондуктан ал абадагы чаңдарды күйгүзө албайт, демек бөлмөдө ар кандай жыттар пайда болбойт жана абаны кургатпайт. Май радиаторлор дээрлик үнү чыкпай иштейт, кез-кез гана тырсылдаган үндөр чыгат, өчүргөндөн кийин өзүнүн жылуулугун (бөлмөнүн эмес) көпкө сактайт, экологиялык жактан таза жылыткыч деп саналат. Терс жактарына булардын көлөмүнүн чоңдугу, ошондой эле мобилдүүлүгүнүн аздыгын (дөңгөлөктөрү болсо да) айтсак болот. Көпчүлүгүндө жыгылып кетүүдөн өчүп калуучу атайын баскычы жок болот (эми гана аз-аздан пайда болууда).
Жылытуу аянты, шыптын 2,5 метрлик бийиктигинде 10дон 30 чарчы метрге чейин аянтты жылытат, албетте 30 чарчы метрди жылытканы электр энергиясын көбүрөөк сарптайт.
Жылуулук вентиляторлор жылытуучу элемент менен вентилятор айкалышып жасалып, бөлмөдөгү абаны ысык элемент аркылуу өткөрүп, циркуляция кылып жылытат. Көптөгөн мындай шаймандар жөнөкөй желдеткич катары да иштеп, шуулдаган үн чыгарып турат. Албетте, өтө катуу үйлөй албайт.
Жылуулук вентилятордун негизги функциясы — муздак бөлмөдөгү абаны тез жылытуу. Чындыгында мындай жылыткычтын таасири бир нече мүнөттө эле сезилет. Ал эми чоң иш бөлмөлөрүн жылытуу үчүн жылуулук пушка талап кылынат — ошол эле жылуулук вентилятор, бирок кубаттуулугу чоңураак жана токтоосуз иштөөгө ылайыкташкан. Тез жана кубаттуу жылытуунун «акысы» катары шуулдаган үндүн болуусу жана электр энергиясын көп сарптоо болот. Көптөгөн жер үйлөрдүн ээлери эки же андан ашык бөлмөнү жылуулук вентилятору менен жылытууда кубаттуулуктун жетишсиздигине туш болот, анткени мындай жылыткычтын бир нечесин иштеткенде, электр зымдар ысый баштайт.
Ал эми жылуулук пушкалары өтө эле электр энергиясын көп сарптайт — саатына 5кВт жана андан дагы өйдө. Мындай чыңалууга жөнөкөй розеткалар чыдабайт.
Көбүнчө жылуулук вентиляторлор башын айлантып туруучу кыймылдаткычка ээ, бул абанын жакшы алмашуусуна, бөлмөнүн бир калыпта жылышына өбөлгө болот.
Ошондой эле айтылуу «керамикалык» жылуулук вентиляторлорун эске салуу ашык болбойт — булардын металл спиралы аба менен үйлөнбөйт, жөн гана керамикалык элементти жылытат, ал болсо абаны жылытат. Керамикалык жылуулук вентиляторлорунда кадимки жылуулук вентиляторлордун кемчиликтери дээрлик жокко эсе — чаңдардын күйүүсүнөн пайда болгон жыт болбойт, мындай нерсе кадимки жылуулук вентиляторлорунда көп кездешет.
Жылуулук вентиляторлордун дагы бир кемчилиги — абаны кургатуусу. Нормалдуу бөлмөдөгү абанын салыштырмалуу нымдуулугу 50-60 %. Өтө нымдуу же кургак болгондо ден-соолукка зыян келтирет, адам түрдүү оорулар менен тез-тез ооруйт.
Конвекторлор да жылуулук вентиляторуна окшошураак иштейт. Бир гана айырмасы мында вентилятор болбойт: конвектордук жылыткычта аба жылытуучу элемент аркылуу өтүп, табигый шартта жылуу аба өйдө көтөрүлүп, жапыз жердеги муздак аба акырындан жылуу абага алмаша берет. Буга себептүү, жылытуучу элементтин көлөмү чоңураак келет (габариттери боюнча борбордук жылытуу системасынын жалпак батареялары менен салыштыруу мүмкүн).
Конвектордук жылыткычтарды дубалдарга да илип койсо болот, ал эми кээ бирлеринде түрдүү көркөм сүрөттөр түшүрүлгөн. Чынында булар жылуулук вентиляторго салыштырмалуу абаны жай жылытат.
Ушул типтеги, электр энергиясын 30-40 % үнөмдөгөн инвертордук башкаруу блогу менен жылыткычтар чыгып, өтө популярдуу болууда. Бирок жылыткычтарга арналган инвертордук башкаруу блогу 2017-жылы эле чыккан.
Инвертордук блоктун иштөө негизи — бул жылыткыч эмес, жылыткычка кошулуучу, көп баскычтуу температуралык режими бар компьютердик башкаруу системасы. Мисалы, Инвертордук блогу бар, кубаттуулугу 1,5 кВт жылыткычты ошондой эле кубаттагы жөнөкөй конвектор менен салыштырганда үйдү жылытуусу бирдей, бирок электр энергиясы 30-40 % аз сарптайт.
Электр энергиясын үнөмдөө негизи — температуралык датчиктери бир гана көрсөткүчтө эмес, бир нече көрсөткүчтө иштегенине байланыштуу үнөмдөлөт. Мисалы, жылыткычтын (үйдүн температурасы менен алмаштырбайлы) температурасы 80 градуска жеткенде, жылыткыч өчөт, бирок ошол температураны кармап туруу үчүн, жылытуучу элементти дароо 1,5 кВт кубатка эмес, 300 Ватт кубаттуулукта гана иштетет. Ошентип, жылыткычтын температурасы 80 градустан түшпөйт, ал эми электр энергиясынын сарпталуусу 300 Ватт айланасында болот. Бул өтө жалпак тил менен айтканда.
Инвертордук башкаруу системасы башка түрдөгү жылыткычтарда дагы болушу мүмкүн. Жаңы технология болгонуна байланыштуу, дүкөндөрдөн табуу маселе жаратат (2020-жылга карата маалымат).
Конвекторлорду бир нече тармак кылып, борбордук жылытуу системасы сыяктуу жасап койсо ыңгайлуураак.
Инфра-кызыл жылыткычтар башкача иштейт: инфра-кызыл нурлануунун эсебинен абаны эмес, айланасындагы бюумдардын беттерин (биринчи кезекте — төшөлмөнү же дубалды) жылытат. Ал эми бөлмөдөгү аба буюмдардын жылуулугунан жылыйт. Мындай жылыткычтардын жылытуучу элементи катары кварц түтүкчөлөр же инфра-кызыл лампалар иштейт.
Инфра-кызыл жылыткычтар үнсүз иштеп, абаны эмес, айланадагы буюмдарды жылытууда керектелиши мүмкүн — мисалы, ачык абада (чатырчалар, верандалар, ачык кафелердеги столдорду, отургучтарды), албетте үйдү жылытууда буга эчким тыюуу сала албайт. Ванна бөлмөлөрүндө да буларды сейрек эмес колдонушат. Анча чоң эмес температураны сактап, бөлмөнүн бардыгын эмес, кайсы бир бөлүгүн жылытууда инфра-кызыл жылыткычтар идеалдуу вариант. Ал эми бир нече бөлмөдөн турган имараттарга булар жакшы натыйжа бербейт: инфра-кызыл нурлар көптөгөн тосколдуктардан кайрылып өтө албайт.
ИК нурлар буюмдарды жылытканына байланыштуу, бөлмөдөгү мындай буюдардын катарына — адам дагы таандык болуп калат. Ошондуктан ИК жылыткычтын жылуулугу адамга дароо сезилет. Бирок бул жерден бир нече учурларды эстен чыгарбоо керек:
«Инфра-кызыл конвективдүү» жана «инфра-кызыл плёнкалуу» жылыткычтарды белгилеп өтүү да ашык болбойт. Инфра кызыл конвективдүү жылыткычтарда конвекция, ошондой эле ИК жылытуу элементтери бар. Иштеп чыгуучулардын ою боюнча мындай «айкалыштырылган» жылытуу ыкмасы бөлмөдө ыңгайлуу микроклиматты ашыкча электроэнергиянын сарпталуусуз мүмкүндүк түзөт дешет. А бирок, тажрыйба көрсөткөндөй, канчалык жылытуу элементтери көп болсо, ошончолук электр энергияны көп талап кылынат.
Плёнкалуу ИК жылыткычтар аты айтып тургандай эле жука пленка сыяктуу формада болушат, булар деле баарыбызга белгилүү болсо керек. Жылыткычтар көбүнчө бутка салма төшөлмө же дубалга илме сүрөт түрүндө жасалат. Жылуу төшөлмө катары көп колдонулууда, бирок эффективдүүлүгү күмөндүү. Анткени, плёнкалуу ИК жылыткычтардын кубаттуулугу 400-500 Вт ашпайт.
Жылуулук көшөгөлөр — жылыткычтын да ролун аткарган приборлордун өзүнчө түрү. Көбүнчө эшиктердин (же терезелердин) үстүнө коюлуп, муздак абаны киргизбей, жылуу аба үйлөп турат. Жылуулук көшөгөлөр эшиктер тез-тез ачылып-жабылып турган бөлмөлөрдө пайдаланылат (мисалы, кеңселерде, мекемелерде, дүкөндөрдө).
Анча чоң эмес бөлмөлөрдү жылытууга мүмкүнчүлүгү жетет, бирок татаал маселелерди чече албайт. Жылуулук көшөгөлөрдүн кубаттуулугун эшик же терезенин өлчөмүнө жараша тандоо керек.
ПИК — пайдалуу иш коэффициенти (орусча КПД), ар бир жылыткыч үчүн өндүрүүчү бөлмөнүн комфорттуу жана максималдуу багытталган аянтын көрсөтөт. Мындай көрсөтмөлөргө таянып кандай кубаттуулуктагы жылыткыч керек болоорун түшүнүү оңой. Көп учурда көз карандылыктар бир багыттуу болуп калат: эгер жылыткычтын кубаттуулугу эки эсе чоң болсо, убакыт бирдигине болгон жылуулукту орточо эки эсе берет.
Бирок дайыма ушундай боло бербейт, буга башында айткан инвертордук башкаруу системасы бар жылыткычтар кирет. Алар энергияны аз сарптайт, жылытуусу кем калбайт.
Жөнөкөй жылыткычтар механикалык башкаруу системасына ээ, алар температураны башкаруучу түрдүү бурагычтар, баскычтардан турат. Мындай жылыткычтар толук же жарым-жартылай кубатта иштеп, кайсы бир температурага жеткенде өзү өчүп калат.
Температураны башкаруу градустар аркылуу эмес, көбүн эсе «минимум» жана «максимум» деген көрсөткүчтөр аркылуу эле болот (бардыгы эмес). Мындай башкаруу системасында оптималдуу температураны тандоо жетишээрлик көп убакытты талап кылат.
Заманбап моделдер электрондук башкаруу системалары, көп баскычтуу температуралык режим менен жабдылып, автоматтык түрдө иштеп, механикалык же сенсордук баскычтарга жана санарип дисплейге ээ. Мүмкүнчүүктөрү көбүрөөк: ыраттама аркылуу иштеп, коюлган температураны (градус менен) бөлмөдө кармап турат. Кээ бирлеринин аралыктан башкаруу пульттары бар.
«Эң заманбаптары» алыстыктан (көбүнчө интернет аркылуу) башкарылат. Wi-Fi, Bluetooth маалымат берүүчү жана алуучу түзүлүштөрү болуп, смартфондон атайын тиркеменин жардамы аркылуу башкарууга болот.
Татаалдыгына жараша түрдүү топтомдогу функцияларды камтыйт. Эң жөнөкөйлөрү (мисалы, май радиаторлор) белгилүү бир температурага чейин жылып, андан соң бир нече убакытка өчүп калат. Жакшыраактары бөлмөдөгү температураны көзөмөлдөп, айланадагы шарттарга жараша иштейт.
Электрондук башкаруу системасы менен жабдылган жылыткычтар көрсөтүлгөн убакта, көрсөтүлгөн мезгилге чейин, ырааттама аркылуу иштөө функциялары бар.
Көпчүлүк жылыткычтарда үндүн деңгээли документинде же жылыткычтын өзүндө көрсөтүлөт. Эгер жылыткыч уктоочу, иш жана балдар бөлмөсүндө коюлса, бул параметрге көңүл буруу керек — тынчтык зарыл болгон бөлмөгө. Үнү жок иштегендерге — ИК жылыткычтар кирет. Анын артынан май жылыткычтар, конвекторлор, андан соң — жылуулук вентиляторлор, пушкалар турат.
Түрдүү үндөрдү температуралык реле же жылыткычтагы динамиктер да чыгарышы мүмкүн. Үндөр өтө тажатма болушу мүмкүн, түнкүсүн уйкуну качырат, ошондуктан буга дагы көңүл буруу жакшы. Айтмакчы, дисплейи болсо, анын жарыктыгын дагы байкоо ашык болбойт.
Жылыткычтардын дээрлик көбү ысып кетүүдөн сактоочу коопсуздук системасына ээ. Алдын алуучу сактоочулар же абанын чыгуусунда жайгашкан ысып кетүү датчиктери өрт чыгуудан жана электр тармагына ашыкча чыңалуудан сактайт.
Көбүнчөсүндө жылыткычтын жыгылып кеткенде өчүп калуучу системалары бар. Коопсуздук техникасын сактоо шартында (жылыткыч туура орнонулса, кездемелер менен үстү жабылбаса ж. б.) мындай системалар өрттүн себеби болбошуна кепилдик берилет.
Бирок, жылыткычтарга күйүп калуу ыктымалдыгы дайыма жогору. Эгер үйдө балдар, улгайган адамдар болсо, максималдуу коопсуз, илип кетүүгө же жыгылтып алууга оңой эмес болгон жылыткычты алууну ойлонуу абзель (мисалы, дубалга илинүүчү же шыпка тагылуучу).
Эгер жылыткычты ванна бөлмөсүнө орнотуу зарылдыгы болсо, корпусу нымдуулуктан корголгон моделдер жакшы. Бул жылыткычка суу кирип кетүү, электр тогу кошулуп калуу кырдаалдарынан кам санабаганга мүмкүндүк берет. Ванна бөлмөсүндө жылыткычты колдонуу комфорттуу температураны гана камсыз кылбастан, дубалдарды көк басуусун алдын алат.
Орнотуунун ар кандай ыкмалары бар. Көпчүлүгү жөн гана төшөлмөгө коюлат (май жылыткычтар) жана атайын дөңгөлөктөрү каралган. Башкалары каалаган түз беттерге орнотууга ылайыкташкан, мисалы, стол үстүнө (өзгөчө жылуулук вентиляторлору). Буларды орнотуу оорчулукту жаратпайт. Болгону дөңгөлөктөрүн орнотуу керек.
Жылыткычтар орнотуунун бир нече варианттарын камтыйт: дубалга, төшөлмөгө, шыпка же керме шыпка. Бир эле модель бир нече варианттарын камтышы мүмкүн (мисалы, дубалга же шыпка). Орнотууга электро дрель, перфоратор, бурамалар, ат тиш жана башка аспаптар зарыл болушу ыктымал.
Тиричилик электр жылыткычтар төрт негизги түрдө болот:
Колдонуучу үчүн негизги касиеттери:
Акыркы тандоону жасоо үчүн жылыткычтарды баалоо таблицасы жардам берет.
Жылыткыч түрү | Бөлмөнү жылытуу ылдамдыгы | Үн чыгаруусу | Мобилдүүлүк | Бөлмөдөгү абага таасири | Орточо саатына электр энергиясын сарптоо |
Май радиатор | төмөн | төмөн | орто | жок | 1-3 кВт |
Жылуулук вентилятор | жогору | жогору | жогору | күйүк чаңдын жыты, абану кургатуу | 0,8-2 кВт |
Жылуулук пушка | өтө жогору | өтө жогору | жогору | күйүк чаңдын жыты, абаны кургатуу | 3-10 кВт |
Керамикалык жылуулук вентилятор | орто | жогору | жогору | дээрлик жытсыз | 0,5-2 кВт |
Конвектор | төмөн | үнсүз | орто | жок | 1-3 кВт |
Инфра кызыл жылыткыч | төмөн | үнсүз | төмөн | жок | 1-3 кВт |