Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Эгиздер жана букачар

Баш барак | Гороскоп | Эгиздер жана букачар

Букачарлар өзүлөрүн иреттүүлүк жана туруктуулук атмосферасында жайлуу сезишет. Эгиздер болсо, тескерисинче, хоасто жашаганга көнгөн. Букачарга эгиздердин мындай жашоосу түшүнүксүз, анткени кайсы гана иш болбосун, жыйынтыктуу көрсөткүч болуш керек. Эгер андай жок болсо, Букачарлар үчүн бул - убакыттын бекер кеткенине барабар болот. Эгиздер болсо кандай гана иш болбосун, эсинде жаркын элес калса эле, аны жемиштүү иш деп ойлойт. Бул келишпестиктердин аркасына, Эгиздер Букачарлар тарабынан эркиндигине жана жашоонун толук жыргалчылыгына батуу үчүн чек коюп жаткандай сезет. Акырындык менен нааразычылыктар жана кыжырлануулар чогулуп, эмоционалдык толкун сыяктуу ташкындайт. Үй-бүлөөнү сактап калыш үчүн Букачарларга жол берүүгө арга калбайт. Жана мындай окуя дайыма улана берет. Букачарлар үчүн бул кырдаалда эң аянычтуусу, чалынган курмандыктын баарын эгиздер тарабынан байкабастыгы, анткени эгиздер, бул боло турган иш деген ойдо болот.



Экөөнүн ортосундагы мамилелер башынан эле түйшүктүү болот. Эгиздер өнөктөшүнүн каршылыгына карабастан, өз амбициясын ишке ашырууга аракеттенет. Букачарларга болсо өзулүрү көнгөн жашоодогу көз караштарын алмаштырып, башка нукка түшүүгө аргасыз болот. Экөөнүн ортосунда ички каршылыктардын күрөшү пайда болот.



Букачарлар менен Эгиздер жашоодо ар башка максаттарга умтулушуп, айлана-чөйрөнү такыр башка көз караш аркылуу кабыл алуусу менен айырмаланышат. Бири-биринин кызыгуулары жана умтулуулары аларга чоочун. Эгиздерге баарлашуу, ар-турдуулук жана тан калычтык суудай зарыл. Букачарлар болсо салмактуулукка жана туруктуулукка умтулат.



Букачарлар өз максатында Эгиздердин пайдалуу байланыштарын, оорчулуктарды тез чечүү мүмкүндүгүн колдоно алат. Бирок, кийинчирээк Букачарды Эгиздердин туруксуздугу жана ыраатсыздыгы кыжырлантат. Өз кезегинде, Букачарлардын кежирлиги Эгиз белгисиндегилерге көп жага бербейт.



Эгиздердин көңүлүн өзүнө тартыш үчүн Букачарларга өз жашоосуна ар түрдүүлүктү киргизүүгө зарыл болот. Эгиздерге да оңой болбойт, анткени өз өнөктөшүнүн көңүлүн алуу үчүн, эс алууга мүмкүндүк жок болот.



Качан бул түгөйлөр бир уя түзгөндө да, ал уяда тынчтык барыбир жок болот. Букачарлар жөндөгүдөй болгон күч кубатын жумшашат, эгиздер болсо анын жетишкендиктерин колдонуп, боло турган иш деп эсептей берет.



Эгер Букачар-аял киши болсо, жана ал эгиздердин кылык-жоруктарына коз жуумп коюууга макул болсо, анда мындай нике ийгиликтүү болушу мүмкүн. Мындай кылык-жооруктардын тизмесине кызгануудан пайда болгон уруш-талаштар кирип, ал гана эмес башка бирөө менен алмаштыруулар да болушу мүмкүн. Букачар-аял Эгиздердин коммуникабелдүү экенин жана жаңы таасирлерсиз жашай албастыгын түшүнүүсү зарыл. Букачарлардын кулагына күмүш сырга: дал ушул сапат Эгиздерди ойлонбогон иш-аракеттерге түртөт.



Бирок негизинен - баардыгы Букачарлар менен Эгиздердин өз ара бирге болуу каалоосунан көз каранды. Эгер бул каалоолор чоң жана бирдей болсо, бул түгөйлөргө ийгилик камтылган болот десек жаңылышпайбыз. Компромисске баруу эби, жана эки тарапка алгылыктуу чечимдерди таба билүүлөр өз иштерин жакшы жакка жасашат. Жана ушундай жагдайда сүйүүдөн качып кутулуу мүмкүн эмес. Эң башкысы чыдамдык жана дагы бир жолу чыдамдык.

Жайгаштыруу: 2016-05-21, Көрүүлөр: 986, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2017-06-05
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо