Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Эгиздер жана бийкеч

Баш барак | Гороскоп | Эгиздер жана бийкеч

Ийгилиги аз айкалышуулар. Бул түгөйдө жан-дүйнөлүк байланыш жок. Тескерисинче бул биримдикте прагматизм жана формалдуулук көп.



Бийкечтер дайма эмне болуп жатканын түшүнүү үчүн кыбыр жана күмөн болуп, баарын логикалык жактан жайгаштыруусу зарыл. Эгиздерде болсо, жалпы сүрөт заматта пайда болуп, жеңил жана тез болушат.



Эгиздердин күчтүү жагы - жеңил кабыл алуусу, Бийкечтер болсо, тескерисинче, детальдарга маани берүү жагынан күчтүү. Эгиздер үчүн тышкы чөйрөнүн окуялары маанилүү. Бийкечтер болсо өз сезимдеринен пайда болгон өз иш-аракеттери менен алагды. Эрежеге ылайык, Бийкечтер өзүнө өзү сындуу жана жөнөкөй, ошондуктан өзүнүн өзгөчөсүн көп көрсөтпөйт, ушул мүнөзү менен алар эгиздердин көрө албастыгын же ачуусун келтирбейт, ал эми ылдамдык боюнча жарышта, алар, эгиздерге жетпейт.



Бул түгөйлөр өзүлөрүнүн тууралыгын акылы менен түшүнүп, нервтери менен сезишет. Сезимталдуу жашоо, бул үй-бүлөөдө аз, бирок, ал, өнөктөштөрдүн иш жаатындагы активдүүлүгү жана ар түрдүүлүгү менен ийгиликтүү компенсацияланат. Иш жаатында биргелешүү менен алар мыкты тандем боло алат. Үй-бүлөөлүк жашоого, карьера жасоо көз карашы менен карашса - баардыгы жакшы болот.



Эгиздер менен Бийкечтердин мамилелери - бул чыныгы "Брейн-ринг", логикалык ой жүгүртүү менен маалыматтуулуктун салгылашуусу. Эгиздер Бийкечтерди өзү менен бирге өйдө карай сүрөйт, багытты көрсөтөт, Бийкечтер болсо Эгиздерге байкабай жанынан учуп, өтүп кеткен фактыларды кайра ачууга жардам берет.



Аларды эмне байланыштырып тураарын түшүнүү оор. Бул экөөнүн ортосунда терең карым-катнаш мамилелердин сыйкыры жок. Кыскача айтканда, логика көп, сезимдер аз. Булардын ар бири түгөйүнөн эмнени көргүсү келсе, ошону көрүп, көп учурда жаңылбайт.



Убакыт өткөн сайын бул мамилелерди, өз ара майда кысымдардын даты баса баштайт. Сезимдер жаатында мындай түгөйлөшүү дайыма эле эки жакка пайдасын келтире бербейт, жана көп учурда мындай сезимдерди башка жактан издей беришет. Акыр аягы бул - мамилелердин ажыроосуна алып келиши мүмкүн.



Эгер никени сактап калуу зарыл болсо, анда мамилелерди маалыматка ширетилген жана интеллектуалдуу кылуу зарыл. Ошондой эле биргелешип тоскоолдуктардан өтүү жакшы жардам берет. Бул түгөйдүн карым-катнаштары сый-урмат жана олуттуулук, чыдамдуулук жана түшүнө билүүлүк менен курулушу зарыл, бул эрежелер сакталбаса түгөйлөр бири-бирин түшүнүүгө тоскоолдук жаратат. Булардын ортосунда тынчтык жана айкалыштык болушу мүмкүн, анткени, булардын мүнөздөрүнүн ар башка болуусуна карабастан, бул экөө бири-бирин жактырышат.



Демек, мындай нике астрологиялык эсеп аркылуу, контракт менен түзүлгөн, эч кимге айтылбаган, бири-бирин сөзү жок түшүнө билген нике. Буларга өз ара материалдык жана моралдык алмашуулар таандык. Эгиздер менен бийкечтердин мамилелери көпкө созулуп, гармониялуу, өз ара пайдалуу. Алар бири-бирин түшүнүп, чогу көңүл ачып, бири-бирине жардам беришет, а бул никеде эң маанилүү. Формалдуу мамилелердин салкындыгын алар сырткы чөйрөнүн окуялары менен компенсациялайт.

Жайгаштыруу: 2016-05-21, Көрүүлөр: 1232, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2017-06-05
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо