Эдисон Томас Алва (1847-1931)


Нью-Йоркто чыгуучу илимий журналдын редакторунун кабинетине бир узун бойлуу киши кирип калды да, жазуу столуна кичинекей аппаратты коюп мындай деди: - Сэр, жаңы ойлоп чыгарылган нерсе менен таанышууну каалайсызбы? Ойлоп чыгаруучу унчукпастан аппараттын туткасын айланта баштады эле аппарат «Биздин Мэринин кою бар» деген балдар ырын ырдап кирди. Редактор таң калгандыгынан артка кетенчиктеди. Эртеси эртең менен гезиттер «менло-парктык сыйкырчы» Эдисондун жаңы, укмуштуу ойлоп чыгаруусу жөнүндө кабарлашты. Бул аппарат бардык граммофон, патефондордун бабасы, магнитофон жана үндүү кинонун чоң атасы болгон. Үн жазуу иши турмушка ушундайча кирген. Бул 1877-жыл эле. Томас Алва Эдисон бала кезинен китеп окууну абдан жакшы көргөн. Өзгөчө ал химия жана физика боюнча китептерди көп окуган.

Ал китептерди жөн эле окуу менен чектелбестен, мүмкүн болушунча билгендерин тажрыйба жүзүндө текшерүүгө аракет кылган. Ал эми тажрыйба жүргүзүү үчүн акча керек болгон, ошондуктан жаш Эдисон поезддерге гезит сатуучу болуп иштеген. Өзү иштеген поезддин жүк вагонуна Эдисон лаборатория уюштуруп, тажрыйба жүргүзгөн. Бир жолу лабораториядан өрт чыгып вагон күйүп кетет. Ошентип жаш ойлоп чыгаруучу бул ишин таштоого аргасыз болот. Эдисон телеграф ишин үйрөнүп, телеграфист болуп да иштеген. Мурдагыдай эле ал бардык бош убактысын жана иштеп тапкан акчасынын дээрлик бардыгын китеп, прибор жана химиялык заттарды сатып алууга жумшаган. Ошентип, арадан көп өтпөй Эдисон жаңы нерселерди ойлоп чыгара баштаган. АКШнын Конгрессинде добушту автоматтык эсептегичти ойлоп тапкан.

Бул акылдуу машина эч кимди кызыктырган эмес. Экинчи ойлоп чыгарганы ийгиликтүүрөөк болгон. Бул биржадагы акциялардын наркын белгилүү аралыктарга берүүчү телеграф аппараты болчу. Эдисон бул ойлоп чыгарганы үчүн көп акча алган. Ал тез эле Мекло-Парктан жер сатып алып, ал жерге лаборатория курат да ойлоп чыгаруучулукка баш оту менен кирип, берилип иштейт. Эдисон орус ойлоп чыгаруучусу А. Н. Лодыгиндин электр лампасын өркүндөтүп, ага патрон жасаган, өчүргүчүн, электр энергиясын эсептегичти, өткөргүчтүн бүт системасын ойлоп тапкан.

Эдисон ошондой эле электр станциялары үчүн ошол кезде эң кубаттуу деп эсептелген генераторлорду да жараткан. Ал телеграфты өркүндөткөн. Бир жуп өткөргүч аркылуу бир эле мезгилде эки, ал түгүл төрт телеграмма берүү ыкмасын ойлоп тапкан. Телефонду да өркүндөтүп, сүйлөшкөн учурда үн катуу чыгып, таза жана так угула тургандай кылган. Дүйнөдө биринчи болуп электр темир жолун курган, аккумуляторду жасаган, темир рудаларын ылгоонун жолдорун иштеп чыккан. Эдисон өзүнүн 84 жылдык өмүрүндө суткасына 18 сааттан иштеген!

Анын эмгектери бардык адамзаттын баалуу энчиси болуп калды.

2016-05-22 190 Бул ким, ал эмне Жыргалбекова С. 2016-05-22