Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Джек Лондон кыргызча

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Джек Лондон кыргызча

"Джек Лондон кыргызча" (жылдар 1876-1916), 1897-жылы Американын түндүгүндөгү Клондайк деген жерден алтын табылат. Аппак жымжырттык өлкөсү - Алясканын суугу сөөктөн өткөн ээн мейкиндиктери миңдеген жарды жана тубаса кыялкеч адамдарга байлыгы ташыган берешен жер болуп көрүндү. Чыгармачылык жолун жаңы баштаган америкалык Жек Лондон ошондой адамдардан эле. Бирок алтын изилдөөчүлөрдүн катарына кошулуудан мурун Лондон көптөгөн иштерди иштеп көрдү: гезит таратты, консерва фабрикасында жумушчу, кемеде матрос, кир жуугуч жайда дасмалдоочу, от жаккыч болуп иштеди. Жокчулуктун айынан окуусун бүтө албады. Турмуш өзү ага университет болду. Өзүнүн көргөн-билгенин дүйнөгө баяндап берүү кумары көкүрөгүн тынчытпай жүрдү. Аляскадан Лондон байып кеткен жок. Бирок америкалыктарды Түндүк менен тааныштырган аңгемелери үчүн эң баалуу материал топтоду. Муз каптаган кыштактын жыгач үйлөрү, кырк градустук ызгаар, уюлдун узак түндөрү, акыр-аягында күчтүүлөр жеңип чыгуучу түгөнгүс талаштар, кадам сайын коркунуч акмалап турган турмуш - Түндүк аңгемелеринин каармандары: алтын издеп келген ак түстүү адамдар менен жергиликтүү индейлер мына ушундай шартта жашап күрөшкөн.

"Джек Лондон кыргызча" которуп жатып, түндүк аңгемелеринин башкы темасы алтын үчүн эмес, адам үчүн күрөш. Бул - баатырдык тема. Лондондун эң атактуу аңгемелеринин бири - Жашоо кумары адам менен табияттын ортосундагы күрөш жөнүндө. Мында жазуучу өз каарманынын бүтүн Алясканы кесип өтүп, саябандуу бийик дарактар өскөн жана тамак-ашы жетиштүү Гудзон булунуна чейин баскан жолун кеңири сүрөттөгөн. Бирок ал жерге жетиш үчүн кыйырсыз асман алдында бозгулт мамык чөп каптап, анда-мында томпойгон чоң-чоң таш-тан башка эч нерсе, ал тургай дарак да, бадал да кездешпеген, учу-кыйрына көз жеткис ээн жерлерди басып өтүү керек эле. Буту ооруп, кийими жыртылат, астарына ширеңке катылган тумагы менен мылтыгын жоготуп алат. Жолоочунун көрөр күнү да бүтүп бараткандай. Бирок адам ажалга моюн сунбай, акыры элге жетет. Табият менен бетме-бет кармашта адам жеңип чыгат.

Жашоо кумары - жалаң гана кайрат жана чыдамкайлык жөнүндө эмес, кара ниет саткындык тууралуу да ангеме. Анткени, адамдын азаптуу сапары шериги ара жолго таштап кеткенден башталат. Лондондун Ак Азуу повести да Түндүк аңгемелери менен байланыштуу. Анда да баягы эле түндүк жери, түгөнбөс жол, үйүр-үйүр карышкыр, деңиз боюндагы кыштактын турмушу сүрөттөлөт. Бирок бул повесттин баш каарманы - Ак Азуу аттуу ит. Жек Лондон Ак Азуунун таржымалын, психологиясын ушунчалык терең көрсөткөндүктөн, анын бардык кылык-жоругу, жүрүм-туруму жана адамдын мүлдө жан-жаныбарларды багындырган башкы касиети мээрим экендиги түшүнүктүү болот. Ак Азуу жакшылыкка жакшылык менен жооп берүүнү үйрөнүп, керек болуп калганда өз өмүрүн да аяган жок. Лондондун чыгармаларында табият мыйзамы катаал, бирок адилет, адам ошол мыйзамдан четтеп, байып, алкы бузулганда, теңсиздик орнотууга умтулганда кырсыкка учурайт.

Түндүк аңгемелеринде да, Ак Азуу повестинде да, Жез таман, Мартин Иден романдарында да ушул тууралуу айтылат. "Джек Лондон кыргызча" жазган макалабыз жакты деген ойдобуз, пикирлер болсо тартынбай жазгыла.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 2324, Өзгөртүлгөн: 2018-03-27, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо