Думбулоо бул - бодону, тотон, жылкыны союп, этин устукандары менен кошо терисине жылчыксыз ороп, отту үстүнө улуу жагуу. Эттин майы, суусу аркылуу териси күйбөй, ич-ара боркулдап кайнап бышуу. Таш кордодо, жер казанда бышкан тамактай мунун да даамы, күчү, ширеси мыкты болот. Тоо-ташты байырлап жашаган кыргыздар душмандардан коргонууда, жоого аттанууда казандарын байлана жүрүшкөн эмес. Сууга кайнатылганга караганда корго бышкан тамак тузду аз талап кылат. Тузсуз эле керчөө, шыйрак куйкалап жешкен. Май чучук, бөйрөк, керчилдек, көк боор өндүүлөрдү корго кактап бышырышкан.
Казандагы этке караганда чийкирээк болсо да ширелүү, даамдуу болгон, сиңимдүү келген. Бул ташка кактап бышыруунун, жерге суу куюп кайнатуунун, думбулоонун (териге ороп бышыруу) бизге жеткен эң жөнөкөй түрүнөн болуп саналат. Кыргыздар Талас жеринин тамагы таттуу - дейт. Мисалы, ууга чыгуу учуру келип, кийик атканда өтүн чийкилей дароо иче коюу салты бар. Ал адамга кайрат берет. Боорун отко кактап, шүйшүнүн төрт салаадан чыгара кесип жешкен. Ал көздүн курчу үчүн керек. Жиликтерин отко кармай коюп, жарым-жарты бышуулай эле чагып, даамын таткан.