Кыргызстандын киришинин негизги максаты тышкы сооданы либералдаштыруу, анын коломун кобойтуу, республиканын экономикалык онугуусун турукташтыруу болгон. Тышкы соода саясатын либералдаштырууга жетишуунун эн чон мааниси болуп экономиканын ачык-айкын осушу саналат. Бул корсоткуч бир жагынан биргелешкен ишкердиктин ар кандай формаларын активдуу пайдаланууну, тышкы соодадагы мамлекеттик монополияны жоюуну (копчулук позициялар боюнча), эмгекти эл аралык болуштуруудо олконун салыштырмалуу артыкчылыктарынын принцибин натыйжалуу пайдаланууну болжолдойт. Кыргызстан озунун товарлары учун кыйла ынгайлуулук режимдерине ээ болду, мында биздин товарлар кандайдыр бир басмырлоочу тоскоолдуктарсыз ДСУга мучо болгон 142 олкого киргизилет. Бул коп сандаган эки тараптуу келишимдерге кол коюу зарылдыгынан бошотот, республикага комуско жана сыйымдуу эл аралык рынокторду сунуштайт, анткени ДСУга мучолук анын башка катышуучуларынын таламдарына зыян келтируучу чектоо чараларсыз мучо олколорунун бардыгына ушул уюмдун тартибин жана эрежелерин сактоону кепилдикке алат. Мындан тышкары экономикасы чакан, онугуп бараткан олко катары республика айрым товарлар боюнча тарифтерди женилдетууго онуккон олколордон бир катар артыкчылыктарды ала алышат.