Дойбу эзелтеден эле Байыркы Египетте пайда болгон. Анын элүү кылымга тете тарыхы бар. Оюн ар түрдүү өлкөлөргө тарап, анын эрежелери да өзгөрүп турган. Азыркы кезде анын орус, англис-америка, италиян, канадалык жана башка көптөгөн ар түрдүү системалары бар. Жоокер үчүн жоо колуна туткунга түшүүдөн уят иш жок. Ошондуктан дойбуда да туткунга түшүрүүгө, атаандашынын аскерлеринин жолун тосууга аракет жасалат. Эки атаандаш 64 чакмактуу тактада ойнойт. Чакмактар (ал талаа деп аталат) кезектештирилип, ак жана кара түскө боёлгон. Такта оюнчулардын ортосуна бурчтагы кара чакмак сол жакта калгандай кылып коюлат.
Ар бир армияда 12ден: биринчи атаандашында ак, экинчисинде кара дойбу таштары болот. Ал таштар туурасынан кеткен алгачкы үч катардын бардык кара чакмактарына тизилет. Оюнду ак ташты ээлеген атаандашы баштайт. Ташты жанаша турган бош кара чакмакка жылдыруу жүрүш деп аталат. Бул жай жүрүш.
Сокку уруучу жүрүштөр да болот. Эгер атаандашынын ташы жанаша (диагоналынан) чакмакта турса, ал эми андан кийинки чакмак бош болсо, анда ал ташты чабуу керек, башкача айтканда ошол ташты аттата жүрүп, аны тактанын бетинен алып таштайт. Жүрүш жолунда канча таш турса, анын бардыгын алууга болот жана алыш керек. Дойбу таштарды (эгер алар бир нече болсо) алуу багытын оюнчу өзү белгилейт. Желген ташты жүрүп болгондон кийин гана тактадан алуу керек.
Бир эле ташты эки жолу аттатууга болбойт. Дойбу таштары жөнөкөй жана дамка болот. Жөнөкөй таш атаандашы жагындагы акыркы туура катарга жетсе, ал дамкага айланат. Дамка диоганалынан бош чакмакка каалаган жагын карай жүрө алат. Бул орус дойбу оюнунун негизги эрежеси болуп эсептелет. 1725-жылкы оюнчулардын ар бири 20 дойбу ташы менен ойной турган 100 чакмактуу тактадагы эл аралык дойбу оюнунун эрежелери иштелип чыккан. Азыркы кезде эл аралык турнир, дүйнөлүк чемпионаттар ушул эрежелердин негизинде өткөрүлөт. Эл аралык дойбу орус дойбусунан дойбу ташты алуу эрежеси менен айырмаланат.