Москва князы Дмитрий Иванович согушка машыккан адам болгон. Ал биринчи жолу салгылашка бала кезинде эле катышат. Боярлар ага соот кийгизип, атка мингизип, курал берип, Москванын атаандашы Суздаль князына каршы согушка ала кетишкен. Княздардын ортосундагы чыр-чатак орус элин, жерин бириктирүүгө жолтоо болгон. Ал эми анын эң катаал жоосу Алтын Ордо эле. Монгол-татар баскынчылары бир жарым кылымдай мезгилден бери орус жерине бийлик жүргүзүп келатышкан. Алар элди талап-тоноп, туткунга айдап кетишкен жана өлтүрүшкөн, эбегейсиз өлчөмдөгү салыктарды жыйнап, орус княздарын бири-бирине тукуруп кайраштырып турушкан.
Дмитрий Иванович баскынчылар менен чечүүчү салгылашка узак мезгил даярданып, кол жыйнаган. Эл жоого каршы күрөш туусун көтөргөн князды колдогон. Орус жеринин дал ортосуна жайгашкан Москва акырындык менен айрым княздыктардын күчтөрүн топтоого жана бирик-тирүүгө жетишкен. Дмитрий Иванович жыгачтан салынган эски кремлдин ордуна таштан жаңысын курдурган, анын дубалдары менен мунаралары аябай калың болгон. Бул жерде 1380-жылы 10-августта согуш сигналы жаңырып, Кремлдин дарбазасынан туу көтөргөн аскерлер чыга баштаган. Татарларга каршы улуу жортуулга аттанган орус кошууну шаар аркылуу күн бою чубап өтүп жатты.
Жолдон князь татар ханы Мамай өз аскерлери менен Дондун жанына жайгашып, Литва князы Ягайлонун аскерлеринен жардам күтүп жатканын билет. Сүйүктүү боордоштор жана достор! - деген князь Дмитрий аскер кенешмесинде, - мен мында орус жерин туткундан, талап-тоноодон куткаруу үчүн келгенимди билгиле. Жакын арада биз Дондун ары жагына өтөбүз, ал жерде биз женебиз же курман болобуз. Ошентип орус аскерлери Дондон өтөт. Салгылаш үчүн Куликов талаасы тандалат, анткени моңгол-татарлардын атчан аскерлери орустун жөө аскерлери айланып өтүшүнө бул жердеги терең сайлар менен Непрядве өзөнү тоскоол болмок. Жанаша токойго буктурма полк жашырынат. Салгылаш 8-сентябрда эртең менен башталган.
Алдыңкы катарда князь Дмитрий өзү жүргөн. Эки жолу минген аты жоо колунан өлгөн. Найзалар куурайдай бычырап сынды, жаанын жебелери жамгырдай жаады, кылычтар чагылгандай жаркылдап, адамдар чалгы менен чапкан чөптөй кулап жатышты - деп жазган бул салгылаш жөнүндө жыл баяндоочу. Орус отряддары алсырай баштайт. Ошондо жоонун атчан аскерлерине буктурмада турган полк күтүүсүздөн кол салып, татарлар туруштук бере албай качып жөнөйт. Уруш талаасынан хан Мамай да качып кетет. Мамай менен болгон салгылашуу орустардын жеңиши менен аяктаган.
Куликов салгылашы моңгол-татар эзүүсүнөн биротоло кутулуу үчүн орус эли бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып биригиши керектигин көрсөттү. Ал эми князь Дмитрий Иванович Дондогу улуу жеңиш үчүн ошондон баштап Дмитрий Донской деп аталып калды.