Ден-соолук - жашоо тиричиликте баа жеткис чоң байлык. Ден-соолуктан ажыраган адамзат коому өнүкпөйт, артта калат. Ден-соолукту сактоо, аны акылдуулук жана сарамжалдуулук менен пайдаланууну үйрөнүү жана балдарды үйрөтүү ар бир ата-эненин милдети болуп саналат. Тажрыйба көрсөткөндөй, оорулуулар үчүн ооруканаларды курганга караганда, алдын алуу иштерин жүргүзүү, турмуштун санитардык-гигиеналык шарттарын жакшыртуу жана калкты иче турган таза суу менен камсыз кылуу алда канча жемиштүү. Адам менен табият, экономикалык өнүгүш жана айлана - чөйрөнүн абалы бири-биринен ажырагыс. Айлана-чөйрө бул биздин жашоо шарттарыбыз жана жашаган жерибиз, ал эми өнүгүү болсо, биздин андагы турмушубузду жакшыртуу үчүн жасаган аракетибиз. Эгерде айлана-чөйрөнү акыл эстүүлүк менен пайдаланса, биоресурстарга кийирсе, жаратылыш экологиялык жактан таза азык-түлүк, дары-дармек чыгаруучу булакка жана туризмдин жайына айланат.
Ошол эле учурда табияттын бузулушка учурашы, ресурстарынын жакырданышы көп кырдуу кесепеттерге алып келет. Жаратылыштын сулуулугуна суктануу ырахатынан кол жуудурат, биз дем алып жаткан аба, ичип жаткан суу булганат. Токойлордун ным топтоо жана кыртыш сактоо касиетинин начарлашы сел, жер көчкү жүргүзүп, ташкындарды пайда кылаары жалпыга маалым. Мындай кырсыктардын кесепетинен адамдар ооруларга чалдыгат, курман болот. Айлана-чөйрөнү коргоо ишине көңүл кош мамиле жасоо адамдарды ден соолугунан ажыратат.
Эгерде адамдар өздөрүнүн ден-соолугун чың сактаса, алар 150 гө чейин жашашы мүмкүн. Ден-соолуктун эң негизги үч лушманы бар. Биринчи чутттманы - бул тамеки, экинчиси - алкоголь жана үчүнчүсү - аз кыймылдуулук. Ден соолукту бузуучу факторлорго микроорганизмдер, организмдин үшүшү жана ысышы, туура эмес тамактануусу тиешелүү. Дагы бир ден-соолукка өтө зыян келтирүүчү нерсе - ар кандай куралдын (айрыкча ультра кызгылт-көк жана рентген нурларынын) дааруусу кирет. Көп өлчөмдө бул нурлар клеткаларды өлтүрөт же алардын тукум куучулук аппаратын бузуп, аларга зыян келтирет. Ошонун натыйжасында нур дааруу шишиктердин, ошондой эле рактын пайда болушуна алыпкелипжана кош бойлуулуктун нормалдуу өтүшүн бузушу мүмкүн. Адам көп кыймылдашы керек, анткени кыймыл аракеттер ден-соолукту сактайт жана чыңдайт, ишке жөндөмдүүлүктү жогорулатат, организмдин коргонуучу, ыңгайлануучу реакцияларын күчөтөт. Дары-дармектер ден-соолукту калыбына келтирүүчү эң жакшы каражат. Кийинки жылдары медицинада ар түрдүү, анын ичинде айыкпас ооруларга да каршы көп сандаган дары-дармектер пайда болду.
Дары - дармекти врачтардын көрсөтмөсү боюнча гана колдонуу керек, анткени аны туура эмес пайдаланса - адамдын саламаттыгы бузулушу мүмкүн. Ден-соолук кыйла даражада адамдын психикалык абалына, эмоциялык кагылышуусуна, чөйрөдөгү ар кандай адамдардын ортосундагы мамилелерине ж. б. жараша болот. Ар бир маданияттуу адамдын алдында турган эң зор милдет, бул өз сезимин, эмоцияларын жана билимин колдонуп, өзүнүн организмине таасир этүүнү үйрөнүү жана аны башкара билүү болуп саналат.