Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Декабристтер

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Декабристтер

1825-жылы 14-декабрда Петербургдагы Сенат аянтында үч полктун солдаттары менен офицерлери катар тизилип турушту. Бул күнү борбор шаардын аскерлери жаңы император Николай 1-ге таазим антын берүүгө тийиш эле. Бирок Сенат аянтына чыккандар жаңы падышага ант берүүнүн ордуна андан конституция кабыл алууну талап кылышты. Алар дыйкандарды крепостнойлук көз карандылыктан бошотуп, ар бир адамга эркиндик укугун берүүнү каалашкан. Россияда ал кезде мындай мыйзам жок болчу. Дыйкандар помещиктерге толук көз каранды болгон. Падышалык тартипке каршы чыккандардын бардыгын дайыма куугунтукка алышкан, өлүм жазасына тартып, түрмөдө чиритишкен. Көтөрүлүш чыгаргандар ошондой эле Россиянын бардык жерлеринде шайлоо өткөрүүнү, калк шайлаган мыкты адамдарды өлкөнү башкарууга катыштырууну талап кылышкан. Көтөрүлүштүн айрым жетекчилери атүгүл падышаны да кулатып, республика орнотуу керек деп эсептешкен. Николай I коркуп кетип, генерал-губернатор Милорадовичти аларды таркап кетүүгө көндүрүүгө жиберген. Анын келиши көтөрүлүштү үзгүлтүккө учуратышы мүмкүн эле. Ошондуктан көтөрүлүшчүлөрдүн бири П. Г. Каховский генералды өлтүрө жарадар кылган.

Падыша атчандар гвардиясын көтөрүлүшчүлөргө чабуул коюп, Сенат аянтынан кууп чыгууга жиберген. Көтөрүлүшчүлөр чабуулдун мизин кайтарышкан. Ошондон кийин падыша аларды замбирек менен атууга буйрук берген. Замбиректин огунан көтөрүлүшчүлөрдүн мизи майтарылып, көчөлөрдө жана муз баскан Нева дарыясында окко учкандар гана калган. Көтөрүлүштү уюштургандар жана ага катышкандар бул көтөрүлүш болгон айдын аты боюнча декабристтер деп аталып калды. Декабрь айынын ушул эле күндөрүндө Украинада да көтөрүлүш болгон. Бул жерде офицер С. И. Муравёв-Апостол Чернигов полкунун алты ротасын баштап чыккан.

Бирок 1826-жылы 3-январда ал жарадар болуп колго түшкөн, ал эми отряд талкаланган. Петербургда көтөрүлүш чыгаргандар революциячыл жашырын Түндүк коомдун, ал эми түштүктө көтөрүлүш чыгаргандар Түштүк коомдун мүчөлөрү болушкан. Көтөрүлүш талкалангандан кийин полиция бул эки коомдун мүчөлөрүн камакка алган. Декабристтер кандай адам болушкан? Алардын көпчүлүгү эркиндикти жан-дили менен жактаган, падыша бийлигин жек көргөн офицерлер болгон. 1812-жылы алар Наполеонду талкалоого катышкан.

Алар Европадан үйлөрүнө кайтып келип, Россияда мурункудай эле адам чыдагыс адилетсиз тартип өкүм сүрүп жатканын көрүшкөн. Жашырын коомдорго офицерлерден тышкары Россиядагы билимдүү, чечкиндүү, эр жүрөк көптөгөн адамдар да мүчө болушкан. Алардын арасында жаштары жетпегендиктен 1812-жылкы согушка катышпай калган акындар К. Ф. Рылеев, А. И. Одоевский жана В. К. Кюхельбекер, жазуучу Александр Бестужев-Марлинский болгон. Падыша декабристтерди ырайымсыздык менен жазалаган. Акын Кондратий Рылеев, Павел Пестель, Сергей Муравьёв-Апостол, Пётр, Каховский жана жапжаш Михаил Бестужев-Рюмин дарга асылган. Көтөрүлүшчүлөрдүн көбү Сибирге каторгага айдалган.

Кээ бир офицерлерди аскердик наамдарынан ажыратып, катардагы солдат катары ошол мезгилде согуш жүрүп жаткан Кавказга жөнөтүшкөн. Пушкин өзүнүн декабрист досторуна көп ырларын арнаган. Алардын ичинде Кат деген атактуу ыры да бар: Сибирде кен казган кишилер, Намыскөй, чыдамкай болдуңар, Текке кетпейт азаптуу ишиңер, Бийикке умтулган оюңар. Декабрист акын А. И. Одоевский А. С. Пушкинге каторгадан мындайча жооп ыр жазган: Текке кетпейт биздин эмгек азаптуу, Учкундан жалын тутанат... Россиянын алдыңкы адамдары декабристтерди эстеринен чыгарышкан жок. Алар Россияда революциячыл кыймылдын өнүгүшүндө маанилүү роль ойногон. Учкундан жалын тутанат деген бир сап ыр лениндик Искра газетасынын девизы болуп калган.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 1774, Өзгөртүлгөн: 2016-05-22, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо