Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Чуст

Баш барак | Кыргызстандын тарыхы | Чуст

"Чуст" - Кыргыздын Түштүгүнүн эли мээрман, мээнеткеч, ал эми жери кооз экенин байыртадан эле Батыш-Чыгыш саякатчылары, изилдөөчүлөрү, тарыхчылары зар какшап келишкен жана жазмаларында калтырышкан. Байыркы доордо эле берекелүү жерди ар түрдүү уруулар байырлап, тиричилик өткөргөнүн азыркы күндүн окумуштуулары тастыктап турат.

Чынында азыркы күндө ошол элдердин аттарын бирден санап так айтуу кыйын, даректери аз. А бирок, жамы элден Чуст маданияты деген мурас калган. Бул жердин атынан улам алынган. Береги эки сөз элдик маданият узак жашарын, кудуреттүүлүгүн жана жоголбостугун айтып турат.



Чуст маданияты Ош шаарынын тегерегиндеги жана Чыгыш Фергана аймагында, далай кылымдарда (б.з.ч. 2 миң жылдыктын акырынан б.з. VI-VII к.) бир нече уруулардын жашоо-тиричилигинен улам пайда болгон. Чуст маданиятынын эстеликтери Өзгөн, Кара-Суу, Куршаб, Ноокат аймагынан да табылды. Негизги тургун жайлары Намангандагы Чуст кыштагы, Ош шаарына жакын Айым кыштагынын тегерегиндеги кыш менен дубал тосулган жердеги жай, Дарверзин, Чымбай жана башка жерлер. Оштогу Сулайман Тоосунун атагы б.з.ч. эле Орто Азия, Фергана, Чүй, Согду, Чыгыш Түркстанга жайылган.



Манихейчиликке берилгендер Сулайман тоосуна жөө жалаңдап жол басып сыйынып келүүгө өз вазийпасы катары көрүшкөн. Сулайман Тоосу Орто Азиядагы диний, маданий идеологиялык борборлордун бири болуп калган. Сыйынганы келгендер тоо этегине чоподон, кыштан, пахсалап, жер төлө, жыгачтан алачык жасашып, коруулар баштаган, бара-бара тоо курчамы бүткөн соң тектир-тектир турак жайлар түзөңгө түшүп, катары көбөйгөн.



Азыр байкасак, бир-бирине өтмө салынган жер төлөлөр, жайлар жалпы жамааттын үйү үчүн кызмат кылган көрүнөт. Ош шаарынын негиздөөчүлөрү "Чуст" коому, коло доорунда эле сууларды бойлой чоподон там салган, урууларга бөлүнгөн, манихейчилик көз караштагы дыйкандар жамааты эле. Байыркы кыргыздар сыяктуу табияттын күчүнө от, күнгө сыйынган чусттуктар кийинчирээк ислам динине ооп кетишкен. Чусттуктар колону эриткенди мыкты билишкен, куралдарды жасашкан, ташты мыкты чегишкен. Алар эгинин, жер жемишин, кооз кумараларды, жаргылчагын, сок-билегин, сокосун, кол орогун, бычагын, барсканын, кетмендерин, жоо-жарактарын, ат жабдыктарын тоодон түшкөн көчмөндөргө сатып турушкан. Көчмөндөр аларга мал, тери буюмдарын, жүндөн жасалган кийимдерин алмаштырышкан.



Чусттуктар негизинен дыйканчылык менен жан багышкан, мөмө жемиштерин өстүрүшкөн жана кой-эчки күтүшкөн. Чусттуктар кол өнөрчүлүгүн мыкты өнүктүргөн, айрыкча Орто Азиядагы карапаны, кооз буюмдарды, күзгү, шуру-мончок, сөйкөлөрдү мыкты жасашкан. Коло доорунун эң жетишкен ийгилиги аскага тартылган "Саймалуу-Таш" сүрөттөр Андрон маданияты, "Чуст" маданияты учурунда жаралгандыктан, ошол доордогу Фергана өрөөнүндөгү калктын жашоо-тиричилигинен, диний ишениминен, үрп-адатынан, маданиятынан көп маалыматты берет. Маданияттын калыптанышы.



Байыртадан берки кыргыз элинин жашоосу жана маданияты эзелтеден эки жерде орун-очок алган: бир канаты Орто Азия, Теңир-Тоодо, экинчи канаты Түштүк Сибирде, Энесай, Алтай жана Орхондо (Монголияда) өнүгүп өстү. Муну кыргыз аңызы, санжырасы, элдик оозеки чыгармалары далил менен айтып келген. Бир кезде, совет доорунда кыргыз элинин байыркы тарыхы менен маданиятын окуп-үйрөнүүгө, жазууга тыюу салынганын эми эскерсек сабак болот. Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болгондон кийин мурдагы илимий көз караштар тайкы, жаңылыштык экени билинди.



Бүгүн жаңы илимий ачылыштар, акыйкат изилдөөлөр жүрүп, тарыхый чындык айгинеленүүдө. Айрыкча, кийинки жаш окумуштуулар кыргыздардын Түштүк Сибирде, Орхон, Энесай боюнда, Алтайда жашагандыгын илимий негизде так көрсөтүп, далилдеп беришти. Бул кыргыз тарыхын таануу илиминдеги чоң жаңылык болду.

Жайгаштыруу: 2017-08-10, Көрүүлөр: 5720, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2017-08-11
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу