Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Чет олкодо жашаган кыргыздардын тарыхынан

Баш барак | Кыргызстандын тарыхы | Чет олкодо жашаган кыргыздардын тарыхынан

Кыргыздар Борбордук Азияда жашаган байыркы эл. Тарыхта аты биздин заманга чейин 2-кылымда жазылган кыргыздар 2 мин жылдан ашуун мезгилден бери Азиянын кенири аймагында кочуп журушкон. Акыркы мин жылдыкта тарыхый мекени болгон Кыргызстандын азыркы аймагында биротоло орун-очок алып жашап калышты. Кыргыз элинин негизги болугу Алатоо аймагында жашаганы менен, алыскы жана жакынкы чет олколордо да боордошторубуз жашап келуудо. 1992-жылы август айында Бишкекте откон Кыргыздардын Буткул Дуйнолук курултайына Кытайда, Озбекстанда, Россияда, Туркияда, Ооганстанда, Тажикстанда, Европа олколорундо, ал тугул алыскы Австралияда жашаган кыргыз туугандарыбыздан окулдор келишип, Кыргызстандын коз карандысыздыкка жетишкенин зор кубаныч менен тосуп алышкандыгын озгочо сезим менен белгилешти. Кыргыз Республикасынын эгемендуулукко ээ болгонго чейин чет олкодо жашаган кыргыздар менен байланыш чектелген. Алардын тарыхы, маданияты, коомдук турмушу жонундо устуртон гана тушунугубуз болгон. Учурда алар менен тыгыз байланыш тузууго, чет элдеги боордошторубуздун тарыхын изилдеп уйронууго, оз ара карым-катнаштарды чындоого бардык мумкунчулуктор тузулду. Кытайлык кыргыздар Чыгыш Туркстанды кыргыздар байыркы заманда эле мекендеген.

Бул чолком кыргыздардын алгачкы Ата Журту болгондугун бир катар изилдоолор да далилдоодо. Бул жактагы Манас шаары, Манас колу ондуу кыргызча аталган жер-суу аттары байыркы кезден калган эстеликтер. Жазуу булактарында 17-кылымдын биринчи жарымында кыргыздар Чыгыш Туркстандын жана Фергананын тундук болугун козомолдоп турганы айтылат. 18-кылымда кыргыздар Чыгыш Туркстандын саясий турмушунда таасирдуу роль ойногон. 1754-жылы Чыгыш Туркстандын эгеси Жусуп Кожо кыргыздардын колдоосуна таянып, Жунгар хандыгына коз каранды болуудан баш тартат. Бул иште ага кушчу уруусунан чыккан Кубат бий чон колдоо корсоткон. 1757-жылы жайдан баштап Цин империясы Чыгыш Туркстанга устомдугун орното баштайт. Кытайлык баскынчыларга каршы курошто Чыгыш Туркстандын элинин ичинде кыргыздар да жигердуулук корсотушот. 1871-жылы Россия Туркстандагы бийлигин кенейтип, Кулжа, Баяндай, Хоргос Кучо, Суйдук, Телги сыяктуу жерлерди басып алган.

Кытай менен Россиянын ортосундагы чегараны тактоо учун 1880-жылы бир нече жолу суйлошуулор жургузулгон. 1882-жылы тузулгон «Иле келишиминин» негизинде 1884-жылы бул эки мамлекеттин ортосундагы чегара такталып, натыйжада кыргыздардын негизги болугу Россияга, бир тобу Кытайга карап калган. Ушул мезгилден тартып Кытай букаралыгына откон кыргыздар кытайлык кыргыздар делип аталып келуудо. Кытайдагы кыргыздар Кашкардан тартып чыгышты карай Какшаал, Аксуу, Кулжа, Урумчуго чейинки аймакта - Акчий, Улуу-чат, Актоо, Артыш, Текес, Лоп, Иртышка чейин чачырап орношкон. Кытайлык кыргыздар негизинен кыргыздын он, солго кирген урууларынан турат. Ичкилик урууларынан нойгуттар жана кыпчактар бар. Какшаалды жердеген нойгут уруусу жана анын чыгаан кызы Жаныл Мырза тууралуу тарыхый уламыш азыр да айтылып келет. 1916-жылы улуттук-боштондук курошто женилген кыргыздар, кыргындан кутулуш учун Кытайга качууга аргасыз болгон.

Кемин, Чуй ороонундогу кыргыздардын бир болугу, Ысыкколдогу, Борбордук Тенир-тоодогу кыргыздар ак кар, кок муз каптаган бийик ашууларды ашып, Чыгыш Туркстандын Учтурпан жана Аксуу райондоруна барып жайгашышкан. Атбашылык кыргыздар оздоруно чектеш жайгашкан Какшаалга кочкон. Ысыкколдун башындагы кыргыздар Каркыра аркылуу Кулжага качып барышкан. Текес тарапка 500 тутундой кыргыз урккон. Кытайлык маалыматтар боюнча 1916-жылы Жетисуу облусунан Кытайга 332 минден ашуун кыргыздар менен казактар качып барган.

Алардын кобу кыргыздар болгон. Совет бийлиги орногондон кийин качкындардын 300 миндейи оз мекенине кайтып келишкен. Кытайлык кыргыздар Чыгыш Туркстан элдеринин эркиндик учун курошторуно дайыма катышып келген. Кыргыздан чыккан Ысакбек Монуев Чыгыш Туркстандагы турк элдеринин эркиндиги учун курошко жетекчилик кылып, 1935-жылы 2,5 мин кыргыз жигиттеринен турган кыргыз атчандар полкун тузгон. 1944-жылы 12-ноябрда коз карандысыз Чыгыш Туркстан Республикасы (ЧТР) жарыяланып, анын окмоту тузулгон. 1945-жылы 8-апрелде Кулжа шаарында Чыгыш Туркстан Республикасынын улуттук армиясы тузулуп, анын башына генерал-майор Ысакбек Монуев дайындалган.

1946-жылы Чыгыш Туркстан Республикасынын окмоту менен Гоминдан окмотунун ортосунда келишим тузулот. 1949-жылы августта Чыгыш Туркстан Республикасынын окмотунун башчылары (анын ичинде генерал-лейтенант чинине ээ бОлгон Ы. Монуев Жусуп Мамай, болгон) Москвадан Пекинге учуп бара жатып авиакатастрофадан каза табышкан. Ошол жылы торт гана жыл жашаган ЧТР жоюлган. 1949-жылы октябрда Кытай Эл Республикасы негизделет. Жаны бийликтин чечими менен 1954-жылы 14-июлда кытайлык кыргыздар жашаган Син-цзяндын тундук батышында Кызылсуу Кыргыз Автономиялуу району тузулот. 1955-жылы февралда ага облустун статусу берилген. Акчий, Актоо, Улуучат райондору карайт.

Артыш шаары кытайлык кыргыздардын административдик жана маданий турмушунун борборуна айланган. Корунуктуу манасчы Жусуп Мамай кытайлык кыргыздардан чыккан. Ал «Манас» эпосун кагазга тушуруп, жети томдук китеп кылып чыгарды. Белгилуу тарыхчы Анвар Байтур Кытайдагы кыргыздардын тарыхын изилдеп, бир катар китептерди жарыялаган. Анын «Кыргыз тарыхынын лекциялары» деген эки китептен турган эмгеги Бишкектен да жарык корду (1992).

Маньчжуриянын Фуйу уездиндеги кыргыздар тууралуу тарыхый маалыматтар боюнча, бул жакка 18-кылымдын аягында Енисейден жана Иртыштан монгол императору Хубилайдын буйругу менен кочурулгон деген маалымат бар. Кочуп келген кыргыздар жергиликтуу элдердин таасири менен дыйканчылыкты оздоштурушкон. Мындан тышкары, кыргыз жигиттерине Хубилайдын империясынын ошол жактагы чегараларын кайтаруу милдети жуктолгондугу жонундо пикирлер айтылат. Фуйу кыргыздары азыр да оздорун «кыргызбыз» деп аташат. Антропологиялык тузулушу боюнча алар европеоиддерге окшош, ондору ак жуумал, чачтары кызгылт сары. Алар бутпарас динине сыйынышат. Тамак ашынын негизин сут азыктары тузот. Алар оздорун Енисейден келгенбиз деп эсептешет.

Фуйулук кыргыздар 6 урууга болунот. Анвар Байтур Фуйулук кыргыздар байыркы Енисейлик кыргыздардын тилинин коптогон элементтерин сактап калган деген пикирди айтат. Фуйудогу кыргыздар коптогон кыйынчылыктарга карабай оздорунун озгочолукторун кылымдар бою сактап келиши озгочо кызыгууну туудурат. Жыйынтыктап айтканда, акыркы эсеп боюнча Кытайда 150 миндей кыргыздар жашайт. Алардын 110 миндейи Кызылсуу Кыргыз Автономия облусунда, калгандары Чыгыш Туркстандын башка аймактарында жашашат. Ал эми Фуйудогу кыргыздардын саны 1 минден ашты. Эгемендуулуктун шартында Кытайда жашаган боордошторубуз менен байланыш жакшырды. Ооганстандык кыргыздар 20-кылымдын биринчи жарымында чегаранын жабылышы менен Памирдин Ооганстанга караштуу жерлеринде жашаган кыргыздардын кыргыз элинин негизги болугу менен болгон байланышы узулгон. Оогандык кыргыздарды 1978-жылы апрелиндеги тонкорушко чейин Кабулга баш ийген Рахманкул хан башкарган.

Рахманкул хан жетектеген мезгилде Памир кыргыздарынын аброю которулгон. Ооганстандын ханы Мухаммад Закир Шахтын убагында Рахманкул хан зор ишенимге ээ болуп, 1964-жылдан Лоя Жиргага (Улуу чогулуш) дайыма катышып келген жана ага кариядар (аймактын башкаруучусу) деген титул берилген. Рахманкул хандын ишмердигинин натыйжасында, оогандык кыргыздар автономиялык укукка ээ болуп, бир топ женилдиктерге жетишкен, салык толошкон эмес, аскер кызматынан бошотулган. Бирок аларга Советтик жана Кытай чегарасын кайтаруу милдети жуктолгон. Рахманкул хан электр энергиясын, темир жолду Памирге жеткируу учун коп аракеттерди жасаган. Бул боюнча башталган иштер Ооганстандагы тонкоруштон кийин токтоп калган. 1978-жылы апрелдеги тонкоруш, Ооганстандын Демократиялык республика аталышы, узакка созулган граждандык согуш ал жактагы кыргыздардын тынчын алып, жашоосун кескин кыйындаткан.

Натыйжада, 1300 кыргыз (280 уй-було) Памирден Пакистанга качууга аргасыз болушкан. Жолдо качкын кыргыздар уй эмеректеринен, малынын кобунон айрылган. Пакистандын кароосуз калган айылдарынын бирине отурукташып, калган-каткан малын сатып жан сакташкан. Пакистанда торт жылча туруп калган кыргыздарды оору баскан, олум кобойгон. Жаны жерге коно албаган жуздой уй-було Памирге кайтууга аргасыз болушкан. Туркиялык кыргыздар Оогандык кыргыз качкындарынын негизги тобу Бириккен Улуттар Уюмунун Качкындардын иштери боюнча жогорку комиссариатына кайрылып, 1982-жылы Туркияга кочуп барууга уруксат алышкан. Ошентип, 1982-жылы августта 3 самолет менен 1138 кыргыз Туркияга келишип, Ван шаарынан 35 чакырым аралыкта, мурдатан эле кыргыздар жашаган Каракундуз деген жерге жайгашышкан. Оогандык кыргыздардын келиши менен Каракундуз кыштагынын социалдык абалы оноло баштаган. Буга Рахманкул хан чон эмгек синирген.

Айылга суу тутуктору, электр кубаты, телефон байланышы жеткирилип, жол катнашы жакшырган. Мечит курулган. Ошентип, Памирде кочмон турмушта жашаган оогандык кыргыздар Туркияга келип отурукташкан турмушка отушуп, кыргыздардын коомдук турмушу, маданияты, уруулук байланыштары, урп-адаттары жана башка кескин озгоруулорго дуушар болгон. Азыркы мезгилде Туркияда 4 минге жакын кыргыздар жашайт. Мындан тышкары Туркияга билим алуу максаты менен барган студенттер, аспиранттар жана кызматкерлер да бар. Алар «Булак» аттуу чакан гезит чыгарышат. Ал Туркиядагы кыргыздардын турмушунун ар кыл жактарын чагылдырууга арналган. Памирлик кыргыздардын татаал тагдыры, тарыхы француз этнографы Реми Дордун «Ооган Памириндеги кыргыздар» деген эмгегинде чагылдырылган. Бул китеп 1993-жылы Бишкектен кыргыз тилинде чыккан. Мындан тышкары аз сандагы кыргыз уй-булолору Европа олколорундо, Америкада, Пакистанда, Австралияда, Иорданияда жашашат.

Эгемендуулуктун мезгилинде чет олколорго барып жашоо жана иштоо учун кыргыздарга кенири жол ачылды. Алыскы чет олкодо жашаган кыргыздар менен байланыштар жолго коюлду.

Жайгаштыруу: 2016-05-20, Көрүүлөр: 4527, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-20
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо