Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Чаткал өрөөнү

Баш барак | Башкалар | Чаткал өрөөнү

Чаткал өрөөнү — Түштүк-Батыш Тянь-Шандын эң батыш тарабын ээлейт. Чаткал жана Пскем кырка тоолорунун арасындагы Түндүк-Чыгыштан, Түштүк-Батышты карай 200 чакырымга созулган тоо аралык өрөөн. Өрөөндүн таманынын абсолюттук бийиктиги 900 метрден 2500 метрге чейин көтөрүлөт. Эң кеңири жеринде туурасы 20 чакырымга жетет. Ал эми эң бийик жери деңиз деңгээлинен 4503 метр (Чаткал чокусу).

Климаты

Мелүүн континенталдык келип, жайы салкын, кышы суук. Январ айынын орточо температурасы өрөөндүн орто ченинде -13,5 градус цельсия, июль айыныкы 16,7 градус цельсия. Жылдык жаан-чачындын саны төмөн жагында 450-500 миллиметр, төрүндө 700-800 мм.

Чаткал өрөөнүнүн ортосунан Кыргызстандагы ири дарыялардын бири Чаткал дарыясы агып өтөт. Анын узундугу 217 чакырым келип, ал Сырдарыянын куймалары болуп саналат. Суу чогултуу бассейнинин аянты 7110 чарчы чакырым. Ал эми эң ири куймасы Чандалаш дарыясы болуп, андан тышкары Терс, Акбулак жана башка дарыялары бар.

Өсүмдүктөрү

Шыбак-бетегелүү, дан өсүмдүктүү кургак талаа болгонуна байланыштуу тоо капталдарында 2000ден 3000 метрге чейин шыбак дан өсүмдүктүү жана шалбалуу талаа, бадал аралаш шалбалуу талаа, сейрек арча токойлуу шалбаа, андан жогору субальп жана альп шалбаалар тараган.

Беш-Арал коругу

Суу боюндагы майда жалбырактуу токойлордун массивдеринде "Беш-Арал" коругу уюшулган. Мамлекеттик корукта жаныбарлар коргоого алынып, корук Чаткал тоосунун түндүк-батыш капталындагы Терс суусунун алабында жайгашкан. Башка жерлерде кездешпөөчү өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүн мамлекет коргойт. Чаткал өрөөнүнүн батыш бөлүгүндө 1979-жылы уюшулган. Мындай чечимдин кабыл алынышына Өзбек ССРинин малчыларынын Чаткал ороонундо малды кеңири жайып, жайыттардын, анын ичинде баалуу субальптык, альптык өсүмдүктөрдүн тобунун, тоолуу шалбааларынын бузулушу себеп болгон. Алардын бузулушу өрөөндөгү эндемик жаныбарларынын санынын кескин азайышына алып келип, аларды коргоо жана илимий иштерди алып баруу максатында корук уюшулган.

Ыдырыс пайгамбардын күмбөзү

Ыдырыс пайгамбардын күмбөзү эл сыйынуучу ыйык жай. Жаңы-Базар айылынын күн чыгыш тарабында, бийик тектирчеде жайгашкан. Күмбөздөрдү жергиликтүү калк Ыдырыс пайгамбардын ысымы менен байланыштырышат. Алгач ал жерде 3 күмбөз болгон. Азыркы күндө Ырыдыс пайгамбардын атынан аталган эки гана күмбөз сакталып калган. Бузулган күмбөздүн ордуна кийинчерээк жергиликтүү калк тарабынан жол жүргөндөр, сыйынуучулар үчүн намаз окуучу жай салынган. 1903-жылы жарык көргөн гезиттердин бириндеги кабарчы Алибий мындай деп жазыптыр: "Жаңы-Базардагы күмбөз Ыдырыс пайгамбардын мүрзөсү эмес. Анын кадам жайы, жергиликтүү калк, анын бийи Ыдырыстын экинчисин анын аялы Батмазуураныкы деп эсептешет. 18-кыдымжын аягында анын бирин Чаткалдык Тоголокбай оңдоттурган. Андагы ташта жазылган дата Хиджранын 1191-жылы же бизче 1777-жыл. Демек күмбөздөр 18-кылымга таандык."

Иштамберди алтын кени

Мындан сырткары Чаткал өрөөнүндө алтындын бир топ запастары жайгашкан. Алардын эң ириси Иштамберди алтын кени. Ал Чаткал кырка тоосунун түштүк капталында, Казан суусунун оң куймасы, Иштамберди суусунун төмөнкү агымында деңиз деңгээлинен 2005-2450 метр бийиктикте. Кен 1934-жылы табылган. 1981-1986-жылдары геологиялык чалгындоо иштери жүргүзүлгөн. Алтын менен кошо күмүштү да бөлүп алууга мүмкүндүгү бар.

Чаткал, Чаткал, чай-чыныга баткан жер,
Чалкарлыгы чексиз бирок бу жайдын.
Коен сымал суу жүгүргөн коктуда,
Колдорунун изи калган кудайдын.

Чаткал, Чаткал,
Бабамдан калган кутман жер,
Манастын үнүн уккан жер
Кыргыздын кымбат Чаткалын
Кызыгып көрсүн уккан эл.
(Автору ким?)

Жайгаштыруу: 2024-02-19, Көрүүлөр: 519, Өзгөртүлгөн: 2024-02-19, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Кызматташуу/жарнама жайгаштыруу