Кийими жыртык, курсагы ач кичинекей селсаяк бала, түрүнө караганда катаал кемпир иштеген кооз бакчага кирет. - Жогол бул жерден! - дейт аял, түнөргөн калыбында, - Бул балдар жүрчү жер эмес! - Чоң эне! Мен сиздин небереңизмин, чоң эне... Бала аптыга толкунданып, өз алабалын чаржайыт түшүндүрө баштайт. Ал энеси жана бала багуучу аял менен кандай жашаганын, бирок өгөй атасы каардуу, ырайымсыз адам экендигин баяндайт. Баланын энеси каза болгондон кийин, аны мектептен чыгарып алып, иштете баштаптыр. Бала күн бою бөтөлкө жууп, ага этикетка чаптачу экен. Эч качан карды тоё тамак ичпептир.
Мындай турмушка чыдай албаган Дэвид өзүнүн мурда эч качан көрбөгөн чоң энесин издөөгө бел байлайт. Жумалап жол басып, эчен кыштак, шаарлардан өтүп, абдан чарчап-чаалыгыптыр. Ал баланын чеккен азабын, башынан өткөргөн оор окуяларын англис жазуучусу Чарлз Диккенс өзүнүн Дэвид Копперфильд аттуу романында жазган. Диккенс кедейлердин турмушун абдан жакшы билген. Анын үй-бүлөсү да жакырчылыкта жашаган. Атасы мойнундагы карызынан кутула албагандыктан бирде сүт сатуучу, бирде нан сатуучу келип аны тилдеп кетүүчү.
Ата-энесине жардамдашуу үчүн Чарлз фабрикага кирет, кийин адвокатка жалданган. Бардык жерде карапайым элдин турмушу начар экендигин байкаган. Диккенстин жазуучу болушуна анын газетада иштегенинин таасири тийген. Адегенде анын чакан макалалары, кийин Лондон шаары жөнүндөгү очерктери чыга баштаган. Бир жолу жаш журналистке белгилүү сүрөтчүнүн сүрөттөрүнө түшүндүрмө сөз жазуу тапшырылат. Натыйжада Пиквик клубунун маркумдарынын жазмалары деген өтө күлкүлүү китеп жаралат. Бул китеп сүрөтчүнүн эмес, Диккенстин атын чыгарып, элге тааныткан. Диккенс адамдын көңүлүн калтырбаган тамашакөй, жек көргөн адамын таамай жана аёосуз келекелей билген.
Ал эки жүздүү, кекирейген ак сөөктөрдү, зулум сотторду, макоо чиновниктерди, түркөй мугалимдерди жек көргөн. Чыгармаларында жетим балдар үйүндөгү балдардын оор турмушун сүрөттөгөн. Ал балдар жана эмгекчил адамдар жөнүндө ар дайым сүймөнчүлүк менен жазган. Өз чыгармаларынын каармандары кайтыш болсо, чын дилинен кайгырып ыйлаган, эгер алар ийгиликке жетишсе көңүлү эргип кубанган. Диккенстин атагы Англияга, андан кийин бүткүл Европа менен Америкага тараган.
Диккенстин Оливер Твист, Дэвид Копперфильд, Домби жана уулу, Кичинекей Доррит, Муздак үй деген китептерин бүткүл дүйнө адамдары окуйт.