Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Чапкын

Баш барак | Кыргызстандын тарыхы | Чапкын
Энесайлык кыргыздар Түрк кагандыгына албан салыкка темирди, өткүр жоокер куралдарын - жебе, кылыч, найза, канжар, калкан жасап берип туруучу. Эми түрк каганы ошол куралдар менен өздөрүн жанчмай болду. 711-жылы кыраан чилдеде, жол билбеген жоо кайдан келет эле деп бейкапар жаткан кыргыздарга түрк каганы жыйырма күн жол жүрүп,

Саян ашуусун ашып, Ак Термелди өрдөп, кагандыгын селдей басып калды. Кыргыз каганынын алтын ордосу чабылды, аккан суудай каны төгүлдү, тополоңу тоз болду, көк желеги жерге түштү, тыйпыл чабылган кыргыз кагандыгы далай жылга алсырап, эли мөгдүрөп, маданиятынын зоболосу өчтү. (Тарых барактарынан)
Жайгаштыруу: 2017-08-15, Көрүүлөр: 572, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2017-08-15
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу