Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Чаян жана эгиздер

Бул биримдик, оңойлордон эмес. Жана бул биримдикте эң оору, өнөктөштөр өзүлөрүнө каршы болууга аргасыз болушат. Кандай таңкалычтуу болбосун, бирок, өзүнүн күчтүү мүнөзүнө карабастан, Чаяндар мындай зарылдыкты оңой кабыл алат. Биримдикте дал ушул Чаяндар алып баруучу болот.



Бул түгөйдө Чаян тарабында сезимдер, ал эми Эгиздер тарабында - аналитика. Чаяндар - өзүмчүлдөр, өз империясынын императору, Эгиздерге болсо, бул жакта, баш ийүүчүлөрдүн ролу бөлүнгөн. Мындай ролдогу эгиздерди элестете аласынарбы? Ооба, эгиздерге да муну элестетүү абдан оор. Эң башкы суроо - Чаяндар бул учур менен макул болууну каалайбы?



Үстүртөндүү болгон эгиздер, гүлдөн гүлгө учкан кополок сыяктуу болуп, жашоодо жеңил учуп жүрүшөт. Негиздүү Чаян болсо, гүл тегерегин курчаган ташты элестетет. Көпөлөк, гүл менен ташты алмаштырып алышы мүмкүн, бирок андай мүмкүнчүлүк абдан аз, же үчүнчү бирөө келип, ага багыт көрсөтпөсө эле.



Эгер түгөйлөр кааласа, бул тадем өздүк түйшүктүү мамилелерди, биргелешкен материалдык жетишкендиктерге жана активдүү жашоого умтулуу менен толуктай алат. Бул маселеде алар, бири-бирин жарым сөздөн түшүнүшөт. Ал эми жан-дүйнө жаатында бул түгөйгө оор болот, анткени, Эгиздер менен Чаяндар бири-бирин кабыл алып жана умутулууларын түшүнүү оңой эмес. Компромисске барууга зарылдык туулат, бирок бул абдан оор, демек, бирөөнүн укуктары тебеленет.



Бири-биринин адаттарына жана каалолоруна көнүү да оор болот. Байкуш эгиздер түгөйүнөн көбүрөөк санаа тартып, аягы жок уруш-талаштар өзүн күттүрбөй чыга келет. Акыр аягы бул санаалар ажырашуу менен аякташы мүмкүн. Бирок, Чаяндарга да оңой болбойт, ал эмес, ден-соолугуна зыян келиши мүмкүн. Эмне декмекчибиз, кайгылуу перспертива.



Бизде эмне бар, иш фронтунда кыска мөөнөттүү көтөрүлүүлөр, аз өтпөй эле толук ылдый түшүү менен алмашылат. Нике дагы - маанисиз иш-чара. Мамилелер оор түзүлүп, уруш-талаштар, ажырашуулар көп болот, жана мунун баары кайгылуу аякташы мүмкүн. Булар такыр сезимдери жагынан карама-каршы адамдар: Чаяндар терең сары-санаага батып, жеңил ойлуу Эгиздер эч нерсени түшүнбөй кыжырланат. Буга себеп болуп - кызгануулар, таарынуулар, көз жаштар, чыккынчылыктар, ден-соолукка зыян келүүлөр да мүмкүн. Көңүл эргитүүчү оң мисалдарды табуу мүмкүн эмес. Аянычтуу.



Бирок, качан Чаяндар эркек киши, эгиздер - аял киши болгон учурда, баардыгы жаман боло бербейт. Чаяндарга айтып коёлу: Силерге абдан оор болот.

Жайгаштыруу: 2016-05-21, Көрүүлөр: 1778, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2017-06-05
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо