Чабалекей


Жардын боорунан уялар карарып көрүнөт. Чапчаң, тез учкан канаттуулардын кээси уядан учуп чыгып жатса, кээси учуп келүүдө. Алар суу жээгиндеги жар боорунан өздөрүнө тумшуктары жана тырмактары менен терең уя оюп алышкан. Ошондуктан аларды жээкчилер деп да аташат. Мындай канаттууларды шаардан да, кыштактан да көрүүгө болот. Бирок алардын шаар жана кыштактагы уялары башкача - кичинекей топуракты шилекейи менен чаптап, аларды биринин үстүнө бирин жабыштырып салышат. Бул канаттуулар - чабалекейлер. Чабалекейлер ар башка жерде жашайт, алардын сырткы көрүнүшү, тиричилиги да бири-биринен айырмаланат. Бирок баарынын канаты узун, учу ичке келет. Шаардагы жана жээкчил чабалекейдин куйругу кичинекей ачакейлүү, ал эми кыштак чабалекейинин куйругу айры сыяктуу чоң ачакейлүү.

Чабалекейдин учушуна карап, алар күн нурунда оюн сала, жөн гана ойкуп-кайкып жүрүшөт деп ойлошуңар да мүмкүн. Чындыгында алар дайыма иш үстүндө болушуп чымын-чиркейди кармап жейт. Элде чабалекейге байланышкан мындай жоромол бар: алар бийик учса - күн ачык болот, жапыз учса - күн жаайт. Жоромол туура, бирок мында чабалекейге байланышкан эч нерсе жок, кептин баары алар кармап жеген чымын-чиркейге байланыштуу. Жамгыр алдында аба нымдашып, чымын-чиркейдин канаты көөп, оордойт да жерге жакын учуп калат.

Чабалекейлер чымын-чиркейди учуп жүрүп кармап жейт. Өзү жана балапандары тойгудай чымын-чиркей кармоо оңой эмес. Ошондуктан чабалекей таң аткандан күүгүмгө чейин абада кайкып учуп жүрөт. Чарчаганда гана эс алуу үчүн зымдарга же дарактын ичке бутактарына конуп отурат. Жерге өтө сейрек конот: алар баса албайт, жерден учуу да алар үчүн кыйын. Сууну да учуп жүрүп тумшугу менен сузуп алып ичет.

2016-05-22 3337 Бул ким, ал эмне Жыргалбекова С. 2016-05-22