Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Букачар жана арстан

Баш барак | Гороскоп | Букачар жана арстан

Аябай оор жана карама-каршылыктар биримдигинин бири бул - Арстан жана Букачар биримдиги. Конфликттүү кырдаалдар булардын үй-бүлөөсүндө күндө боло бермекчи. Букачарлар абдан кежир, ал эми Арстан болсо өтө менменсиндеп турат, жана мунун эгоцентризмине чек жок. Бирок дал ушул булардын кокурайгандыгы үчүн Букачарлар алар менен бирге болгусу келет. Бирок Арстандар үчүн Букачарлар өтө чечкинсиз жана жумшак. Кээде, Арстандарга Букачарлар ар кандай жашоо кырдаалдарынан корккондой сезилет. Жана убакыттын өтүшү менен коён жүрөктүгү үчүн кыйкымдай баштайт. Бирок Букачарлар баарын кечирип жана баарын унутуп койгон адамдардан эмес. Жана ушул кыйкымдардын баарысын Букачарлар Арстандарга меркантилдүү жана өз максаттары үчүн каршы колдонот. Булардын мамилелеринен эсеп аркылуу биримдик да курулбайт.



Эгер Арстандар - мырза, ал эми Букачарлар - айым болсо, анда жалпы аракеттер аркылуу, балким бул экөө бирге болушу мүмкүн. Эгер тескерисинче болсо, анда мындай биримдик мүмкүн эмес десек болот. Мындай биримдик айрыкча жакшы физикалык жакындашуудан пайда болот, бирок Арстан - мырза жалгыз бирөөнү сүйгөн адам болбогондуктан, бир нече убакыттан кийин Букачарды башка бирөөлөргө алмаштыра баштайт. Ал эми абдан кызганычтуу жана консервативдүү Букачар мындай иш-аракетти кечирбейт.



Арстандар жана Букачарлар түгөйү туруктуулуктан жана негиздүүлүктөн куралат. Өз ээликтерин коргоо маселеси жаралса, булар уруш-талаштарын унутуп, биргелешкен күрөш жүргүзүү үчүн биримдикте болот. Букачарлардын финансылык ийгилиги, Арстандарга андан ары өнүгүүгө стимул болот.



Букачалар жашоонун кандайдыр бир сүрөтүн тартып, андан соң түгөйүнүн кызыгууларына көңүл бурбай, аны ишке ашырууга аракет жасайт. Арстандар болсо эркиндикти абдан жакшы көрөт, жана тиричилик кылуу үчүн буларга бекер ойлонуп отурбай, иш-аракеттерди жасоо зарыл. Буларга биримдикте алдыга бир кадам шилтеп өнүгүү керек же эки тарапка бөлүнүп кетүү зарыл. Көп учурда Букачар жана Арстан биримдигинде ажыроолор көп кездешет, бирок шарттан тышкары кырдаалдар да болот.



Букачарлар Арстандардан бир багыттуулукка жана ишеничтүүлүккө үйрөнөт, ал эми Арстандар болсо Букачарлардан жашоону сүйүп, жөнөкөй нерселер менен кубанууну үйрөнө баштайт. Албетте, Букачарлар өзүнүн консервативдик көз караштары менен Арстандарды чектөөгө аракет жасайт, бирок Арстандар мындайларга баш ийип барбайт. Булар үйдө отуруп өз талаптарын чектөөгө көнгөн эмес.



Букачарладын сезимдери Арстандарды мүдөөлүк өнүгүүгө жана өзгөрүүлөргө түртөт. Бирок бул Букачарлар үчүн оңой эмес. Арстандар эркиндикке, жаңыланууга жана ийгиликке умтулат. Букачарлар муну түшүнбөйт. Булар жашоодо тапкан нерселери менен кош айтышкысы келбейт жана жүз пайыздык ишенич болмоюнча, жашоосунда өзгөрүүлөрдү да киргизгенди жактыра бербейт. Булардын эч кимиси көз караштарын өзгөрткүсү келбейт, а бул никедеги көптөгөн уруш-талаштардын себеби болот. Чынын айтсак, мындай учурлар Арстан менен Букачарларга эле таандык эмес, мындай маселеге зодиак белгисинен көз каранды эмес, көптөгөн башка түгөйлөр арасында да болот.



Бирок ошого карабастан, кандай гана оор кырдаал болбосун, чечим дайыма табылат эмеспи. Жана Букачар менен Арстан бирге болууну кааласа, буга эч ким тоскоолдук жарата албайт. Букачарлар өз түгөйүнүн камкордугун көрүп, дайыма аны менен суктанып турууну, анын көз карандысыздыгын чектебөөнү үйрөнүү зарыл. Арстан болсо, өз учурунда, алардын биргелешкен бактылуу келечегине Букачарларды ишендирип, көркөм жана камкордуксуз жашоону көрсөтүү зарыл. Жана бул экөө эртенки күнгө ишенимдүү болсо, анда булар бекем жана туруктуу биримдикти жаратышат.

Жайгаштыруу: 2016-05-21, Көрүүлөр: 887, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2017-06-05
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо