Жүктөлүүдө...
Брест чеби
Мына мындай көрүнүштү элестетип көрөлү: адам жайдын ишемби күнкү жылуу кечте эртең дем алабыз, оюн-тамашага, сейилге чыгып, көңүл ачабыз деген таттуу кыялдар менен уйкуга чөмүлдү дейли. Таңга маал кокусунан эле кулак тундурган, күрс-тарс эткен добуштан, үйдүн дубалдары силкинип, теңселүүсүнөн, терезелердин айнектери шаңгырап жерге күүлүп түшүп быт-чыты чыгып кыйроосунан чочуп ойгонуу... Айланадагы үйлөр, имараттар кыйрап, алоолонгон өрттүн кучагында калып, короонун ичи асты-үстү, жарылган бомба менен снаряддар топурак-тозоңду асманга сапырат, алардын арасынан үрөйү учуп жан талаша качкан адамдар кээси кийинүүгө да үлгүрбөй, окко учкандары жыгылып, жарадарларынын онтогон үндөрү чыгып, аялдардын ыйлаганы, балдардын чыркыраганы угулат. Брест чебинин жашоочулары 1941-жылы 22-июнда таңкы таттуу уйкудан так ушинтип ойгонушкан. Аларды согуш ойготкон эле. Брест шаары Белоруссияда орун алган. Шаардын жанында, Буг дарыясынын жээгинде орустун эски чеби боло турган. Согуштан мурун Брест чебинин казармалары менен үйлөрүндө кызыл аскерлер, алардын командирлери (көпчүлүгү аялдары, балдар
Макала көлөмү: 6988 символОрточо A4 форматындагы барак саны: 2 Мына мындай көрүнүштү элестетип көрөлү: адам жайдын ишемби күнкү жылуу кечте эртең дем алабыз, оюн-тамашага, сейилге чыгып, көңүл ачабыз деген таттуу кыялдар менен уйкуга чөмүлдү дейли. Таңга маал кокусунан эле кулак тундурган, күрс-тарс эткен добуштан, үйдүн дубалдары силкинип, теңселүүсүнөн, терезелердин айнектери шаңгырап жерге күүлүп түшүп быт-чыты чыгып кыйроосунан чочуп ойгонуу... Айланадагы үйлөр, имараттар кыйрап, алоолонгон өрттүн кучагында калып, короонун ичи асты-үстү, жарылган бомба менен снаряддар топурак-тозоңду асманга сапырат, алардын арасынан үрөйү учуп жан талаша качкан адамдар кээси кийинүүгө да үлгүрбөй, окко учкандары жыгылып, жарадарларынын онтогон үндөрү чыгып, аялдардын ыйлаганы, балдардын чыркыраганы угулат. Брест чебинин жашоочулары 1941-жылы 22-июнда таңкы таттуу уйкудан так ушинтип ойгонушкан. Аларды согуш ойготкон эле. Брест шаары Белоруссияда орун алган. Шаардын жанында, Буг дарыясынын жээгинде орустун эски чеби боло турган. Согуштан мурун Брест чебинин казармалары менен үйлөрүндө кызыл аскерлер, алардын командирлери (көпчүлүгү аялдары, балдары менен) жашаган. Буг дарыясынын аркы жээгинде гитлердик армиянын бөлүктөрү жайгашкан.
Фашисттер Советтер Союзуна капысынан кол салууга тымызын даярданышкан. Алар түн катып аскерлерин чегарага топтоштуруп, дарыянын жээгиндеги калың бадалдардын арасына замбиректерин чепти карай мээлеп, жашырып коюшкан. 22-июнда жекшемби күнү таңкы саат төрттө ошол замбиректерден чепти көздөй ок жаадырып, учактар менен бомбалай башташты. Таттуу уйкуда мемиреп жаткан адамдардын көпчүлүгүн кулаган үйлөр басып калды. Кээ бирлери жамгырдай төгүлгөн окко учса, дагы бирөөлөрү жарадар болуп жатты.
Согуш башталган биринчи күндүн таңындагы салгылашта Брест чебинде жүздөгөн жоокерлер, аялдар, балдар курман болушту. Фашисттер капысынан сокку уруу менен оңой женишке жетишебиз да, чепти бат эле ээлеп алабыз деп ойлошкон. Бирок гитлердик жоокерлер чепке жулунуп кирип келгенде, аларды пулемёт менен мылтыктын атылган огу тосуп алды. Кыйраган чепте каршылык көрсөтөр мындай күчтүн бар экендигин фашисттер ойлогон эмес. Ошентип жоо чабуулунун мизи кайтарылды. Тирүү калган жоокерлер колдоруна курал алып, кайрадан салгылашка даяр турушту.
Аларга майор Пётр Гаврилов, капитан Иван Зубачёв, полктун комиссары Ефим Фомин жана башкалар жетекчилик кылышкан. Узакка созулган оор кармаш башталат. Фашисттер чепти курчап алып, үстөкө-босток бомбалашып, туш-тушунан ок жаадырып, кайра-кайра чабуул коюшту. Ок-дары, азык-түлүк сакталган кампалар кыйрап, урандылардын алдында калды. Суу түтүктөрү бузулуп, суу акпагандыктан, дарыяга суу ичүүгө сойлоп баргандарды немецтер пулемёт менен бирден терип жатты.
Курчоодогулар чаңкаганына чыдабай каршылык көрсөтүүлөрүн токтотот деген үмүт менен фашисттер күндүр-түндүр жээкти аткылап турушкан. Чепти коргоочулар ачкалыкка, суунун жоктугуна дуушар болгон. Алар курал-жарак менен окту душмандар менен болгон бетме-бет таймашта тартып алып, фашисттердин багынгыла деген талаптарына ок менен жооп беришкен. Өлсөк да чептен кетпейбиз! деген ураанды кездемеге кан менен жазып, чептин дарбазасынын үстүнө илип коюшту.
Салгылаш бир айдан ашык убакытка созулган. Брест чеби душмандын терең ооругунда жүздөгөн чакырым артта калып, советтик аскерлер чыгышка карай алыс чегинип кеткен эле. Ал эми чепти коргоочулар болсо муруңкудай эле фашисттер менен кармашып жатышты. Алардын дээрлик бардыгы салгылашта баатырларча курман болушкан, ачкадан алсыраган оор жарадарларды, күчтөн тайган бир азын душман туткундап алган. Брест чебин коргоочулардын айрымдарынын тирүү экендиги согуш бүткөндөн кийин гана белгилүү болду, алар туткундан бошонуп, Мекенине кайтып келишкен. СССР Жогорку Советинин указы менен Брест чебине 1965-жылы 8-майда Баатыр чеп деген ардактуу наам берилген.
Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 671, Өзгөртүлгөн: 2016-05-22
Макаланын толук версиясы Талкулоо