Секвойя таң каларлык дарак. Анын бийиктиги 150 мге жетет. Секвойянын кабыгынын калыңдыгы - 70 см, бул кээ бир үйдүн дубалынан да калың. Кээ бир секвойянын дүмүрүнө чакан оркестр жайгашса да болот. Сазды кургатуучу эвкалипт да таң калыштуу. Анын тамыры насос сыяктуу иштейт. Жалбырактары кырынан күндү карап тургандыктан, көлөкө түшүрбөйт. Кумура сымалдар тукумундагы өсүмдүктөрдүн эң зору виктория-регия да өтө кызык: анын эки кеч жана эки түн гана ачылуучу гүлдөрү ак түстөн кочкул кызыл түскө чейин төрт жолу өңүн өзгөртөт.
Андерсендин жомогундагы Дюймовочкадай үч жашар кыз виктория-региянын эки метрлик жалбырагына салга түшкөндөй эле отура алат. Виктория-региянын мекени - Түштүк Америка, секвойянын мекени - Түндүк Америка, ал эми эвкалиптин мекени - Австралия. Алар бизден өтө алыс. Ошондой болсо да бир эле күндө бүткүл жер шарына саякат жасап, секвойяны да, эвкалиптти да, виктория-регияны да, Африка пальмаларын да, альп кызгалдагын да, тайга кедрин да, бышып турган бананды да көрүүгө болот. Ал үчүн эмне кылуу керек? Ботаникалык бакка баруу гана жетиштүү. Ботаникалык бакка мектеп окуучулары экскурсияга келишет, анын өсүп турган коллекциялары менен гербарийлерин студенттер жана профессорлор изилдеп - үйрөнүү үчүн пайдаланышат. Эң алгачкы ботаникалык бак тууралуу маалымат алуу үчүн өткөн мезгилге көз чаптыруу керек. Биз батыш Европада монастыр багына, Россияда аптека бакчасына туш келдик дейли.
Аптека бакчасында алгач дары чөптөр өстүрүлсө, кийин баалуу дарактарды, гүлдөрдү отургуза башташкан. Дүйнө жүзүндөгү эң сонун ботаникалык бак - Салерно (Италия), ал 1309-жылы негизделген. Москва мамлекеттик университети менен Санкт-Петербург ботаника институтунун ботаникалык бактарында да эң сейрек, баалуу өсүмдүк коллекциялары топтолгон. Миллиондой өсүмдүгү бар негизги жана эң чоң ботаникалык бак Москвада, Россия Илимдер академиясына караштуу. Эң бийик жерге жайгашкан ботаникалык бак Памирде, түндүккө өтө жакын жайгашканы - Хибиндеги Уюлдук - альп ботаникалык багы. Бул бактар дүйнө жүзүнүн 52 багы менен урук алмашат, баалуу өсүмдүктөрдү издеп табуу үчүн экспедиция жөнөтүлөт. Алып келинген өсүмдүктөр жаңы климатка көндүрүлөт.
Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын ботаникалык багы Бишкек шаарында. Анда өсүмдүктүн 5500 түрү өстүрүлөт. Алардын арасында сейрек кездешүүчү акация, четин, карагат, итмурун, эмен, мандалактардын көптөгөн түрлөрү бар.