Онор жайдын абалы олконун согуш жургон батыштагы региондорунан айырмаланып, Кыргызстандын эл чарбасы алсыраган менен кыйроого учураган эмес. Тескерисинче, согуш жургон аймактардан эвакуацияланган ишканалардын эсебинен республиканын онор жайы бир кыйла оскон. Согуш шартына ылайык, негизинен фронтко продукция ондургон онор жайды тынчтык курулушуна которуу милдети турган. 1946-жылдан Кыргыз ССРинин онор жайы толук бойдон тынчтык турмушка ылайыкташып эл чарбасы, эмгекчилер учун керектуу продукцияларды чыгарууга откон. Завод-фабрикаларда 8 сааттык жумуш куну, дем алыш кундору, отпускалар калыбына келтирилип, милдеттуу турдо нормадан ашыкча иштоо жоюлган. 1946-ж. августта Кыргыз ССР Жогорку Советинин 11-сессиясы жалпы союздук планга ылайык республиканын эл чарбасын 1946-1950-жылдары калыбына келтируунун жана онуктуруунун беш жылдык планын кабыл алган. Беш жылдыкта республиканын индустриялык дарамети кыйла которулуп, 20дан ашуун ири ишканалар эксплуатацияга берилген жана коптогон завод, фабрикалар реконструкцияланган. Онор жайында дун продукция ондуруу 1950-жылы 1940-жылдарга салыштырмалуу 4,2 эсеге, ал эми 1945-жылдарга салыштырмалуу 75,5 пайызга жогорулаган. Озгочо оор онор жайында 5 жылда комур казуу - 1,7 эсеге, мунай - 2,3 эсеге, темир кесуучу станокторду чыгаруу - 5,6 эсеге оскон. Республиканын электр станцияларынын кубаттуулугу 3,7 эсеге кобойгон.
[ushka=seredina]Онор жайында 1940-жылы 36 мин жумушчу иштесе, 1950-жылы 66,1 минге кобойгон, анын ичинде 4,9 минин инженер-техниктер, 3,6 минин жетекчи кызматкерлер тузгон. Кыргызстанда онор жайынын тез темп менен осушу аларда иштей турган адистерге талапты кучоткон. Республиканын жергиликтуу калкынын негизинен айыл-кыштактарда жашашы, кыргыздардан чыккан жумушчулардын аздыгы жана алардын адистиктеринин томон болушу жумушчу адистеринин олконун башка региондордон келишин шарттаган. Натыйжада, СССРдин онор жайлуу райондорунан Кыргызстанга жумушчулардын жигердуу миграциясы башталган. Айыл чарбасы Тортунчу беш жылдык планда айыл чарбасын калыбына келтируу жана андагы начар абалды ондош учун да конкреттуу иш-чаралар белгиленген. Биринчи кезекте кескин турдо кыскарып кеткен айдоо аянттарын калыбына келтируу, азайып кеткен малдын башын остуруу керек эле. Беш жылдык план боюнча 1950-жылга чейин жылкынын санын 490 минге, уйдукун 560 минге, кой-эчкини 4,3 миллионго, чочкону 600 минге жеткируу каралган. Согуштан кийинки жылдары олкодо колхоздорду ирилештируу, алардын менчиктерин бекемдоо, колхоздордо эмгектин ондурумдуулугун жогорулатуу, эмгекке акы толоону жакшыртуу иштерине озгочо конул бурулган.
1946-жылы февралда СССРдин ЭКСи «Кыргыз ССРинин айыл чарбасын онуктуруунун чаралары жонундо», 1949-жылы февралында «Колхоздор менен совхоздордо пахтачылыкты мындан ары остуруунун чаралары жонундо» токтомдорду кабыл алган. Ушул токтомдорго ылайык, республикага кошумча тракторлор, комбайндар, ага чейин машиналары, аларга керектуу запастык болуктор, минералдык жер семирткичтер кошумча болунгон. Мындан тышкары мамлекет республиканын колхоздоруна акчалай жардам берген. Айыл чарбасын которуу боюнча жургузулгон иштердин натыйжасында Кыргызстандын эл чарбасынын бул тармагы 1950-жылы копчулук корсоткучтору боюнча 1940-жылы денгээлине жеткен. Айдоо аянттары калыбына келтирилип, бул мезгилде эгин ондуруу 33 пайызга, пахта - 4,5 эсеге, кант кызылчасы 2 эсеге кобойгон. Айыл чарба ондурушун уюштурууда, тушумдуулукту которуудо А. Анаров, 3. Кайназарова, О. Атабекова жана башкалар 47 айыл чарба устаттарына Социалисттик Эмгектин Баатыры деген наам ыйгарылган. 517 чарба эмгекчилери СССРдин орден жана медалдары менен сыйланышкан.