Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Бөдөнө

Баш барак | Ветеринария | Бөдөнө

Бөдөнө – чаар ала, кумга окшош сары түстөгү, тоок отрядындагы эн майда канаттууларга кирет. Россияда жаратылыш шарттарында жөнөкөй бөдөнөнүн эки туру бар: европалык жана япон бөдөнөлөрү. Мына ошол япон бөдөнөлөрү дегенибиздин себеби, алгач ирет япондор жапайы бөдөнөлөрдү уй шартына ыңгайлаштырып багышкан. Хиросима жана Нагасаки шаарларындагы бомба таштоодон кийин, япондор бөдөнөнүн жумурткасын балдарына чийки, ач карын ичиришкен. Себеби, жумуртка сиңимдуу, женил диеталык, токсинге каршы касиетке ээ. Бөдөнөнун тирүү салмагы 110-150гр чейин болот, тез жетилет, 40-45 кун дегенде жумуртка тууй баштайт, 17 күндө инкубациядан чыгат. Мекияндары карыганга чейин жумуртка туушат, жумурткасынын салмагы 10-12 граммды түзөт. Бөдөнөнү багуу тоок бакканга караганда арзан түшөт. Бир күндүн ичинде бир бөдөнөгө 25-30 грамм жем жетиштүү.

Жайгаштыруу: 2016-08-18, Көрүүлөр: 847, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-08-18
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу