Бирунинин толук аты-жөнү аль-Бируни Абу Рейхан Мухаммед ибн Ахмед. Ал Хорезмде (азыркы Өзбекстандын аймагы) туулган. Атасы кол өнөрчү уста болгон. Орто кылымдын тарыхында жөнөкөй кол өнөрчүнүн баласы улуу окумуштуу болгон бир ден-бир олуя эле. Белгилүү математик жана астроном ибн Ирак менен байланыш түзүү Бирунинин шыгын ойготкон. Ошентип, ал илимге бала кезинен эле кызыга баштаган. Ошол мезгилдеги ар дайым болуп турган бийлик талашуу, ар кайсы уруу, бек, султандардын ортосундагы казаттардын айынан Бируни мекенин таштап, улам жер которуп турууга аргасыз болгон. Ал фарс, араб, грек, хинди тилдеринде эркин сүйлөп, чыгармаларын арабча жазган. 1004-ж. Хорезмдин жаңы борбору Гурганжга анын башкаруучусу Мамундун чакыруусу менен келип, шахтын кеңешчиси катары ошол мезгилде түзүлгөн академияны жетектеген.
Ал бул жерде ибн Сина менен бирге иштеген. 1017-ж. Мамун өлтүрүлүп, жаңы султан Махмуд Газнави Бирунини туткун катары Газна шаарына алып келген. Ошондон баштап ал Газнада жашап, султандын аскерлери менен кээде Индияга каттап турган. Ал бардыгы 150дөй илимий эмгек жазган. Бируни Орто Азияда биринчи болуп кадимки эле глобусту жасаган, астрономиялык аспаптарды ойлоп чыгарып, Хорезмдин түрдүү жерлеринин географиялык координаталарын аныктаган. Математика, астрономия, география, геология, минералогия, тарых, этнография, тил илими боюнча терең илимий мааниси бар эмгектерди жазган. Анын эң маанилүү эмгектерине Индия тарыхы, Өткөн муундардын эстеликтери, Масуд канону, Хорд ал ар, Асыл таштар кирет. Бул чыгармаларында Бируни дүйнөнүн гелиоборбордук системасын (Күндүн айланасында Жердин айланышын) айткан, жердин айланасынын узундугун аныктап, геометрия менен тригонометриянын айрым маселелерин изилдеген.
Ошол кездеги белгилүү жерлердин баары айтылып, материктер картага түшүрүлгөн. Дүйнөнүн негизи - материя, ал дайыма кыймылда жана өзгөрүп турат деп ачык айткан. Диний ишенимдердин жалгандыгын орчундуу илимий далилдер менен ашкерелеген.