Бактыяр жана Ыктыяр деген эки бир тууган жашынан жетим калышып, көрүнгөндүн колунда малай жүрүп, күн өткөрүп жашай беришиптир. Орок оруп, кетмен чаап, маңдай терин агызып, ак эмгегинен тапкан оокаттарын бирге бөлүп жешиптир. Айлар жылып, жылга өтүп, экөө тең бой тартып чоңоюшат. Улуусу Бактыяр өзүнө окшогон кедей адамдын кызына үйлөнөт. Бактылуу жашап, бала-чакалуу болушат. Андан кийинки үйлөнүү кезеги иниси Ыктыярга келет.
Ага арнап там салышат. Эми жаңы келе турган колукту үчүн жарашыктуу жакшынакай кийим-кече, үй эмеректерин, тамак-ашын даярдоо керек болуп, эки бир тууган биргелешип, шериктешип, эрте жазда буудай эгишет. Аны жакшылап карап, чөбүн отоп, сугарып, күн-түн дебей күч аяшпай иштешет. Жаркырап жай айлары да келет. Буудай бышат. Аны оруп, кырманга которуп ташышат. Жанчып, данын экөө тең бөлүп алмак болушат. Бирок агасы Бактыяр бул жылкы эгилген буудайдын түшүмүн бүт бойдон инисине берип, аны үйлөп коюууну ойлойт. Муну уккан Ыктыяр көнбөйт:
- Үрматтуу агатайым! - дейт ал, биздин атабыз, анын аталары да таманы чор жакыр адамдар болуп өткөнүн сиз жакшы билесиз. Алар Ынтымак бар жерде ырыс бар дешип, тапканын ортодо бөлүп жешкен. Көрдүңүзбү, демек, бул кырман толгон кызылды экөөбүз тең болуп алалы. Сиздин бала-чакаларыныз бар. Жетет экөөбүзгө тең. Бактыяр сөзгө жыгылып, инисинин айткан кебин туура деп тааптыр.
Ошентип, бир тууган ага-инилер буудайды бөлүп, үй-үйлөрүнө ташый башташат. Үч күн, үч түн ташышат. Деги кырмандын чети оюлбайт. Бир күнү кенжеси кырманга келип, агасынын буудайы азайып баратканын байкайт, байкайт да, өзүнүкүнөн ага кошуп коет. Ал кеткен соң, улуу агасы келип, көрүп турган көзүнө ишенбейт. Аң-таң болуп туруп калат. Ар тарабынан караса, кыбыр эткен жан жок. Чымчыктар гана асманга дүр эте учуп чыгып, кайра кырман четине конуп топтоло калышат. Бактыяр тердеген чекесин сүртүп:
- Кызык, эмне үчүн менин буудайым ошол эле бойдон турат, азайбайт? Үч күндөн бери ташып эле жатам го? Мында бир сыр бар? ой, андан көрө иниме көбүрөөк болгону жакшы, ага жардам берейин. Быйыл ал үйлөнөт, кыйналып калбасын! - дейт. Өзүнө энчилеген кызылдан күрөп, инисиникине кошуп коет. Мындан кийин Ыктыяр келет кырманга. Үйүлүп жаткан данды көрүп:
- Эхэ-ээ, бул эмне болуп кеткен? Буудайым мурдагыдан да көбөйүп калыптыр го? ой, агам жогунда, ага билдирбей, өзүмкүнөн кошуп коеюн. Ал эми бышыкчылык маалына чейин кыйналып калбасын - деп, беркиге бир капты жылдырат. Акыры бул сыйкырдуу иштин сыры, себеби эмнеде экени экөөнө тең белгилүү болуп калат. Көрсө, бу ынтымактуулуктун, кайрымдуулуктун касиети, жакшылык каалоонун улуу шарапаты экен! Муну бир туугандар түшүнөт. Ошондо улуу агасы Бактыяр кызыл данды уучтап:
- Иним, ырыс алды - ынтымак деген ушул. Мындан ары да ар убак бири-бирибизге каралашып жардамдашып, ынтымактуу жүрсөк, өмүр бою кордук көрбөйбүз! - деген экен.
Анда кичүүсү агасына башын ийип, жооп кайтарыптыр:
- Кебиңизде калет жок, агатай! Айтканыныздын баарын аткарамын! Сөзүңүзгө даярмын дептир.