Биринчи медициналык жардам


Биринчи жардам - оору катуу кармаганда, кырсыкка учураганда, ден - соолукка жана өмүргө коркунуч туулуп, шашылыш медициналык жардам керек болгондо догдур келгенге чейин кишинин өмүрү үчүн токтоосуз көрүлүүчү чаралар. Оорулуу же жабыркаган киши өзүнө - өзү төмөнкү учурда кам көрөт, мисалы:-жүрөк оорусу (стенокардия) кармаганда валидол же нитроглицерин таблеткасын тилинин алдына салат.-ууланууда ичеги - карынды тазалайт (1 л суу ичип колун оозуна салып, кайра кусууну бир нече жолу кайталайт). Кырсыкка учураганда, травма алганда кан агууда, капысынан эс - учун жоготкондо бири - бирине жардам көрсөтүүчү жолдор белгилүү: Милдеттер1-милдет: - Сырткы жабыркатуучу факторлордун таасирин токтотуу-күн өткөндө көлөкөгө жаткыруу;-ис урганда таза абага чыгаруу;-суудан, өрттөн алып чыгуу;-электр тогунан жабыр тартканда андан (кургак таяк аркылуу электр тогунун булагын өткөрүү) ажыратуу;-өрттөн күйүп жаткан кийимдеги жалынды өчүрүү.2-милдет:Кырсык болгон жерде жөнөкөй медициналык куралдар жана колдо болгон каражаттар (таяк, чырпык, жип, чүпүрөк ж. б.) менен токтоосуз тез жардам көрсөтүү.3-милдет: Шашылыш түрдө тез жардамдан догдур чакыруу же жакын медициналык мекемеге жеткирүү . Жеткирүүдө атайын транспорт болбосо, башка транспортту, мисалы, жүк ташуучу машинанын кузовуна чөп же саман төшөп, үстүнө замбил коюлат.

Жабыркаганды эки киши колдорун кайчылаштырып көтөрүп же жөнөкөй эле замбилге жаткырып жеткирсе болот.Көрүлүүчү чаралар: Жараат алганда жарааттын жогору жагынан катуу таңып (кан өтө көп агып жатса) же кан тамырды кол менен басып, кан токтотуучу буугуч коюп, кан агууну басуучу жардам көрсөтүлөт. Бинт, кебез, жаздыкча жана таза чүпүрөк айрыгы менен таңуу керек. Андан кийин хирургиялык тазалоо, жараатты тигүү, селеймеге жана кутурмага каршы эмдөө үчүн жакын медициналык мекемеге жеткирилет. Сөөктүн чыгып кетишинде, сыныкта, тарамыш чоюлуп калганда же үзүлүп кеткенде колу - бутту кыймылсыз абалга келтирүү керек. Муну тактай, дарак кабыгы, бутагы, картон ж. б. колдо болгон нерселер менен бинт, жоолук, кездеме айрыгы менен таңып коюу керек. Тарамыш чоюлуп же үзүлүп, бирок сөөк сынбаса ошол муунду катуу таңып коюу керек. Шакшак коюп таңгандан кылып таңуу кийин, жакын арадагы травма пунктуна жеткирүү керек.

Химиялык күйүктө же үшүккө алдырууда: - жабыркаган жерди суутек кычкылы, кайнаган таза суу менен жууп, күйгөндө спиртке (же аракка) чыланган таңуу коюу керек. Көзгө ыпыр - сыпыр түшсө, ошондой эле көздүн башка травмасын кир кол менен сүрүп, инфекция жугузуп албоо үчүн таза бет аарчы менен сүртүш керек. Капысынан эстен танганда - чалкасынан же кырынан жаткырып, кусунду же кан дем алуу жолуна кетип, деми кыстыкпаш үчүн башын капталына буруп, кийиминин топчуларын чечип, терезени ачып таза аба киргизүү керек. Ич катуу ооруй баштаганда оорулууну тынч жаткырып, ичине муз же муздак суу басуу зарыл, ичеги - карынды ич алдырма дары ичирип тазалоого болбойт.

2016-06-09 1769 Бала гигиенасы жана тамактануусу Жыргалбекова С. 2016-06-09