1 жаш - 7 айдан баштап балдар өзүн-өзү тейлегенге, ошондой эле өз алдынча тамак жегенге аракеттенет. Бала өз алдынча тамактанганды баштаганда тегерек-чекесине төгүп - чачпаганга, өзүнүн үстүнө караганга үйрөтүү зарыл, болбосо кийин үйрөтүш татаал болуп калат, анткени чоңоюп калган бала өзү тамактангандан эригип чоң кишилер тамак беришин талап кылат. Бул мезгилде эне баласына көп нерсени үйрөтүшү зарыл:-кашыкты туура кармашына;-тамакты кашыкка өлчөп алышына;-кашыкты тамакка чалпылдатып-чачыратпай, катуу урбай акырын салышына;-тамак салган идишке бир аз эңкейишине;-оозун тамактангандан кийин, керек болсо тамактануу убагында салфетка менен аарчышына;-тамак ичердин алдында колун самын менен жууп, сүлгүр менен аарчышына;Бардык нерселерди бирге жасап, жасаган аракетти атап, айтып берүү, үйрөтүүнүн эң жакшы жолу. Бул курактагы балдар тез чарчашат, ошондуктан чарчаганын байкаар замат анын колун эне өзү жууп, же тамак берип, бир сөз менен айтканда, жардам көрсөтөт. Көп учурларда бала тамакты көңүлү менен жеп баштайт, бирок бир аздан кийин эки жакка алаксып, кашык, идиш менен ойной баштайт. Мунун себеби, баланын курсагы тоюп топуктанып калганы. Ушул учурда белгилүү америкалык врач Бенжамин Споктун кеңешин эсиңерге салгыла: “Эгерде бала тамакка көңүл бурбай калганда, тамакты алып койгондо чырлабаса, анда баланын курсагы тойду деп эсептегиле. Ал эми тамакты алып койгондо чырлап ага каршы болсо, анда бала тамактанганга дагы бир мүмкүнчүлүк бергиле”. Тамакты начар ичкен бала энени капалантат. Дени сак бала тамакты начар ичсе, бул эне-атанын кемчилиги.
Тамактанууга баланы алдын ала даярдаш керек. Ал үчүн бир нече минут мурун балага азыр тамак ичебиз деп жылуу-жумшак айтып, тамакка кызыктыруу тийиш. Бала кызык оюнга чөмүлүп кетсе, тамактанууну оюндун уландысына айлантышы мүмкүн. Мисалы, “балам сенин оюнчуктарыңдын курсагы ачты, аларды тамакка чакырыш үчүн колуңарды жууп келгиле”. Бала тамакка жакшы көңүл менен отурууга тийиш. Ошондуктан тамактандыруунун астында аны кагып-силкпеш керек. Тамакка коюлуучу үстөл кооздолсо да жакшы шарт түзөт.
Атайын балдарга арналган сүрөт салынган идиш, тамактын кызыктуу көрүнүшү балдардын табитин ачат. Тамактануу убактысын да өнүгүүгө жумшаса болот. Тамактын аталышын, даамын, түсүн ж. б.айтып бергенде, бала көп жаңы сөздөрдү өздөштүрөт. Бир жаштан бир жарым жашка чейинки баланын тамак - ашы көп түрлүү болгондуктан, ал тамактанганды билип калат. Алдап-соолап тамакты ичүүгө үйрөтүү тийиш.
Бир жарым жаштан кийин дени сак бала ылгабай, бардык тамакты ичип калат. Ошентип, туура тарбияланган бала 2 жашка чыкканда: - тамактын астында өзүнүн мүмкүнчүлүгүнө жараша колун жууйт;-кашык менен суюк жана коюу тамакты жейт; - өзүнүн булганган колуна, бетине, кийимине көңүл буруп, тазалаганга аракеттенет же чоң кишилерден жардам сурайт; - үстөлдүн үстүнө тамак-аш чачылып, төгүлүп калса, аны тазалагыла деп чоңдорго кайрылат. 2-3 жашар бала бардык тамактарды таанып билген соң, анын жактырган жана жактырбаган тамак-ашы болот. Эгерде үй-бүлөдө андан улуу балдар болсо алар жеген тамактарды жегенге тырышат.
Түрлүү тамактар менен азыктанганына карабастан, аны туздуу, ачуу нерселерди, кофе, өтө кызыл чайды абдан аз өлчөмдө, алкоголь этикасы камтыган ичимдиктерди берүү зыян. Баланы тамакты өзү суутуп ичкенге, тазалыкты сактаганга, оозун аачыганга үйрөтүү улантылат. Бул курактагы балдар мурункудай эле өз алдынчалыкка умтулуп, көп аракеттенишет. Мунусуна жолтоо болбой шарттарды түзүп берсе, бала ошончолук тез өзүн-өзү тейлейт. Кол жуугуч баланын боюнан бийик болсо жанына кичинекей отургуч коюп койсо болот, колун жууганда суу жеңинин ичине кирип кетпейт.
Өзүнө чакан сүлгү бою жеткендей жерге илинет. Суу муздак же өтө ысык эмес мелүүн болушу керек. Көп учурда 2-3 жашар бала үй-бүлөнүн мүчөлөрү менен бирге тамактанат. Ошондуктан ага ыңгайлуу орунду таап берсе, кыйналбай азыктанат. Мындай учурлар балага майрам, анткени бул мезгилде ага ата-энеси, бир туугандары эң сүйүктүү адамдары.
Ашыкча толкунданып кетип, бала олдоксон кыймыл жасаганда, байкабас мамиле жасап кыйналып турса жардам берүү дурус. Ушул курактагы балдарды тамактанууга жасалган даярдык иштерге катыштырыш керек. Эгерде аны колунан келген жумушка тартпай чектесе, анда көңүлү бузулат. Мындай көрүнүш анын тамактануусуна терс таасирин тийгизбей койбойт. Баланы эмгекке тартуунун дагы бир жакшы жагы, эмгекчил болгонуна көмөктөшөт. 3 жашар баланы тамактандыруу учурунда ага оозун жаап, чалпылдатпай чайнаганга, оозун тамак менен өзгөчө толтурбаганга, нанды кичине үзүм менен алганга, шорулдатып ичпегенге, башкача айтканда тамактануунун маданиятына үйрөтүү зарыл. Мунун натыйжасында 3 жашка чыккан бала өз алдынча тамактануунун ыкмаларына ээ болот: - чоң кишилердин арасында тамактануунун этикалык эрежелерин өздөштүрөт, эки жакка алаксыбай, шашпай тамак ичет; - бир тамактан кийин экинчи тамактын берилишин тынч отуруп күтөт (бирок тамактардын алмашуусун чойбоо керек); - өзүнүн муктаждыктарын сөз менен билдирет, мисалы, “чай куюп бериңиз”, “кашыкты берип коюңуз”. - Тамак ичкенден кийин бата кылып, ырахмат айтат.
Бала 3 жашка чыкканда анын тамактанышы чоң кишилердин тамактанышына жакындайт, бирок дал келбейт. Анын тамак-ашынын туздуулугу, ачуулугу төмөн, эне-атасына салыштырмалуу көбүрөөк сууда, бууда бышырылган, азыраак куурулган тамактарды жейт. Күнүмдүк рационунда суюктук, сүт азыктары, жер-жемиштер, жашылчалар салыштырмалуу көп өлчөмдө. Баланы бир жашынан кийин 4 маал тамактандырууга которсо болот.
Күнүнө эртең мененки, түшкү, түштөн кийинки, кечки тамак кылууга жетишүүгө керек. Эртең мененки жана түшкү тамактануунун аралыгында бала шире ичип же алма жесе алат. Бала кийинки тамакты жебей , аппетити бузулуп калат деп коркпош керек. Жемиштер жеңил сиңичүү тамак болгондуктан, тескересинче, түшкү тамактануунун маалы келгенде, бала тамакты эңсеп калат. Балага эртең мененки тамакты саат 8 де, түшкү тамакты 12де, кечки тамакты 18 да берүү керек.
Негизги тамактануунун аралыктарында балага башка кошумча тамак берсе болот, бул баланын аппетитине жана күнүмдүк тартибине жараша байланыштуу. Мисалы , түшкү жана кечки тамактануунун аралыгында бир аз тамактануу жетиштүү болот. Бир жаштан бир жарым жашка чейинки бала күнүнө 1000-1200 мл жеши керек, эки жашында тамактын керектөө көлөмү 200 мл көбөйет. Бирок бу цифралар орточо болуп саналат, анткени көп нерсе тамактын калориялуугунан жана ток алып жүпүүчүлүгүнөн байланыштуу болот. Тамактануунун чоң маанилүүлүгү бала үчүн да, чоң киши үчүн да , адистердин оюнча, адамдардын жашоосунда эң негизги ролду ойнойт. Эң кызык нерсе, канчалык тамак аш адамдын абалына терс таасир тийгизсе-мезгилден мурун картайтып жана оорунун себеби болуп , ошончолук организмге оң таасир тийгизет, ден-соолук жана узун өмүр белек кылып берет. Бул таасир көп нерселерге байланыштуу болот; тамактын сапаты жана түрдүүлүгүнө, адам тамакты канчалык көлөмдө ичип-жегени , адамдын ынак-чөйрөсүнө, тамактанып тургандыгы баштан өткөрүлгөн ой - сезимдерге байланыштуу болот.
Жемиштер. Абдан кичине жашындагы балага жемиштерди сүргүчтөн өткөрүп, эзип берет, 2 жашында майда туурап, 3 жашында болсо, бүтүн бойдон берет. Жемиштерди балага чийки түрүндө бергени жакшы, анткени температуралык таасиринин натыйжасында жемиштердеги көп пайдалуу заттар жана витаминдер жоголот. Витаминдерден башка, жемиштерде бала организмине керектүү жемиш шекери - энергиянын булагы жана минерал туздары бар. Бирок баардык жемиштерди чоң көлөмдө жегени пайдалуу болбойт. Мисалы, алманы көп жегенде, ичти көбүртүп жогорлатынган газдын пайда болушуна себеп болот, кара өрүк - чоң заараны бошоңдотот, алмурут ич бузулгандыкка келтирет. Кулпунай, алча, карагат сыяктуу мөмөлөрдү балага 2 жаштан кийин бергени жакшы, анткени бул жашка чейин айтылган мөмөлөрдү бала организми сиңбей коюшу мүмкүн. Малина жана ага окшогон жумшак мөмөлөрдү балага эрте деле берсе болот, бирок берерден мурда мөмөнү эзип, пюре түрүндө бергени туура. Жогору айтылгандай эле, эгер баланын организмине мөмө - жемиш жегенин терс таасир тийгизсе, анда бул мөмө жемиштерди баланын рационунан убактылуу алып коюу керек .
Дарбыз-коондорду да эки жашынан кийин бергени оң. Аллергия болбос үчүн цитрус жемиштерди аз бергени аракет кылат. Азыркы учурда кээ бир врачтар мындай жөндөмдөйт; бала кайсы жерде төрөлүп-жасаша , ошол жердеги мөмө-жемиштерди жегени туура келет, себеби экзотикалык мөмөлөр баланын организмине аллергиялык таасир кылышы мүмкүн. Балага жемиштерди берерден мурда, анын ичиндеги данекти жана өзөктү сөзсүз тазалап берүү керек, баланы какоодон адын ала сактап калуу үчүн. Андан тышкары жемиштердин кабыктарын жука аарчып бергени оң, анткени кабык катуу болуп, бала аны чайнап алалбай , кыйналат. Жылдын суук мезгилинде, жаңы жемиштерди чийки жашылчалар менен алмаштырып берсе болот, мисалы, сабиз, кызылча менен. Жашылчалар. Бир жарым жашынан кийин баланын аш сиңирүүчү органдары сүртүлгөн жана кесилген жашылчаларды сиңирүүгө жетиштүү болот. Бирок, балашга жашылчаларды ошол замат бүтүн бойдон, мисалы сабизди, берегени туура эмес, андан көрө, жашылчанын кесимдерин күндөн-күнгө чоңойтуп бергени туура, баланын организми жаңы тамакка акырындап көнгөнү оң. Мезгили келгенде, балага жашылчалар бүтүн бойдон берилет, бала жашылчаны кемирип-чайнаганды үйрөнөт, себеби мындай жүк баланын тиштерине жана тиш эттерине пайдалуу келет. Жашылча тамактары ичеги-ашказанга да керектүү болот, себеби жашылчалар бул органдарга түрткү болуп, алардын жакшы иштегеп-турганын аракеттендиртет.
Мындан тышкары, жашылчалар клетчаткага (өсүмдүктөрдүн клеткаларын түзүүчү зат) бай келет. Клетчатка ичке ичегини аракеттке келдиртет. Клетчатка буурчак өсүмдүктөрдө, жашылча - жемиштерде, нанда көп болот. А дегенде, балага жеңил сиңүүчү жашылчалар берилет, помидор, бадраң, сабиз, кабак, картошка, андан кийин баланын тамак рационуна оор азыктарды киргизилет капуста, жүгөрү, буурчак өсүмдүктөрү. Жашылчаларды өтө кылдаттык менен иштетүүгө болбойт, себеби ысытуунун натыйжасында витаминдер бузулуп, учуп жоголот. Көбүнчө балдар жашылчанын даамын жактырбайт, ошон үчүн башында жашылчаларды башка азыктар менен аралаштырып, пюре, рагу, салат түрүндө берилет. Ал эми бала таптакыр жашылчаны жебей койсо, анда анын ордуна жемиштер берилет, себеби алардын витамин жана пайдалуу заттардын түзүлүшү жемиштерге окшош болот. Сүт азыктары. Сүттөгү аш болумдуу заттар организмге жакшы сиңет.
Сүт кошулган бардык тамактардын сиңимдүүлүгү артат. Сүт айрыкча балдарга керет. Баланын суткалык тамактануу рационунда 700-750 мл сүт болуу керек. Сүттүн түзүлүшүндө суу, сүт майы, белок, сүт канты, минерал заттар, А, В витаминдер ферменттер жана гормондор бар. Өсүп келе жаткан баланын организмине кальций, витаминдер жана минерал заттардан тышкары, белокко муктаждыгы бар. Белок баланын булчуң эттерин түзүп, чыңдатат. Тамактагы белоктун өтө жетишпесдигинен үч жашка чейинки балдардын денесинин жана психикасынын өсүшү абдан артта калат. Кальций баланын сөөк ткандарын чыңдап-бекемдетет. Балага сүттү кайнатып берет. Эки жашка толгон баланын рационунда сүттү азайтып, анын ордуна быштак, айран, акмай, сыр берилет. Бул азыктардын арасынан эң баалуулугу быштак эсептелет, себеби белок, майларга бай, акмай жана сары майда А жана Д витаминдер бар. Сүт азыктар негизги тамактануу сааттарында берилет.
Ак май, сары май, сыр болсо эртең мененки тамактанууда нан менен бергени туура келет. Ошондой эле эртең мененки тамактанууда балдар сүт ботколор жегени жакшы көрөт. Түшкү тамактанууда макарон, вермишелге кошулган быштак запеканканы бергени оң. Суюк айран, кефир, айран, сүттү түшкү - кечки тамактануунун аралыгында берилет. Кечки тамакка быштак , нан-май, сыр, айран же сүт берилет; жатардын астында балага 1 стакан сүткө 1 чай кашык бал кошуп берсе, бала түнү менен тынч уктап жатат. Балык тамактары. Балык аш болумдуулугу жана даамы боюнча эттен калышпайт, сиңимдүүлүгү андан өтүп кетет. Балык тамактары, өзгөчө анынн сорпосунун экстракт заттары, этке караганда ашказан ширесин көбүрөөк бөлүп чыгарат.
Балыкта белок, май, витаминдер жана минерал заттар бар. Балыктын майы суюк келет, анда А жана Д витаминдери болот. Д витамини организмдеги кальций менен фосфордун туздарын сиңирүүгө, алардын сөөк тканына чогулуусуна катышат. Д витамининин 3-4 жашка чейинки балдар(балдардын организминде Д витамин жетишпесе, итий(рахит) пайда болот),боюнда бар жана бала эмизген аялдар көп талап кылат. Негизинен Д витамини ультракызыл көк нурлардын таасиринен кишинин терисинде пайда болот. Д витамини тунец, треска, жана башка боорунда өтө көп, сары май жана жумуртканын сарысы, балык майында азырак болот. Өсүмдүк азыктарда таптакыр болбойт. Бир жашка чейинки баланын тамактануу рационуна майы аз, эти ак болгон балык берилет-мисалы, треска, камбала, форель. Ал үчүн балык бышкан, куурулган же демделген түрүндө берилет. Берерден мурда балыктын сөөк-кылкындырын тыкандуу тазалайт.
Эки жашынан баштап балага бир аз майлуу балык берилет. Бирок кээ бир балдар балыктын этин жактырбайт, анда балыкты башка азыктар менен алмаштыруу керек. Жумасына балык тамактары эки жолу берилсе, жетиштүү болот. Эт тамактары. Бир жаштагы бала эт тамактарын жесе болот. Жалпы эреже катарында, бул үчүн этти туурагычтан өткөрүп же майда тууралап берилет. Беш жашка чейин балага этти майдалап бергени туура келет, бала эт жегенде какабайт. Бардык эт түрлөрүнөн берсе болот-тоок, уй эти, торпок эти, кой эти. Азыркы мезгилде балдар үчүн атайын эт консервалары чыгарылат. Балага эт тамакты даярдоо үчүн таза жаш малдын этин колдонот.
Эт тамакты муздаткычта сактаганы туура келбейт, аны кайрадан ысытып келгенде ал тамактын пайдалуулугу жана витаминдери жок калат. Ошон үчүн балага тамакты күнүмдүк, аз жасаганы туура келет. Сосиска, колбаса, сарделька сыяктуу эт азыктары сапаты төмөнкү болгон эттерден жасалат, ошону үчүн бала жегенине сунуш кылынбайт. Ошондой эле, сүрсүгөн, өтө туздалган же татымал арбын кошулган эт тамактары начар сиңгендиктен, уулануу жана мите, чүчөк оорусун жугузуу коркунучунун туудургандыктан балдарга берүүгө болбойт.10 жашка чейинки балдардын тамактануу рационунада мурч, горчица, ачык суу болбоого тийиш.
Эртең мененки тамактанууда эт тамактардарды балага берүүгө болбойт, себеби эт жаңы ойгонгон бала организмине оор келет. Бирок түшкү тамактанууда балага эт сорпосу, же этке кошулган жашылча, дан акшактары гарнир түрүндө берилет. Кечки тамактанууда эт тамактарын аз көлөмдө берсе болот. Этти такыр эле тамактануудан алып салганы туура эмес( вегетариан тамактануу көз карашы боюнча), себеби жаш өсүп келе жаткан организмге белок муктаждыгы бар. Жумасына эт тамактары баланын тамактануу рационунда эң аз эки жолу болууга тийиш.1-1,5 жаштагы баланын 3 күндүк болжолдуу тамактандуруусу
1 күн | 2 күн | 3 күн |
Эртең мененки тамактануу - 8.00 | ||
- Балык паштети- Картошка пюре- Сүт- Нан май менен | - Жашылча же жемиш салаты- Омлет- Нан май ж-а сыр менен- Чай сүт менен | - Картошка чүчбара каймак кошулган же сүт боткосу- Нан май менен- Жемиш ширеси |
Түшкү тамактануу - 12.00 | ||
- Бадыраң-помидор салаты- Жашылча сорпо- Этпюреси сабиз менен- Жемиш ширеси | - Бышкан сүртүлгөн кычылча салаты- Балык сорпосу- Балык суфлеси- Жашылча пюреси- Мөмө кисели | - Сүртүлгөн сабиз- Борщ- Буу бышыралган котлета- Ашкабак же кабак пюреси- Кургатылган жемиш компоту |
16.00 ара тамактануу | ||
Сүт, печенье, алма | Жемиш пюреси дан үлпүлдөгү м-н, быштак, чөп чайы | Кефир, булочка же кургатылган нан, мөмө морсу |
Кечки тамактануу - 20.00 | ||
- Сырник- Сүт- Шире | - Жашылча же картошка пюреси- Кефир | - Сүт боткосу- Сүт- Жемиш пюреси |
Түнкү тамактануу - 24.00 | ||
Кефир шекер м-н же эмчек сүт | Кефир шекер м-н же эмгек сүт | Кефир шекер м-н же эмгек сүт |
1 күн | 2 күн | 3 күн |
Эртең мененки тамактануу - 8.00 | ||
- Сүртүлгөн кызылча өсүмдүк май кошулган- Сүт боткосу же даяр жука данчалар сүт кошулган- Нан май, сыр менен- Чай лимон менен | - Омлет- Сосиска- Помидор- Нан май менен- Чай сүт менен | - Быштак запеканкасы же сырник каймак менен- Сүртүлгөн сабиз же алма- Чай же компот |
Түшкү тамактануу - 12.00 | ||
- Капуста салаты- Кесме- Эт котлетасы- Помидор- Шире | - Бадыраң-помидор салаты- Балык сорпосу- Бышырылган балык картошка пюреси менен- Компот | -Винегрет-Борщ-Бышкан тоок эти-Көк буурчак-Шире |
Айран, булочка | Сүт, жабылган нан | Кефир, жемиш |
- Запеканканын бир түрү-Айран-Кургатылган нан | -Сүт боткосу-Же сүт сорпосу-Жемиш | -Картошка пюреси же жашылча рагу-Айран |
Манна боткосу - Кайнап жаткан сүткө тынымсыз аралаштыруу м-н буудай акшагын(маннаны) чууртуп салат, отту кичирейтип, коюланганга чейин кайнатат-10-15 мин, кант, туз кошуп аралаштырат. Үстүнө акмай салып берет. 1 аш кашык маннага 100 мл сүт керек, туз-шекер даамга жараша салынат. Арпа боткосу - акшакты тазалап, жууп, ага туздалган сүт куят. Коюланганга чейин кайнатат, андан кийин май кошуп духовкага 25-35 мин коет. Боткого сүт куюп берет, о. э. эттен жасалган тамактарга гарнир катары берсе болот. 4 аш. каш. акшакка 1,5 стакан суу, 1-2 чай каш. май керек. Таруу ботко - акталган тарууну тазалап, жылуу сууга абдан жуйт, кайнак суу куят; суусун төгүп мискейге салат, ысык суу куюп, май, туз, кааласа кант кошот, улам аралаштырып, коюуланганга чейин кайнатат.
Андан кийин отко демделсин үчүн духовкага коет.1стакан акталган тарууга 2 стакан суу,1 аш кашык акмай, туз, шекер. Ашкабак кошулган таруу ботко - Кабыгы арчылып, данектеринен тазаланган ашкабакты майда туурай, суу кошулган кайнак сүт куят, кант, туз салып, 5-10 мин кайнатат. Андан кийин тарууну салат, абдан аралаштырып, дагы 30-40 мин кайнатат.200 гр ашкабак,1/3 стакан таруу,1 стакан сүт же суу,0,5 аш кашык кумшекер,2-3 ашкаша акмай, туз. Балык сорпосу (уха) - ар кандай балыктан бышырылат. Балыкта тазалап, абдан жууйт. Даярдалган балык мискейге салынып, муздак суу куюлат, туз, пияз, лавр жалбырагын ж-а азык тамырлары кошулуп, кичине отто 40-60 мин жай кайнатылат. сорпо даяр болгондо чыпкаланат. Балык сорпосу(балыксыз) чынага куюлуп самса м-н берилет.
Бышырылган балык өзүнчө берилет. 200 гр балыкка 600 мл суу,1 баш пияз,1 ден ашкөк ж-а сельдерей керек, туз, лавр жалбырагы даамга жараша салынат. Винегрет - бышырылган жашылчалардан жасалган муздак закуска, эттен жасалган тамактарга гарнир катары берсе де болот. Жашылча винегрет - картошка, кызылча, сабизди аарчыбай өзүнчө бышырат. Андан кийин ал жашылчаларды муздатат, аарчыйт, майда туурайт , жайпак идишке салат. Тазаланган ж-а тууралган туздуу бадыраң же туздалган капуста, көк буурчак же бышкан төө буурчак, майда тууралган пияз же көк пияз, туз, кум шекер кошот. Суу май куюп(каймак же майонез кошсо да болот), салатка салгычка салып, аралаштырат.3 картошка,1 кызылча, 1 сабиз,1 туздалган бадыраң, 2 аш кашык суу май, туз, шекер даамга жараша кошулат.
Котлет - эт, балык, үй куштары м-н илбеесин этинен, жашылчадан жасалат. Жашылча котлети - бышырылган картошка, капуста, сабиз, же аш кызылчасынан, акшак котлетасы, күрүч, таруу, буудай, арпа акшактарынан жасалат. Күрүч котлети - күрүчтү сууга эзилте бышырып ботко даярдайт, бираяз муздатып, кум шекер м-н жумуртка кошот, аралаштырат, котлета сыяктуу бөлөт, сухарга бөлөп алып, майы бар ысык табага сырты кызарганча куурат. Каймак же козу карын соусу м-н берет(мындай учурда боткого кант кошпойт).1стакан күрүкө 2,5 стакан суу,1 аш кашык шекер, туз0,5 стакан сухар уну,2 аш кашык суумай,1 жумуртка. Тууралган эт котлети - этти сөөктөн бөлүп тарамыштарынан тазалайт, бөртө туурап, эт туурагычтан өткөрөт, каткан нанды муздак сүүга же сүткө чылап туруп кошот, туз, кара мурч, майдаланган чийки пияз даамга жараша салат, аралаштырат да эт туурагычтан дагы бир жолу өткөрөт.
Алынган котлета массасын бирдей кылып бөлөт(болжол 50 гр дан),сүйрү формага келтирип, майдаланган ак сухардга бөлөйт, табаны абдан ысытып, май салат да, уулам оодарып турупсырты кызарганча куурат; мындан кийин отту кичирейтип, бышканка чейин дагы куурат(5-10 мин).500 гр сулп этке 100 гр нан,3/4 стакан ауу же сүт,1 баш пияз,0,5стакан майдаланган сухар уну,2 аш кашык суу май, туз, мурч даамга жараша. Паштет - эттен, боордон эзип, жууруп жасалган тамак. Кээде балыктан жана жашылчадан (баклажан, төө буурчактан ж. б) жасалат. Паштетти узун убакыт сактоо болбойт.100г торпоктун бооруна 20гр. өсүмдүк май, 20гр. акмай, 1 кичине сабиз,1 баш пияз,1 стакан муздак сорпо Боор паштети - Сабиз м-н пиязды майда туурап, аларды суу май м-н чала куурат, чарчылап кесилген чийки боорду кошуп, туздап, мурчтап, бышканга чейин куурат. Даяр болгон боорду бардык кошумчалар м-н бирге2-3 жолу же кашык м-н абдан чалып, аралаштырат, аралаштырган кезде улам акмай салып, аз-аздан эттин же тооктун сорпосун куюп турат. Пюре - жашылчаларды, жер-жемиштерди, картошканы эзип, сүрүп жасалган тамак. Картошка пюреси - сууга же бууга бышырылган ысык картошканы сүргүчтөн өткөрөт, же атайын эзгич м-е бүдүрү калбагыдай кылып, эзет, май, туз кошуп, кол үзбөй аралаштырып азаздан ысык сүт куят.
Андан кийин пюрени бүдүрү калбасы үчүн абдан чалат.2 ири картошка,100гр сүт,1 аш каш. акмай, т уз даамга жараша. Сабиз пюреси - аарчылган ж-а жуулган сабизди жумшарганга чейин бууда бышырат. Электен сүрүп өткөрөт, коюу сүт буламыктан, даамга жараша туз, шекер кошот, кайнаганга чейин ысытып, абдан аралаштырып, каймак куюп, берилет.100гр сабизге 50 гр сүт буламыгы, туз, шекер даамга жараша. Омлет - нагыз(суу, сүт же кам каймак да кошсо болот), о. э.ар кандай азыктар(колбаса, сосиска, помидор, жаңы көк өсүмдүктөр ж. б.) кошулуп жасалат;аларды көбүнчө эртең менен берет. Нагыз омлет - Чийки жумурткага сүт жана туз кошуп, вилка менен чалат, май куюлган табаны ысытып, ага жумуртка массасын куят да, отту чоңойтуп куурат. Омлет коюла баштаганда бычак м-н эки жагынан тегерегин көтөрүп, ортосун көздөй бүктөйт, бүктөсүн төмөн каратып табака салат, ак май м-н майлап берет.3 жумурткага 1 аш кашык сүт,1 аш кашык ак май керек, туз даамга жараша салынат. Көк пияздуу омлет - чалынган жумурткага сүт, пияз, майда тууралган көк пияз1 аш кашык кошот.
Жогоруда көрсөтүлгөн рецепт б-ча куурулат. Сырник - быштакты сүрүп электен же эт туурагычтан өткөрүп, ун, кум шекер, туз, чийки жумуртка кошот. Баарын жакшылап аралаштырып, ун себеленген столго коюп, батондун формасын берет. Туурасына бирдей өлчөмдө бөлүп - бөлүп кесип, жалпайтып, тегеректейт, унга же сухарга бөлөп алып, табадагы ысык майга адегенде бир бетин, андан кийин экинчисин кызартып куурат. Кум шекер же ванилдүү кант упасын сээп, дасторконго коет, каймак өзүнчө берилет.500 гр быштакка 1 жумуртка,3 аш кашык ак май,1/4 стакан буудай унун,3 аш кашык кум шекер же кант упасы,0,5 стакан каймак керек, ваниль татымына жараша кошулат, цедра кошкон да жакшы. Рагу - эт азыктардан же жашылчалардан жасалуучу коюу тамак.
Жашылча рагу - керектүч жашылчаны (картошка, сабиз, шалгам, пияз, капуста, ж-а кабыктуу буурчак) туурайт. Буурчак м-н капуста чала туздалган бир аз сууга бышырылат, картошканы кууруп, сабиз м-н пиязды бир аз демдейт. Баарын аралаштырып, идишке салат. Унду майга кууруп, жашылч маңызына(капуста м-н буурчак бышырылган) аралаштырат, майда тууралган жаы помидор же томат-пюре кошуп кайнатат. Бул татымалды жашылчага куят, туз, мурч салып, эттияттык м-н аралаштырат, капкакты жаап, отту кичирейтет да, демдеп бышырат25-30 мин.500 гр картошкагаЗ сабиз, 250 гр шалгам, 250 гр ак тже түстүү капуста, 100 г көк кабыктуу буурчак же көк буурчак, 2 баш пияз, 2 помидор же 2 аш кашык томат-пюре, 3 аш кашык акмай, 1 кашык ун, 1 стакан жашылча маңызы же сорпо, 2 лавр жалбырагы, 3 тоголок кара мурч керек, туз даамга жараша салынат.