Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Бермуд үч бурчтугу

Баш барак | Башкалар | Бермуд үч бурчтугу

Бермуд үч бурчтугу (англисче Bermuda Triangle) — Саргасс деңизиндеги (Атлантикалык океан) аймак, мында деңиз жана аба кемелеринин сырдуу жок болуп кетүүлөрү жана башка аномалдуу көрүнүштөр болуп турат имиш. Аймак Майами, Бермуд аралдары жана Сан-Хуандагы (Пуэрто-Рико) чокулар үч бурчтугу менен чектелген.

Мазмуну
Бермуд үч бурчтугу
Бермуд үч бурчтугу
Бермуд үч буртугунун классикалык чектери (Google map)
Классификация
ТопПаранормалдык аймактар
Баяндалышы
Башка аталышыШайтан үч бурчтугу
Координаттары26°37′45″ түндүк кеңдик 70°53′01″ батыш узундук
АймакСаргасс деңизи
АбалыШаардык легенда

Навигация үчүн татаал аймак: көптөгөн сайроондор, тайыз жерлер көп жайгашып, көбүнчө циклондор жана деңиз үстүндөгү катуу шамаалдар жаралат.

Бермуд үч буртугунун аймагындагы сырдуу жоголуулар теориясынын жактоочулары, андай кубулуштарды түшүндүрүү үчүн түрдүү гипотезаларды айтып келишет: адаттан тыш аба ырайы көрүнүштөрүнөн баштап башка планеталардын жашоочуларынын алып кетүүлөрү же Атлантиданын жашоочуларына чейин. Бирок, скептиктер, Бермуд үч бурчтугундагы кемелердин жоголушу Дүйнө океанынын башка аймактарындай эле деп, табигый себептер менен түшүндүрүшөт. Ушундай эле ойду АКШнын Жээк сакчылары жана Loud`s камсыздандыруу мекемеси колдойт.

Тарыхы

Дүйнөнүн бул бөлүгүндөгү «сырдуу жоголуулар» жөнүндө биринчилерден болуп Associated Press уюмунун кабарчысы Эвард Ван Винкл Джонс эскерген — 1951-жылы ал бул аймакты «шайтан деңизи» же «сырлар деңизи» деп атаган.

«Бермуд үч бурчтугу» сөз айкашын 1964-жылы жазуучу Винсент Гаддис колдонгон. Ал «Аргоси» журналында «Өлүм алып келүүчү Бермуд үч бурчтугу» (анлисче The Deadly Bermuda Triangle) аттуу макаласын жарыялап, анда торперда алып жүрүүчү бомбалагыч 19-топтун кызыктай жоголуп кетүүсү жөнүндө жазган.

XX кылымдын 60-жылдарынын аягында жана 70-жылдардын башында «Бермуд үч бурчтугу» сырлары жөнүндө көптөгөн басма жарыялар пайда боло баштаган.

1974-жылы Бермуд үч бурчтугундагы аномалиялар бар дегендин жактоочусу, америкалык лингвист Чарльз Берлиц «Бермуд үч бурчтугу» аттуу китеп чыгарат, китепте аймактагы сырдуу жоголуулар баяндалган. Китеп элдин кызыгын жаратып, Бермуд үч бурчтугунун адаттан тыш касиеттер теориясынын атагын чыгарган. Бирок, кийинчерээк китептеги кээ бир фактылар туура эмес баяндалган деп көрсөтүлгөн.

1975-жылы скептик-реалист Лоуренс Дэвид Куше «Бермуд үч бурчтугу: мифтер жана реалдуулук» аттуу китебин чыгарып, аймакта эч кандай табияттан тышкары жана сырдуу нерселер болбогонун далилдеп келген. Бул китеп көп жылдык изилдөөлөр, документтер жана күбөлөр менен баарлашууларга негизделип, Бермуд үч бурчтугу тууралуу көптөгөн фактылык каталар, так эместиктер келип чыккан.

Окуялар

Сырдуулук теориясынын жактоочулары XX кылымда болжолдуу 100 ири деңиз жана аба кемелеринин жоголушу жөнүндө айтып келишет. Жоголуулардан тышкары эч бир бузугу жок, бирок, экипажы таштап кетилген кемелер, мейкиндикте дароо которулуу сыяктуу адаттан тыш көрүнүштөр, убакытка тиешелүү аномалиялар жана башкалар айтылат. Лоуренс Куше жана башка изилдөөчүлөр бул окуялардын кээ бирлери Бермуд үч буртугунан тышкаркы аймакта болгондугун көрсөтүшкөн. Ал эми кээ бир окуялар боюнча официалдуу булактардан маалымат таптакыр табылган эмес.

«Эвенджерлер» тобу (№ 19 учуу)

Бермуд үч буртугуна байланыштуу эң белгилүү окуя катары «Эвенджер» түрүндөгү беш торпеда алып жүрүүчү бомбалагыч учактардын жоголуусу саналат. Бул учактар 1945-жылдын 5-декарында Форт-Лодердейлдеги АКШнын аскер-деңиз күчтөрүнүн базасынан учуп чыккан боюнча кайтып келген эмес. Учактардын сыныктары да табылган эмес.

Берлицтин маалыматына ылайык, 14 тажрыйбалуу учкучтан турган эскадрилья күн ачык, деңиз тынч абалында жөнөкөй учууга чыгышып, сырдуу себептер менен жок болуп кетишкен. Учкучтардын база менен болгон радио сүйлөшүүлөрүндө алар жол көрсөтүүчү жабдыктардын кандайдыр бир түшүнүксүз иштебей калуусу жана кызыктай визуалдуу эффектилер жөнүндө айткандыгы баяндалат — «биз багытыбызды аныктай албай жатабыз, океан адаттан тыш көрүнүп жатат», «биз ак сууларга түшүп баратабыз». Эвенджерлердин жоголуусунан кийин аларды издөөгө башка учактар жөнөтүлүп, алардын бири — «Мартин Маринер» аталган гидро учак дагы дайынсыз жоголуп кеткен.

Кушенин версиясы боюнча учкучтар тобу чындыгында машыгуучу учууларды аткарып жаткан курсанттардан турган. Тажрыйбалуу учкуч бир гана көрсөтмө берүүчү, лейтенант Тейлор Форт-Лодердейлге которулганына аз убакыт болуп, учуу аймагын жакшы билген эмес.

Жазылган радио сүйлөшүүлөрдө эч кандай сырдуу көрүнүштөр жөнүндө сөз болгон эмес. Лейтенант Тейлор багытын жоготуп, компасы иштебей калганын билдирген. Ордун аныктоого аракет кылып, учактар тобу Флоридадан түштүгүрөөк Флорида-Кис аралдарынын үстүндө деп ката эсептеп алган, ошондуктан ага күн менен багыт алып түндүккө учууну сунушташкан. Балким чындыгында учактар дээрлик чыгышыраак жайгашып, жээкке жарыш түндүктү карай жүрүп отурушкан деп кийинчерээк анализ чыгарышкан. Радио байланыштын начарлыгы (башка радиостанциялардын кедергиси) эскадрильянын так ордун аныктоого жолтоо жараткан.

Бир нече убакыттан кийин Тейлор батышты карай учууну чечкен, бирок жээкке жетишкен эмес, учактарда күйүүчү май түгөнүп калган. Эвенджерлер экипажы суу үстүнө конууга аракет кылууга аргасыз болушкан. Ал мезгилде күн батып, караңгы түшүп, ошол аймактагы кемелердин билдирүүлөрү боюнча деңиз абдан тынч эмес абалда эле.

Тейлордун тобу адашып калганы анык болгондон кийин, аларды издөөгө башка учактар жөнөтүлгөн, анын ичинде эки «Мартин Маринер» учагы бар болчу. Кушенин ою боюнча Мартин Маринер түрүндөгү учактардын бир кемчилиги бар эле, күйүүчү майдын буулары кабинанын ичине кирип турган жана жарылып кетүү үчүн кичинекей гана учкун жетиштүү эле дейт. «Гейне Миллс» (англисче Gaines Mills) танкеринин капитаны жарылууну, сыныктардын түшүп баратканын байкап, андан соң деңиз үстүндө май тактарын көргөнүн айткан.

C-119

C-119 учагы ичинде 10 экипаж мүчөлөрү менен 1965-жылдын 6-июнунда Багам аралдарынын аймагында жоголуп кеткен. Так жоголуу жери жана убактысы белгисиз, издөө иштери натыйжа берген эмес. Атлантика аркылуу учуп өтүүдө учактын жоголуусу көптөгөн табигый себептер менен түшүндүрүлүшү мүмкүн, бирок, МККлар көп учурда бул окуяны башка планеталыктар тарабынан адам уурдалуусу менен байланыштырышат.

Түшүндүрүү аракеттери

Бермуд үч бурчтугу сырларынын тарапташтарынын ойлору боюнча ал жактагы сырдуу кубулуштарды түшүндүрүү үчүн бир нече ондогон түрдүү гипотезаларды келтиришкен. Бул гипотезалардын ичине кемелерди космостон келгендер же Атлантиданын жашоочулары тарабынан уурдалышы, мейкиндиктеги убакыт тешиктери же жаракалары аркылуу бир жерден экинчи жерге которулушу жана башка паранормалдык себептер кирет. Булардын бири дагы тастыкталган эмес. Башка авторлор муну илимий жактан түшүндүрүүнү аракет кылышууда.

Скептиктер Бермуд үч бурчтугундагы сырдуу окуялар жөнүндөгү билдирүүлөр өтө эле апыртылып берилген дешет. Деңиз жана аба кемелери жер шарынын башка аймактарында деле дайынсыз жоголуп кетишет. Радионун бузуктугу же кырсыктын кокустугу экипажга кырсык белгисин берүүгө жолтоо болушу мүмкүн. Деңиздеги сыныктарды издөө — оңой эмес маселе, өзгөчө деңиз бороону болуп турганда же кырсык болгон жер белгисиз болсо. Бермуд үч бурчтугунун аймагындагы жандуу кыймылдарды, тез-тез болуп туруучу циклондор жана бороондорду, көптөгөн тайыз жерлерди эске алганда бул жердеги түшүндүрүүгө мүмкүн болбогон кырсыктардын саны адаттан тыш көп эмес. Андан тышкары, Бермуд үч бурчтугунун жаман атагы өзүнөн-өзү ага тиешеси жок же андан алыс болгон кырсыктарды кошуп коюшу мүмкүн, а бул чыныгы статистикага жасалма бурмалоолорду кошот.

Метандын чыгышы

Газдын чыгышы менен кемелердин жана учактардын кокустан өлүмгө учуроосунун бир нече гипотезалары сунушталган — мисалы, деңиз түбүндөгү метан гидратынын бөлүнүүсүнөн улам. Ушундай гипотезалардын бирине ылайык, сууда метанга каныккан чоң аба шарлары пайда болуп, анда тыгыздык ушунчалык аз болгондуктан кемелер сүзүп жүрө албай дароо чөгөт деп саналат. Абага көтөрүлгөн метан учактардын кыйрашына дагы алып келет деген божомолдор бар — мисалы, төмөн тыгыздыктагы аба, көтөрүү күчүн төмөндөтүп, альтиметр көрсөткүчтөрүн бурмалайт делет. Андан тышкары, абадагы метан учактардын кыймылдаткычтарды токтотуп, алардын жарылуусуна алып келиши мүмкүн.

Эксперименталдык түрдө газ чыккан аймакта калган кемелердин чындыгында тез чөгүп кетүүсү (он секунданын ичинде) аныкталган, бирок, эгер газ чоң бир аба шары болуп чыкса жаа шардын көлөмү кеменин узундугуна тең же андан чоң болсо. Бирок, мындай газдын чыгуусу маселе бойдон калууда. Андан тышкары, метан гидраты дүйнө океандарынын башка бөлүктөрүндө деле бар, жана андай жерлерде кемелердин массалык түрдө жок болуп кетүүсү байкалган эмес.

Адашкан толкундар

Кээ бир кемелердин кыйроосунун себептери, анын ичинде Бермуд үч бурчтугундагылардын дагы, бийиктиги 30 метрге чейин жеткен адашкан толкундар болушу мүмкүн деген жоромол ойлор да айтылып жүрөт.

Инфра үн

Деңизде белгилүү бир шарттарда инфра үн жаралышы мүмкүн деген божомолдор да бар, мындай үндөр экипаж мүчөлөрүнө таасир этип, паникага жана голлюцинацияларга алып келип, натыйжада адамдар кемелерди таштап кетет делет.

Маданияттагы чыгармаларда

Бермуд үч бурчтугунун темасы түрдүү маданият чыгармаларында өтө популярдуу. Бермуд үч бурчтугу жөнүндөгү легенда тууралуу фильмдер жана кичи сериалдар тартылган. Ал жөнүндө белгилүү фильмдерде, мульфильмдерде жана сериалдарда көп кезигет, мисалы, «Арбактар аңчылары», «Сырдуу материалдар», ошондой эле «Өрдөктөр окуялары» мультсериалында да.

Бермуд үч бурчтугунун темасына көптөгөн псевдо илимий теле берүүлөр арналган. Албетте, бул тема кино жана ММКны да четте калтырган жок, түрдүү маалыматтардын чеги жок десек болот. Ютуб видеохостингинде Бермуд үч бурчтугуна арналган видеолор бүгүнкү күнгө чейин да чыгууда.

Жайгаштыруу: 2021-03-31, Көрүүлөр: 2920, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2021-03-31
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу