Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Беринг Витус (1681-1741)

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Беринг Витус (1681-1741)

Кеч күз. Тынч океандын түндүк жагында катуу толкун күчөөдө. Кеме бирде өркөчтөнгөн толкундун кырына чыкса, бирде оюна түшөт. Булуттар түрмөктөлүп бүткүл асманды чулгап, моряктар көптөн бери күндү да, жылдыздарды да көрө элек. Алар ачкан Американын түндүк-батыш жээктери артта калып, алдыда - толкундап, күрпүлдөп-шарпылдаган океан мейкини. Бир убакта вахтадагы моряктын Жер! деген кыйкырыгы жаңырды. Бардыгы тең, ал тургай каражамадан (цинга) жапа чегип, араң жан болгондор да кеменин палубасын көздөй жөнөштү. Катуу оорулуу капитан-командор Витус Беринг да каютасынан атырылып чыкты. Витус Беринг жаңы жерлерди биринчи болуп ачкандардын, дүйнөнүн картасында ысымы калган саякатчылардын бири. Ал Данияда төрөлгөн. Бирок жаш кезинен эле орус падышасы Пётр 1нин флотуна кызмат кылууга өтүп, Россия анын экинчи мекени болуп калган.

Беринг өтө татаал деңиз жүрүштөрүнө катышып, орус желеги менен шведдерге каршы согушкан. Жер кезүүчү казак - орус Семён Дежнёвдон кийин биринчи болуп Азия менен Американы бөлүп турган кысыктан сүзүп өткөн. Бул саякатында ал материктер түндүк жагынан бирикпей тургандыгын, аларды кысык бөлүп турарын биротоло далилдеген. Ыйык Пётр жана Ыйык Павел деген эки кеме Петропавловский гаванынан июнь айынын бир күнүндө эртең менен Түндүк Американын али белгисиз жээктерин көздөй бет алат. Айлана бейкут, асман ачык. Бирок көп өтпөй катуу толкун башталат. Мурун көрүп-билбеген, бууракандаган деңизде моряктарга өтө кыйын болгон. Акыры бир айдан ашыгыраак убакыттан кийин алар Алясканын түштүк жээгине жетишкен. Антип-минтип күз да кирип келет.

Аба ырайы күн өткөн сайын начарлап, моряктар каражама менен ооруй баштайт. Беринг кайра кетүүгө шашылат, анткени ал күзгү бороондон, тумандан, бөтөн жээкте аргасыз кыштап калуудан чочулаган. Кайра кайтып келе жатып экспедиция жаңы аралдарды ачат. Ошол аралдардын бири - Алеут, экинчиси каражамадан өлгөн шайыр матрос Шумагиндин урматына анын ысмы менен аталат. Шумагин бүткүл команданын сүймөнчүгү болгон. Ал эми каражама болсо улам күчөй берет. Моряктар аман кутуларына көздөрү жетпей, үмүт үзө башташат. Мына ушул убакта алыстан Камчаткага окшогон жээк көрүнөт. Бирок моряктар тез эле анын башка бир белгисиз, дарагы жок, жылаңач жер экендигин көрүшүп, көңүлдөрү чөгөт.

Беринг Камчаткага чейин аз калды деген үмүт менен сүзүүнү андан ары улантууну ойлойт. Бирок моряктардын ушул жерге кыштоо жөнүндөгү өтүнүчүнө бул жер анын эң акыркы токтогон жери боло тургандыгын сезип турса да көнүүгө мажбур болот. Жылуу үй, жакшы тамак болсо, алтымыш жаштагы капитан оңолуп, сакайып кетиши мүмкүн эле. Бирок Беринг нымдуу, суук жер тамда жалгыз жатты. Шымтан куюлган кум капитандын бутун калыңдап жаба берди. Беринг аны тазалаткан жок, анткени кум аны бир аз жылытчудай сезилген эле. 1741-жылы 8-декабрда моряктар командорун акыркы сапарга узатышкан.

Алар өздөрүнүн токтоо, адилет капитанын жакшы көрүшчү. Берингдин сөөгү коюлган арал, ошондой эле Азия менен Американы бөлүп турган кысык жана Берингдин кемелери сүзгөн Тынч океандын түндүгүндөгү деңиз анын ысмынан аталган.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 840, Өзгөртүлгөн: 2016-05-22, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо