Тамак-аш үчүн өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын продукциялары колдонулат. Тамак-аштын белоктору, майлары, углеводдору, минерал туздары, витаминдер, микроэлементтер жана суу азык заттар деп аталат. Бул заттар клетканын химиялык курамын түзөт жана тиричиликте өзгөрүп турат. Азык заттар энергиянын да булагы. Алар организмде химиялык жол менен көптөгөн процесстердин натыйжасында жөнөкөй кошулмаларга ажырайт. Мына ошол ажыроо процессинде энергия бөлүнүп чыгат. Биз ар түрдүү тамак-аш менен тамактанабыз. Ар кандай азык-түлүк организмде ар кандай өлчөмдө энергияны пайда кылат.
Мындан башка дагы азык заттардын көп мааниси бар. Белокко бай тамак азыктары баланын өсүшүнө абдан керек. Ошондуктан мындай тамактарды (буурчак, маш буурчак, жаңгак, жумуртка, эт, сүт, балык) “өстүрүүчү” тамактар деп аташат. Ысык өлкөлөрдө эттен жасалган тамактар көп ичилбейт. Кыргызстан тоолуу өлкө болгон соң, шартка жараша эли эттүү тамак жейт. Өсүп жаткан баланын организминин белокко, өзгөчө эт белогуна муктаждыгы чоң. Майга жана углеводдорго бай тамак азыктары (малдын жана өсүмдүк майы, картөшкө, күрүч, жүгөрү) “энергиялык” тамак деп аталат. Мындан башка баланын организмин ар кандай оорулардан сактап турууга жардам берген азыктар бар. Бул азыктар витаминдерге бай. Ошондуктан бардык жер жемиштер, көпчүлүк жашылчалар “коргоочу” тамак деп аталат.