Ар түрдүү иш-аракетке ээ болуу окуу жана тарбиянын таасири астында өтөт да, ал жалаң гана чоңдордун каалоосуна көз каранды болбойт, анткени бала бардык аракеттерди белгилүү ыраатуулукта өздөштүрбөйт. Бул эки себеп менен аныкталат. Биринчиден, эң алгач жөнөкөй, кийин татаал аракеттер баланын мурунку жетишкендиктери менен чектелет. Экинчиден, бала жаңы аракеттерди үйрөнөт, ал баланын көрсөтүүсүнө жана кызыгуусуна туура келип, аны кызыктырган тигил же бул иш-аракетке багытталат.
Мисалы, мектепке чейинки бала жаңы аракеттерди башка шарттарга караганда оюн формасында берилип, оюнда пайдаланганда жеңил өздөштүрөт. Мектепке чейинки баланы төмөнкү берилген татаал тапшырманы аткарууда изилдешкен. Төрт жашар балдардан узак убакытка чейин кыймылдабай, түз турууну талап кылганда, кыйналып, аткара алышкан эмес. Бирок оюн формасында күзөтчүнүн ролун аткарганда төрт жашар балдар кыймылдабай, узак убакыт күзөткө турушкан. Мектеп жашына чейинки куракта бала иш-аракеттин бир нече түрүн ырааттуу өздөштүрөт.
Алардын ичинен иш-аракеттин негизги үч түрү: карым-катнаш ( катнаш, пикир алмашуу) заттар менен аракетенүү, оюн иш-аракети белгиленет. Баланын чоңдор менен эмоционалдык мамилеси, заттар менен жөнөкөй аракетти өздөштүрүүдөн мурда пайда болот. Ымыркай чоңдордун кайрылып сүйлөгөн сөзүн түшүнбөсө да аларды көргөндө жылмайып, узак убакыт аны карайт.
Баланын эмоционалдык абалына чоңдордун аракети түрткү болот (баланы колуна алат, ага үн салат, эңкейип жылмайат). Эң кичине бөбөктүн (1-3 жаш) кызыгуусу чоңдор менен болгон мамиледен, заттарга өтөт, бала заттар менен аракеттенүүгө көнүгө баштайт. Заттарды пайдалануу ыгына ээ болуу менен бала өз алдынча боло баштайт, чоңдордун аракетин тууроо мүмкүнчүлүгү пайда болот, алар менен бирге аракеттенүүдө, өзүнө, өзүнүн аракетине карата белгилүү мамилени талап кылууга умтулат, чоңдордун көңүл буруусун, мактоону талап кылат. Соңку кадам – ролдук оюнга өтүү.
Бала өз алдынча боло баштайт, чоңдордой болууга умтулуп, алардын ролун аткарууда буюмдар оюнчуктар, аракеттенүүдө кыялдануу менен алмаштырылат. Муну алар "оюн аракетинде" аткарышат. Демек, баланын керектөөсү жана кызыгуусу ар дайым чоңдор менен байланышкан. Баланын мүмкүнчүлүгүнүн өсүшүнүн натыйжасында мындай байланыш жаңы формага ээ болот.
Пайда болгон жаңы керектөөлөр иш-аракеттин жаңы түрүнүн пайда болушунун негизи катары кызмат кылат. Жаңы аракеттерди өздөштүрүү баланын мүмкүнчүлүгүн жогорулатат жана негизги иш-аракеттин жаңы түрүнүн пайда болушунун өбөлгөсү катары кызмат кылат. Баланын өзүнчө жаңы аракеттерди өздөштүрүүсү, иш-аракетте оюнчук менен тигил же бул аракеттерди аткарууга көнүгүүсү катары каралат (куурчакты кроватка жаткырып терметкенге, кубикти машинеге салып ташыганга ж. б.). Эгерде балада өзүнүн айланасында адамдардын жашоосуна, алардын функциясын жеткиликтүү формада аткарууга умтулуп, кызыгуу болбосо, бул аракеттер ролдук оюндун пайда болушун камсыз кылбайт (энесин, атасын, шоферду ж. б. тууроо). Жаңы иш-аракетке өтүүсү чоңдордун үйрөткөнүнө гана эмес, баланын коомдогу жашоо шартка да байланыштуу.
Негизги иш-аракетте баланын, керектөөсү жана кызыгуусу байкалат, иш-аракеттин бул түрлөрүндө ар бир жаш курак үчүн маанилүү аракеттер, психикалык сапаттар жана инсандык касиеттер калыптанат. Баланын иш-аракети бул негизги иш-аракеттер менен толук мүнөздөлбөйт. Булар менен катар баланын психикасынын өнүгүүсүнө өз таасирин тийгизген иш-аракеттин, башка түрлөрү пайда болуп өнүгөт.
Үч жаштан жети жашка чейинки куракта оюн менен катар бала иш-аракеттин көркөм чыгармачыл түрүнө сүрөт, чаптоо, бир нерсенин турпатын жасоо, конструкциялоого үйрөнөт. Ал ар түрдүү эмгек жана окуу тапшырмаларын аткарат, бирок мектепке чейинки балдарда эмгек жана окуу атайын иш аракет катары бөлүнүп берилбестен, алар кийинчерээк түзүлөт. Билимдерди системалуу, максаттуу өздөштүрүүсү окуунун мүнөзү мектеп жашында пайда болот, ал эми эмгек коомдук өндүрүшкө катышкан адамдардын негизги иш аракети. Эмгектин ар бир түрү, анын аткарылышында жана өркүндөшүндө зарыл болгон аракеттерди өздөштүрүүгө жана психикалык сапаттардын түзүлүшүнө көмөк көрсөтөт.
Мисалы, оюн баланын ойлонуусунун, кыялдануусунун өнүгүүсүндө, алардын жүрүм-турумдун нормасын өздөштүрүп, балдар менен өз ара мамиленин түзүлүшүндө маанилүү, бирок ал кабыл алуунун өнүгүүсүнүн атайын, негизги шарты боло албайт. Мында сүрөт тартуу жана конструкциялоо өзгөчө мааниге ээ. Затты жакшы тартуу же татаал үлгүнүн конструкциясын кайра чагылдыруу анын өзгөчөлүктөрү менен толук жана так таанышуунун негизинде мүмкүн болот. Ошондуктан сүрөт тартуу жана конструкциялоо баланын кабыл алуусунун өнүгүүсүнүн шарты.
Л. А.Венгер иш-аракетте заттардын формасын 4-5 жаш курактагы балдардын кабыл алуусунун өзгөчөлүгүн изилдөөнүн негизинде көрүү аркылуу кабыл алуунун өнүгүүсү перцептивдүү аракеттерди пайда кылып, аны калыптандырат деп белгилеген. Перцептивдүү аракеттер баланын ойлоо актысында жана үлгүнү чен бирдик катары пайдаланганда чагылдырылат. Бөбөктө кабыл алуунун пайда болуп өнүгүүсү башка психикалык процесстер менен байланыштуу өтөт. Мисалы, мейкиндикте заттардын өзгөчөлүгүн көрүү аркылуу кабыл алууда баланын түшүндүрүүсү маанилүү. Кабыл алуудагы активдүү аракет баланын ой жүгүртүүсүндө маанилүү.
Кабыл алуудагы активдүү аракет баланын ой жүгүртүүсүнө, түшүнүгүнө, речинин өнүгүүсүнө таасир этет. Көркөм чыгармачылык иш-аракети баланын психикасынын өнүгүү шарты. Иш-аракеттин кайсы гана түрү болбосун баланын аң-сезиминин пайда болуп өнүгүүсүнүн өбөлгөсү. Иш-аракетте баланын курбалдаштары жана башка адамдар менен болгон карым-катнаштарында, анын кызыгуусунун, кабыл алуусунун, сезиминин көп жактуулугу байкалат. Иш-аракетте баланын психикасы гана өнүгүп калыптанбастан, анын инсандык сапаттары да калыптанат.
Инсандык бардык сапаттар ар түрдүү иш-аракетте баланын активдүүлүгүнүн негизинде пайда болуп калыптанат. Иш-аракетте баланын иштеген ишинин мазмунуна, аткаруу жолуна, мамилесине, иштин шартына байланыштуу анын психикалык процесстери менен катар, керектөөсү, жөндөмдүүлүгү калыптанат, билимдердин системасы бышыкталат. Ар бир иш-аракет аң-сезимдүү түрдө белгиленген милдетте багытталат.