Балдар психологиясы психиканын өнүгүүсүн изилдөөдө жалпы психологиянын ыкмаларын пайдаланат, бирок айрым методдор баланын жаш өзгөчөлүгүнө ылайык тандалат. Мындайча айтканда анкета методдун эрте жаш курактагы бөбөктөргө пайдалануу мүмкүнчүлүгү өзгөчө чектелген. Психология илиминде илимий изилдөөнүн төрт тобу белгиленет. Ү тобу – изилдөөнүн уюштуруу ыкмалары: салыштырмалуу ыкма, лонгитюддук ыкмасы. II тобу – изилдөөдө илимий берилгендерди жыйноодо колдонулуучу эмпирикалык методдор: байкоо, эксперимент, тест, анкета, аңгеме ж. б. III тобу – эксперименталдык маалыматтарды иштеп чыгуу ыкмасы.
Алынган фактыларды сандуу жана сапаттуу илимий көз карашта талдоо. IV тобу – (интерпретация) жыйналган илимий фактылардын негизинде психиканын өнүгүү деңгээлинин өзгөчөлүгүн сапаттуу түрдө далилдеп ачып берүү. Фактыларды үйрөнүү ар бир илимдин негизин түзөт. Фактыларды алууда, тактоодо пайдаланылгын ык - илимдин ыкмасы деп аталат.
Ар бир илимдин ыкмасы анын эмнени изилдегенине, предметине байланыштуу. Балдар психологиясынын ыкмалары – баланын өнүгүүсүн мүнөздөөчү фактыларды ачып билүүнүн жолу. Бул фактыларды тарбиячынын жана эненин, баланын өнүгүүсү жөнүндөгү маалыматтарынан алууга болот. Бирок мындай фактылар тактыгы менен мүнөздөлбөйт. Ошондуктан фактылардын тактыгы, толуктугу илимий негизделгендиги маанилүү.
Илимий, так фактылар изилдөөчү тарабынан текшерилип алынат. Өнүгүүгө тиешелүү фактыларды ар кандай жаш курактагы балдардын өзгөчөлүгүнө салыштыруу менен гана алууга болот. Белгиленген милдеттерди чечүүдө баланын психикасынын өнүгүүсүн изилдөөдө балдар психологиясы жалпы психологиянын ыкмаларын пайдаланат. Балдар психологиясы чындыктын реалдуу кубулуштарына, фактыларга таянып, баланын психикасынын өнүгүүсүн изилдөөдө илимий негизделген бир нече принциптерди бөлүп карайт. Биринчиден, баланын психикасынын өнүгүүсүн үйрөнүүдө объективдүүлүк принциби, мында изилдөөчү болуп жаткан процесстерди үйрөнүүдө объективдүү көрө билүүсү.
Экинчиден, баланын өнүгүү процессин туура чагылдыруу менен чектелбестен, аны илимий жактан түшүндүрө билүү баланын психикасынын өнүгүү формасынын себептүү байланышын көрсөтүү. Өнүгүүнүн себебин билүү, балага туура мамиле жасап, аны практикалык иште ыраттуу багыттоо анын психикасынын өнугүүсүнө шарт түзөт. Үчүнчүдөн, детерминизм принциби психиканын өнүгүү себебин ачып көрсөтүү, психологдордун жана педагогдордун жетекчилиги астында, активдүү изилденет.
Баланын психикасынын өнүгүп калыптануусун изилдөөдө атайын психологиялык - педагогикалык ишти уюштурууда балдар психологиясынын ыкмалары колдонулат. Баланын өнүгүүсүн үйрөнүү эки негизги формада өтөт. Биринчи «узатасынын изилдөө» формасы.
Узатасынан изилдөөдө бир эле баланын өнүгүүсү системалуу түрдө жашоосунун белгилүү учурунда изилденет. Мында баланын бир стадиядан экинчи стадияга өтүүсүндө психикасындагы өзгөрүүлөрдү билүү милдети белгиленет. Н. Л.Фигурин жана Н. М.Шелевановдун баланын өнүгүүсүнө системалуу жүргүзүлгөн байкоосу мындай изилдөөгө мисал боло алмакчы. Алар күнүмдүк байкоонун негизинде ар бир баланын жүрүм-турумун жазып чагылдыруу менен бир жашар баланын өнүгүүсүн кеңири бере алышкан.
Дайыма жүргүзүлгөн изилдөөлөр балага күндөлүк байкоону жазуу формасында берилет, бирок мунун да жетишпеген жактары болот. Узатасынын изилдөөдө бир эле баланын же бир группадагы балдардын өнүгүүсүн изилдеп үйрөнүшөт. Мындай изилдөө узак убактагы эмгектенүүнү талап кылат.
Бул экспериментти уюштуруп өткөрүүдө кыйынчылыкты пайда кылат. Экинчи формасында изилдөөдө «бөлүү» ыкмасы менен көптөгөн илимий материалдар жыйналат. А. Н.Леонтьев эстин өнүгүүсүн «туурасынан бөлүү» каражатын пайдалануу менен изилдеген. Бирок бул ыкмасы пайдаланып изилдөөнүн айрым кемчиликтери бар.