Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Балдар психологиясынын эксперимент ыкмасы

Баш барак | Психология | Балдар психологиясынын эксперимент ыкмасы

Баланын психикасынын өнүгүүсүнүн кандайдыр бир өзгөчөлүгүн изилдөөнүн атайын уюшулган формасы. Эксперимент төмөндөгүдөй өзгөчөлүктөр менен мүнөздөлөт:1.Изилдөөчү психикалык процессти үйрөнүүдө атайын шарт түзөт. Эгерде баланын эрк аракетине ынандыруунун таасир этүүсүн үйрөнгүсү келсе, ынандыруучу сөзүн баланын эрк аракетин бекемдөөдө пайдаланат.2.Изилдөөчү өзүнүн тажрыйбасын көп ирет кайталап өткөрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ. Айрыкча эксперименттин айрым шартын өзгөртүү маанилүү, мунун натыйжасында анын изилдөөгө тийгизген таасири аныкталат. Мисалы, эске сактоо үчүн берилген сөздөрдү тандоо, алардын мааниси, саны боюнча талдоо, же эске сактоодо жаттоо ыкмасын, мааниси боюнча белгилүү убакыттан кийин кайталоо, эске сактоонун ар кандай мыйзам ченемдүүлүгүн аныктайт.3.Ар бир эксперименттин натыйжасы жөнөкөй, кыска формада белгиленет.



Ал эми эксперименттин жүрүшү так, толук жазылат. Ошондой эле баланын речи, аракеттери, кетирген катасы, тапшырманы аткаруу убактысы, эмоционалдык абалы эксперименттин жүрүшүндө толук чагылдырылат.4.Эксперименттин материалдарын анализдөөдө салыштыруу, корутундулоо, статистикалык жол менен, иштеп чыгуу ыкмалары колдонулат.Баланын өнүгүүсүн изилдөө ыкмасы катары экспериментте айрым кемчиликтер мүнөздүү.1.Баланын психикасынын өнүгүүсүн үйрөнүүдө изилдөөчү балдардан суроолорду, чечилүүчү милдеттерди, ар кандай аракеттерди аткарууну сунуш кылат, мындай учурда эксперименттин табыгыйлыгы толук сакталбайт.2.Изилдөөчүнүн суроолоруна балдардын берген жообу же оюн аракеттери, аларды инсан катары толук мүнөздөй албайт.3.Экспериментти уюштуруп өткөрүү изилдөөчүдөн атайын даярдыкты талап кылат.



Суроолордун туура түзүлүшү, техникалык каражаттарды пайдалана билүү, чечилүүчү милдеттердин тактыгы, балдардын жүрүм-турумун анализдей билүү ж. б. өзгөчөлүктөр негизги мааниге ээ.Изилдөөчү ар кандай кемчиликтерди кетирбей эксперимент методун кеңири колдонууга милдеттүү. Мектеп жашына чейинки балдар менен өткөрүлүүчү эксперимент көбүнчө оюн формасында же окутуунун элементин пайдалануу жолу менен өткөрүлөт. Мисалы, психолог желекче жасоо менен изилдөө максатынын иш-аракетке тийгизген таасирин аныктоодо, алты жашар балдар менен төмөндөгүдөй эксперимент өткөргөн. Биринчи тайпада желекчени өздөрү ойнош үчүн, экинчи тайпада желекчени эжелерине белек катары, үчүнчү тайпада желекчени кичинекей бөбөктөргө оюнчук катары жасашат. Балдар үчүн бул окутуунун элементи, изилдөөчү үчүн белгилүү максатты чечүү.



Көбүнчө эксперимент балдар бакчасынын группасында уюштурулуп, изилдөөчү, тарбиячынын жардамы менен өзүнүн изилдөөсүн уюштуруп өткөрөт. Мындай учурда балдар берилген тапшырманы атайын изилдөө максатында уюштурулганын сезишпейт. Психологияда калыптандыруучу же үйрөтүүчү эксперимент колдонулат. Бул эксперименттин негизги максаты психологиялык процесстерди изилдөөнүн жолу, окутуунун элементи катары каралат, ал психикалык аракеттердин өркүндөшүнө же калыптанышына багытталат.



Калыптандыруучу эксперимент баланын белгилүү сапаттарын калыптандырууда максаттуу таасир этүүнү белгилейт. Мисалы, мектеп жашына чейинки баланын заттын формасын кабыл алууда, аны бөлүктөргө ажыратып көрө билүүсүн калптандырууда, баланын ой процессинде заттын ички моделин түзө билүүгө үйрөтүшкөн. Ар кандай геометриялык фигуранын контурун, ар түрдүү элементтердин формасын түшүрүп толтурууга көнүктүрүшкөң. Мунун натыйжасында балада заттардын формасын кабыл алууда аракеттердин мотиви түзүлөт.



Калыптандыруучу эксперимент психологиялык изилдөөнүн ыкмасы катары педагогикалык эксперименттен айырмаланат. Эгерде педагогикалык эксперимент жаңы программанын эффективдүүлүгүн текшерүүдө колдонулса, үйрөтүүчү экспериментте психологдор психикалык процесстердин өзгөчөлүгүн, инсандык сапаттардын калыптанышын окуу-тарбия процессинде изилдейт. Эксперименттин ар кандай түрлөрү бир эле изилдөөнүн жүрүшүндө айкалышат.



Эң алгач балдардын табигый шартта изилденүүчү психикалык процесстеринин өнүгүү деңгээлин аныктап чагылдыруу белгиленет. Кийинки этапта калыптандыруучу эксперименте белгиленген милдеттердин негизинде өнүгүүнүн жаңы деңгээли аныкталат. Эксперименттин жыйынтыгында калыптандыруучу эксперименттин натыйжасында өнүгүүнүн өзгөчөлүгү аныкталып ачылат.

Жайгаштыруу: 2017-06-05, Көрүүлөр: 964, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2017-06-05
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу