Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Балдар психологиясынын байкоо ыкмасы

Баш барак | Психология | Балдар психологиясынын байкоо ыкмасы

Балдар психологиясынын негизги ыкмаларынун бири. Балдар психологиясында байкоо ыкмасы кеңири колдонулгандыктан айрым талаптарды канаттандырууга тийиш. Биринчиден, байкоону өткөргөнгө чейин анын максаты так белгиленет, б. а. иш-аракеттин кайсы жактарын же баланын кандай өзгөчөлүгүн байкоо зарыл. Мындай максат белгиленбесе изилдөөнү уюштуруп өткөрүү мүмкүн эмес. Экинчиден, байкоонун объективдүүлүгү. Байкоону өткөргөн учурда тажрыйбанын жетишсиздиги баланын абалын илимий түрдө чагылдырууда кыйынчылыкты пайда кылат.



Үчүнчүдөн, байкоо системалуу түрдө өткөрүлүүгө тийиш, мындай шартта баланын өнүгүү процессин мүнөздөгөн так маалымат жыйноого болот. Төртүнчүдөн, байкоону балага билгизбей уюштуруп өткөрүү зарыл. Мындай болбогондо анын жүрүм-туруму өзгөрүп, байкоо методунун табыгыйлыгы сакталбайт. Бешинчиден, изилдөөчү тез жазуунун техникасына ээ болгондо толук баалуу материал чогулта алат. Байкоо методунун өзгөчөлүгү катары изилдөөчүнүн баланын аракети, сөзү, журум-туруму, аткарган иш-аракети жөнүндө маалыматтарды жыйноосу каралат.



Мисалы, үч-төрт жаштагы балдардын өз ара мамилесин билиш үчүн изилдөөчү жүрүм-турумуна, ойногондо, жуунганда, тамактанганда байкоо жүргүзөт. Байкоо ыкмасы төмөндөгүдөй баалуу сапатка ээ:1.Изилдөөчү баланын табигый шарттагы жүрүм-турумунун негизинде фактыларды чогултат. Байкоо жүргүзүп жатканды сезбеген бала өзүн эркин алып жүрөт, ошондуктан изилдөөчү турмуштагы туура фактыларды көрө алат.2.Балдардын жүрүм-турумун чагылдыруу менен изилдөөчү ар бир баланы толук инсан катары баамдайт. Баланын сөзүн, аракетин, жүрүм-турумун айрым бөлүп кароого болбойт. Ар бир факт изилденүүчү инсандын өзгөчөлүгү катары кабыл алынат.3.Баланын коллективдеги жүрүм-туруму, аракеттери, речи, анын жолдошторунун мамилеси, сөзүнүн таасири астында пайда болуп, баланын коллективдин башка мүчөлөрү менен болгон мамилесин байкап баамдоого мүмкүнчүлүк берет.4.Байкоо баланын жүрүм-туруму менен, тарбиячынын мамилесинин байланыштуулугун ачык көрө билүүгө шарт түзөт.

>

Баланын педагог менен болгон мамилесин байкоо өз ара мамиленин өзгөчөлүгүн чагылдырат.Байкоо методдун пайдаланууда белгиленген баалуу өзгөчөлүктөрдөн тышкары кемчиликтер, кыйынчылыктар кездешет.1.Байкоо жүргүзө турган фактылардын турмуш менен байланыштуулугу, алардын ар кандай социалдык, психологиялык шарттар менен бирдиктүүлүгү ар бир кубулушту көрө билүүдө кыйынчылыкты пайда кылат.2.Байкоо учурунда изилдөөчү баланын жүрүм-турумуна кийлигишип, аракетин багыттап, кемчиликтерин оңдоо мүмкүнчүлүгүнө ээ эмес. Изилдөөчү болгону бала эмнени, кандайча иштегенин гана чагылдырып жаза алат, бирок өзү изилдей турган кубулуштарга кийлигише албаган учурлар кездешет.3.Изилдөөчү байкоону кайталап өткөрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ эмес. Алгачкы байкоодон кийин айрым фактыларды текшерүү зарылчылыгын иш жүзүнө ашыра албайт.4.Байкоо ыкмасы менен жыйналган фактылар жазуу формасында чагылдырылат.



Мындай фактыларды анализдеп, корутундулоодо да кыйынчылыктар кездешет.Байкоо системалуу жана тандалмалуу түрдө жүргүзүлөт. Системалуу байкоо баланын жүрүм-турумун узак убакытта үйрөнүүнү камтыйт.1. Системалуу байкоо күндөлүк жазуу формасында сакталып психиканын өнүгүү мыйзам ченемдүүлүгүн билүүдө фактылардын булагы катары кызмат кылат. Системалуу байкоо методун пайдаланып, изилдөөдө көптөгөн көрүнүктүү психологдор күндөлүк жазышкан.



Немец психологу В. Штерн (1871-1938) өзүнүн жубайы К. Штерн менен бирдикте баланын психикасынын өнүгүсүнө таасирэткен факторлорду аныктоодо күндөлүк жазган. Изилдөөчү Н. Н.Ладыгина-Котс (1889-1968) системалуу байкоонун негизинде кичинекей шимпанзе Иони менен өзүнүн баласы Рудини салыштырып баланын жана жаныбарлардын өнүгүү өзгөчөлүгүн анализдеген. Ал шимпанзенин психикасынын интеллект стадиясы баланын аң-сезиминин өнүгүүсүнүн айырмачылыгын ачып көрсөткөн.



Психолог Н. А.Менчинская да бир нече жылдар бою өзүнүн баласынын психикасынын өнүгүүсүнө системалуу байкоо жүргүзгөн. Байкоо күндөлүгүн ата-энелер да жазып, аны психологдор анализдеп пайдаланса болот.2. Байкоо тандалмалуу болгондо баланын жүрүм-турумун белгилүү бир өзгөчөлүгү же жүрүм-туруму белгилүү убакытта гана чагылдырылат. Мисалы, оюн учурунда, азыктандырганда же күндүн белгилүү бир кыска убактысында баланын аракети, жүрүм-туруму, сезими ж. б. бөлүнүп каралат. Тандалмалуу байкоо методун пайдаланып Ч. Дарвин өзүнүн баласынын эмоциясынын пайда болушун жазган. Жыйналган материалдарды «Адамдын жана жаныбарлардын эмоционалдык абалынын байкалышы», (1872) деген эмгегинде пайдаланган.



Байкоо ыкмасы эң алгачкы фактыларды чогултууда маанилүү, бирок көп убакытты талап кылат. Байкоо ыкмасы ыраттуу түрдө жүргүзүлгөндө б. а. фактылар тез, так, объективдүү чагылдырганда өзүнүн илимий маанилүүлүгүн сактай алат. Балдар психологиясынын негизги ыкмасы эксперимент.

Жайгаштыруу: 2017-06-05, Көрүүлөр: 949, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2017-06-05
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу