Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Балдар психологиясынын аңгеме ыкмасы

Бул ыкма мектепке чейинки баланы изилдөөдө өтө сейрек пайдаланылат. Төрт жашка чыкканча балага берилүүчү суроолор затты же анын берилишин айтууга багытталат. Буга сүрөттө тартылган заттардын көлөмүн жана алардын аралыгын балдардын кабыл алуусун билүү максатында жүргүзүлөн аңгеме мисал болмокчу. Балдардын: « Кайсы жерде балаты тартылган, кайсы жерде кичине балаты тартылган, кайсы балатылар жакын жайгашкан?



Окшош балатылар барбы?» - деп сураганда, балдар тигил же бул сүрөттү көрсөтүшкөн. Төрт жаштан кийин аңгеме ыкмасы заттар, кубулуштар, окуялар жана адамдардын жүрүм-туруму жөнүндө балдардын билимин, түшүнүгүн, оюн тактоо максатында өткөрүлөт.



Аңгеме өткөрүү суроону тандоону, изденүүнү талап кылат. Алар балага түшүнүктүү, кызыктуу болуп, баланын жооп берүүсүнө көмөктөш болбоого тийиш. Сен шахмат ойногонду билесиңби?



– деген сыяктуу суроого бала макулдугун билгизиши мүмкүн. Суроолор толук иштелип чыгып бардык балдарга бирдей ыраатуулукта берилет, же жалпы белгиленген суроолорду баланын жообунун негизинде өзгөртүү мүмкүн. Аңгемени, суроону өзгөртүү менен өткөрүү натыйжалуу, анткени баланын жекече өзгөчөлүгүн эске алууга болот, бирок аңгемени мындай өткөрүү изилдөөчүдөн баланы туура түшүнө билүүнү, ийкемдүүлүктү, чыгармачылыкты талап кылат. Аңгеме өткөрүү изилдөөчүдөн көптөгөн даярдыкты талап кылат.



Баланын жообу суроонун мазмунуна гана байланыштуу болбостон, анын изилдөөчү менен болгон мамилесине да байланыштуу: ийкемдүүлүк, мээримдүүлүк, изилденүүчү баланын жекече өзгөчөлүгүн билүү аңгеменин ийгилигин камсыз кылат. Баланын жообу толук жазылат. Алынган материалды иштеп чыкканда балдардын берген жообу башка методдордун жардамы менен алынган маалыматтарга салыштырмалуу пайдаланылат.



Жогоруда белгиленген методдордун жардамы менен изилдөөчү-психолог баланын өнүгүүсүн чагылдырган илимий материалдарды жыйнайт. Ал эми тарбиячынын иштеп чыккан психологиялык мүнөздөмөсү илимий-практикалык маалымат катары изилдөөчү тарабынан пайдаланылат. Психолог-изилдөөчү бир нече методдорду пайдаланып, жыйнаган материалдарды иштеп чыгууда төмөнкү талапттарды эске алууга милдеттүү. Бул талаптарды психолог А. А.Люблинская белгилеген.1. Айрым бир катталган фактылар: баланын жообун, аракетин жүрүм турумун, кылык-жоругун, ой жүгүртүүсүн, иш-аракетин ж. б. жыйналган материалдарды талдоо.



Алгачкы талдоонун максатына изилдөөнүн милдетине ылайык баланын психологиялык өзгөчөлүктөрүн билүү. Изилдөөчү анализдөөнүн алгачкы этабында балада пайда болгон кыйынчылыктарга, убакытка, иш-аракеттеги жүрүм-турумуна көңүл буруп анын мындай өзгөчөлүктөргө болгон мамилесин белгилейт.2. Алгачкы изилдөөнүн негизинде корутундулоо. Изилденүүчү проблемага ылайык баланын жообунун мазмунун, иш-аракетинин маанилүү жагын, кетирген кемчиликтерин ж. б. жагдайларды өз ара салыштырат. Мында изилдөөчүнүн суроосу, жардамы, эскертүүсү, баалоосу эске алынат.



Баланы иш-аракетке кызыгуусу, керектөөсү, тарбиячынын жүргүзгөн иштери салыштырмалуу каралат. Мындай салыштыруу аркылуу баланын психикасынын изилденүүчү жактарынын айрым өзгөчөлүктөрүн ачып берүүгө мүмкүн. Бирок мындай алгачкы анализ фактыларды толук ачып бере албайт.3. Ар кандай фактыларды: айрым класстарда, группада ар башка мугалимдин же тарбиячынын бир эле темада өткөргөн сабагын же оюнду жазуунун, ар кандай шартта изилдөөнү өткөрүүнүн негизинде окумуштуу баланын жообунун өзгөчөлүгүн, түшүндүрүүдө аракеттердин ыгын бөлүп карайт.



Салыштырмалуу кайталанган анализ көптөгөн фактыларды жана шарттарды экинчи ирет корутундулоону талап кылат.4. Экинчи (синтез) корутундулоо ар түрдүү алынган материалды көп жактуу салыштырууну талап кылат. 4-5 жашар балдардын жаз же майрам жөнүндө элестетүүсүн жалпы өзгөчөлүгүн билүүдө изилдөөчү баланы ар кандай иш-аракетте: оюнда, аңгеме айтканда, сүрөт тартканда ж. б. учурунда салыштыра алат. Дайыма байкалуучу өзгөчөлүктөрдү корутундулоо менен 4-5 жашар баланын элестетүүсүнүн мүнөздүү өзгөчөлүгүн бөлүп кароого болот.5. Эксперименталдык материалды иштеп чыгууда окумуштуу баланын психологиялык өзгөчөлүгүн билүүгө гана умтулбастан, алардын пайда болгон себептерин түшүнүүгө аракеттенет.



Ошондуктан корутундулоодо психиканын ачылган өзгөчөлүгүн баланын жашоосундагы ички сырткы шарттары, окутуунун мөөнөтү жана ыкмалары, жогорку нерв ишмердүүлүгүнүн өзгөчөлүгү, баланын өнүгүүнүн деңгээли жана баланын активдүүлүгүнүн формасы ж. б. менен салыштыруу белгиленет. Материалды иштеп чыгууда атайын изилдөөнүн натыйжаларын баланын үй-бүлөдө тарбиялоонун системасын, анын ден соолугун, ойлоосун, баланын өнүгүүсүн салыштыруу чоң роль ойнойт. Ошондуктан изилдөөчү бардык сырткы шарттарды жана өзү аныктаган өзгөчөлүктөрдү дагы бир ирет кайталап анализдейт.



Изилдөөнүн акыркы натыйжалары сан түрүндө таблицада чагылдырылат. Ачылган мыйзам ченемдүүлүктөр диаграмма жана илимий корутунду түрүндө берилет. Материалды иштеп чыгуу процесси көп катмарлуу анализ-синтезди талап кылып, изилденүүчү кубулушту терең ачып берүүгө мүмкүндүк берет.



Кубулуштун жалпы мыйзам ченемдүүлүгүн ачып берүү ар кандай илимий изилдөөнүн негизин түзөт.

Жайгаштыруу: 2017-06-05, Көрүүлөр: 601, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2017-06-05
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо