Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Балдар психологиясындагы иш-аракет жана психиканын өнүгүүсү

Баш барак | Психология | Балдар психологиясындагы иш-аракет жана психиканын өнүгүүсү

Аң-сезим менен иш-аракеттин бирдиктүүлүгү жөнүндө окуу илимий психологиясынын эң жогорку жетишкендиги. Аң-сезим иш-аракетте пайда болуп калыптанат. Иш-аракет бир жагынан инсандын өнүгүү шарты жана анын сапаттарынын байкалышы. Экинчи жагынан иш-аракет инсандын өнүгүү деңгээлине байланыштуу. Иш-аракетте жалпы компоненттер белгиленет, алар максаты, мотиви жана аракеттер. Инсандык сапаттын өзгөчөлүктөрү, каалоосу, максаты, кызыгуусу, жөндөмдүүлүгү ар түрдүү иш-аракетте байкалат.



Иш-аракет активдүүлүктүн булагы катары белгиленип, максаттуу аң-сезимдүү багытталат. Максатты адамдын өзү же башкалар белгилейт. Кандай гана шарт болбосун максатка жетүү адамдын каалоосуна байланыштуу.



Иш-аракетте баланын кызыгуусу, сезими, жөндөмдүүлүгү өнүгөт. Баланын психикасынын өнүгүүсүн изилдеп үйрөнүү бөбөктүн жаш өзгөчөлүгүнө ылайык ар түрдүү иш-аракетте өтөт. Ар кандай иш-аракет кыймылдуу аракетти, аракеттердин ыгын, көнүгүүлөрдү талап кылат. Көнүгүү заттар менен болгон жөнөкөй кыймыл же аракеттердин мүнөзүн чагылдырат.



Бир эле шартта аракеттин көп ирет кайталанышынын натыйжасында ал автоматашкан мүнөзгө өтөт. Мисалы, эң алгач мектепке барганда бала тамга жазууга көнүгүүдө кыйналса, күнүгө көп ирет кайталоонун натыйжасында 1-класстын окуучусу тамганы туура жана сулуу жазууга көнүгөт. Кийинчерээк мындай аракет автоматашкан мүнөзгө өтөт. Кыймыл-аракеттин көп ирет кайталанышы – ык деп аталат.



Ык - жашоодогу күнүмдүк аткарылган көптөгөн кыймыл аракеттер менен мүнөздөлөт. Булар баланын жазуу, окуу аракеттери же кийим тигүү ж. б. Ык – кайталоонун натыйжасында иштелип чыгат да, андай кайталоо болбогондо ал унутулат же начарлайт. Кандай гана иш-аракет болбосун адам өздөштүргөн ыктардын жыйындысын колдонот. Мындай татаал акыл аракеттерин кайталоо б. а. аракеттердин жолун өздөштүрүү жолун өздөштүрүү – ыкты иштелип чыгышына алып келет. Иш-аракетте психиканын өнүгүүсү, жөндөмдүүлүк, мүнөздүн калыптанышы активдүү түрдө өтөт.



Баланын өнүгүүсү заттар жана социалдык чөйрө менен активдүү маиленин негизинде өтөт. Эң алгач ымыркайдагы биологиялык активдүүлүк чоңдордун жетекчилиги астында ар кандай иш-аракеттен байкалат. Иш-аракеттин ар бир түрү өзүнчө өзгөчөлүккө ээ. Иш-аракетте баланын кабыл алуусу, ойлоосу, чыгармачылык изденүүнүн элементи чоңдордун жектекчилигинин натыйжасында пайда болуп өнүгөт.



Уюшулган мазмундуу иш-аракет психиканын өнүгүүсүнүн шарты болот. Адамзаттын аракеттерин жана жүрүм-турумун өздөштүрүү менен бала зарыл психикалык касиетке жана инсандык сапатка ээ болот. Тарбия процессинде бала ар түрдүү аракеттерди өздөштүрөт. Ал жуунганды, сүлгү менен бети-колун аарчыганды, кашыкты кармап тамак ичкенди, кийим кийгенди, сүрөт тартканды үйрөнөт. Мунун баары практикалык аракет.



Ошол эле убакта бала заттардын касиетин аныктап, сүрөт тартуунун ыгын эске сактап, оюндун мазмунун түзүүдө ички акыл аракеттери калыптанат. Мындай ички акыл аракеттердин калыптанышы баланын психикасынын өнүгүүсүн негизги мазмунун түзөт. Бул аракеттер кабыл алуу (кабылдоочу аракеттер), ой, элес жана чыгармачылык эс ж. б. психикалык процесстердин өзгөчөлүгүнө байланыштуу. Алар баланын айлана-чөйрөгө ылайыкташып, практикалык аракеттерди аткаруу шарттарын камсыз кылат, ошондуктан "болжолдуу багытталган аракеттер" деп аталат. Болжолдуу багытталган аракеттердин аткарылышы баланы практикалык аракеттерди аткарууга даярдайт.



Мындай өзгөчөлүк В. С.Мухина тарабынан берилген. Мисалы, бала кичинекей арыктан секиргенге камынат, ал адегенде арыктын кеңдигин өлчөйт. Бала секиргенге даярданганда аралыкка көз чаптырат булчуңдарын чыңайт, боюн түзөйт. Ушунун бардыгы арыктан секирүүнүн алгачкы аракетин жана даярдануу учурун түзөт да, аткаруудагы алгачкы аракеттер милдеттердин белгиленишине байланыштуу кырдаалды изилдеп, болгон мүмкүнчүлүккө ылайык иш жүзүнө ашырууда байкалат.



Даярдануу этабынан кийин, секирүү – аткаруу этабы өтөт, бул практикалык аракет. Секиргенге көнүгө элек балдарда, ченөө, болжолдоо, секиргенге даярдануу байкалат. Эки жашар бөбөк тепкичтен ылдый секириш үчүн, тепкичте туруп, тизелеп отурат, ылдый карайт, өзүнчө кобурайт да боору менен жатып бурулуп ылдый жылмышып түшөт. Улуураак курактагы балдарда алгачкы аракет көз ирмемде башкаларга байкалбастан, көнүмүш шартта өтөт. Жаңы шарттар пайда болгону көрүнөт, кырдаалга ылайыкташуу, милдеттерди баалоо, анын өзүнүн мүмкүнчүлүгүнө ылайыкташтыруу, аракетти аткарууга даярдануу.



Жайгаштыруу: 2017-06-05, Көрүүлөр: 2081, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2017-06-05
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо