Массаж жана гимнастика баланын денесинин жана психикасынын туура өсүп өнүгүшү үчүн маанилүү факторлордон болуп саналат. Массаж жана гимнастика 1,5-2 айынан баштап жасалат. Гимнастика комплексин жана массаж жасоо ыкмаларын поликлиникада доктор же медициналык эмчи үйрөтөт. Кышында жакшы желдетинген, температурасы 20С ден төмөн болбогон бөлмөдө, жайында абанын температурасы 20-22С төмөн болбосо, сыртта(көлөкөдө) жасоого болот. Массаж жана гимнастиканы тамактандыруудан 30 мин мурда же тамактандыргандан 1-1,5 саат кийин, бийиктиктиги 70 см столго одеял, клеенка жана жалаяк салыпжасоо ыңгайлуу. Ар бир көнүгүү же массаж 2-6 жолу кайталанат. Жалпы мөөнөтү 10-12 мин дан ашпоого тийиттт. Үй шартында эмчектеги балага массаж жасоонун негизги ыкмасы-сыйпоо жана сүргүлөө. Алар колу-буттун учунан борборду карай, жеңил, назик жана жайжүргүзүлөт.
Массаж мезгилинде кол менен бут жарым-жартылай бүгүлгөн абалда болот. 3-4 айга чейинкилердин колу-бутун кескин бүгүп-жазуу жарабайт, булчуңдары жана байламталары чоюлуп калышы ыктымал. 1,5-3 айлыгында шартсыз рефлекстерге негизделген көнүгүүлөрдү жасатуу керек: омуртканы сылыганда бала колу-бутун сунат, көмкөрөсүнөн жаткырганда башын көтөрүүгө аракеттенет, таманын кармаласа, бутун серпет. Баланын кыймылын күчөтүү да пайдалуу(денесин сылоодо же аны менен сүйлөшүүдө бала буту-колун тыбырчылатат). 3-6 айында баланын колу-бутун эттияттап кыймылдатуу( өзгөчө 3-4 айлыгында)- колу-бутун айчылаштыруу, булчуңдарын жазуу, далысын көтөрүү ж. б. зарыл. Бул мезгилде эмгектөөгө көндүрүүчү көнүгүүлөрдү киргизип, ал ачык түстөгү оюнчуктар менен коштолгону дурус. Баланы күнүнө бир канча ирет көмкөрөсүнөн жаткыруу керек.6-10 айлык балдардын дене жана кол - бут булчуңдардын чыңдоодо эмгектөөсү чөң мааниге ээ. Бул мезгилде бала чоңдордун көрсөткөнү боюнча айрым көнүгүүлөрдү жасайт. Көнүгүүлөр комплексине чалкасынан көмкөрөсүнө которулуу, колун айландыруу, бүгүү, отуруп - туруу ж. б. кирет, Ошондой эле көнүгүүлөрдү ачык түстөгү жана ар кандай формадагы оюнчуктар менен да жасоого болот. 10-14 айлыгында бутун көтөрүп таякчага жетүү, колунан кармап отуруу, эңкейүү жана түзөлүү, кирпичке чыгуу жана кирпичтен түшүү сыяктуу көнүгүүлөрдү кошсо болот.
Массаж өткөрүү үчүн коюлган талаптар:-Массаж жана гимнастиканы дени сак болгон балага 1,5-2 айынан баштап жасаса болот.-Массаж жана гимнастика күнүнө бир жолу жасалат.-Тамактануудан 25-30 мурун же 40 мин кийин өткөрүлөт.-Бала жатаардын астында массаж өткөрүлбөйт.-Крем, тальк сыяктуулар колдонбойт.
-Массажды жумшак, назик аракеттер менен кылуу керек. Эгер бала массажды жактырбаса, убактылуу токтотуп коюу керек.-Массаж аракеттерди кан тамырдын жүрүш багыттары боюнча жасоо керек.-Баланын боор-бөйрөк, жыныс органдарына жана омурткасына массаж жасалбайт.-Массаждын жасоо мөнөтү 6-7 минутадан ашпаш керек.-Теринин диатез, кызырып турган жаралары бар болсо, массаж жасалбайт.-Массаж жугуштуу ооруларда, жүрөк ооруларда, рахит(итий),чап, сан, киндик чуркусунда, ар кандай сезгентүчүү тери ооруларда жасалбайт.Массаж жасаган кишиге коюлган талаптар:-Массажисттин кийими аракеттерин кыспагандай, ыңгайлуу болушу керек.-Массажист бала менен жайдары, жароокер, сабырдуу болуу керек.
-Тырмактары кыска кесилген, колдору жылуу жана жумшак болуу керек. Билерик, шакек, сатты массаж жасап жатканда чечип коюу керек, антпесе баланын терисин тытып кетишүү мүмкүн.-Сеанс башталышынын астында сөзсүз бала менен жылуу мамиле куруу керек, адегенде бала менен күлүп, жакшы сүйлөшүп андан кийин гана массажды баштайт.-Массаж, гимнастиканы жөнөкөй кыймыл-аракеттерден баштайт, бала көнгөндөн кийин татаал көнүгүүлөр жана кыймылдар кошулат.
-Баардык кыймыл-аракеттерди абдан абайлап жүргүзүү керек, баланын ден соолугуна зыян келтирбестен.-Баланын бут-кол, башын катуу кармоодон сактоо керек, антпесе булчуң-тарамыштар үзүлүп кетөшүү мүмкүн.-Массаж жасап жатканда, баланын реакциясыны көңүл буруу керек-кайсы аракет-кыймыл ага оң таасир тийгизет, эмки сеанста так ошол массаждан баштоо керек.Баланын биринчи жашында төмөнкүдөй массаж ыкмалары колдонот:-Сылоо-сыйпоо-Ушалап-укалоо- Ушалап - жумшартуу-Силкилдетүү-Баланы чалкасынан жаткырып, массажист бут жагына турат.-Баланын сол колун оң колуна алат, сол колу менен ички-сырткы беттерин сыйпалап, манжадан ийинге карай жүргүзөт.-Ошондой жол менен баланын оң колуна сыйпоо жүргүзүлөт. Алгачкы абал (А. а.)- баланы чалкасынан жаткыруу. Баланын оң бутун сол колго алат. Оң кол менен баланын шыйрак жана сандын ички-сырткы беттерин сыйпалайт.
Аракеттерди тамандан санга карай тизеге тийбей жүргүзөт Ошондой эле жол менен сол бутун сыйпалайт. Ич сыйпоосу. А. а. - баланы чалкасынан жаткыруу. Ичтин массажы саат жүрүшү боюнча алакан же манжанын сырт жагы менен сылап - сыйпалап жүргүзүлөт. Сылап жатканда боор жакты айланып тийбейт кетет (оң кабырганын асты). Андан кийин ичтин жантык булчуңдарын сылап, массаж аракеттери киндик жана омурткага карай багытталат. Ичти сыйпап бүткөндөн кийин, бармактар же алакан менен төштү сылапбаштайт. Төттткө жасаган массаж аракеттер тегеренип сыланат (оң кол менен сааттын жүрүшү боюнча, сол кол менен сааттын жүрүшүнө каршы) упчаларга тийбестен. Арканы сылоо.
А. а. - баланы көмкөрөсүнөн жаткызат, массажист бут жагында турат. Кырарка омурткаларына массаж жасаганга болбойт, ошон үчүн жээктеп сылап кетет. Көчүктөн баш жакка карай манжанын сырткы жагы менен жүргүзүлөт, баш жактан көчүккө карай болсо манжанын ич жагы менен жүргүзүлөт. Эгер бала туруктуу абалын сактай албаса, анда аны бир колу менен кармап, башка колу менен сылап - сыйпалайт. 3 айдан баштап массажды эки кол менен жасаса болот. Мындан башка, убаланын нерв системасына тынчытуу таасир тийгизет. Ушалоо териге жана теринин астындагы ткандардан тышкары, булчуңдарга, булчуң байламталарга жана тарамыштарга түзүк таасир этет.
Бир жашта болгон балага ушалоону бармактардын учтары менен түптүз жана спираль сыяктуу багытталып жүргүзөт. Бул ыкмалардан кийин араалоо ыкмасын жүргүзөт. Кол шыйракты тегеренме кыймыл ушалоосу жүргүзөт. Кыймылдарды тез, бир аз бастырып жүргүзөт. Бармактар терини жылдырып турат. Бут массажда тегеренме ушалоо, кыймыл тамандан ичке карай жүргүзүлөт.
Бул ыкмада эки колдун чоң жана сөөмөй бармактары менен баланын шыйрагын кучактап келатып (бир кол башка колдун үстүндө болуптурат), жана баланын шыйрагын тизесине карай тегеренме ушалоо жасалат . Андан кийин сандын сырткы жагын колдун 4 бармагы менен ушалайт. Таманды чоң бармак менен сан сыяктуу ушалайт. Колдорду шыйрак сыяктуу ушалайт, манжадан ийинге карай багыттап. Арка, төш, ич, санды чоң бармактын учу менен түптүз же спираль багытта ушалайт. Массаждын ушалап - жазуу ыкмасы нерв системасын тынчтатат, кан жана лимфа айланышын активдештирет; муун, булчуң байламталары, тарамыштар; үстүнкү булчуңдардан тышкары, терең жайгашкан булчундарга, дем алуу системасына да жакшы таасирин тийгизет. Баланын чымчылапушалоо массаж ыкмасы колдонот. Бул кыймылдар жумшак, назик жана кайраттуу жасалат.
Чымчып ушалоо кыр арка омурткалардын узунунан жайгашкан узун булчуңдарында жасалат. Ошол сыяктуу эле көчүктү ушалайт. Чымчып ушалоону тегерек же спирал түрүндө бир же эки колу менен жүргүзүлөт, кыймы. ддарды ортоңку жана сөөмөй бармактар гана жүргүзөт. Бутту чымчыпушалоодо - баланын бутун алаканга алып, ошол эле кол менен шыйрагын кармаптурат. Кыймылдарды чоң бармак, сөөмөй жана ортоңку бармак менен өткөрөт, ал үчүн шыйрактын сырткы бетинде болгон булчуңдарды бармактар менен алып, айланып жүрүүчү кыймылдарды санга карайжүргүзөт, андан кийин кайта кайтат.
Топтолгон ткандар чоң бармак жакка жылдырылат. Оодаруу массаж ыкмасы эки колдопөткөрүлөт, ал үчүн бир алаканды шыйрактын арткы бетине коюп, башка колду сырткы бетине коет. Алакандар саат жүрүшү багыт боюнча бир убакытта тканды жылдырыпбаштайт. Аракеттер тамандан санга карай жүргүзүлүп, андан кийин кайта сандан таманга карай жүргүзүлөт. Нерв системасына оң таасир тийгизет, организмдин зат алмашуусун жакшыртат жана ооруучу сезимдерди жок кылуу жеңил эффекти бар. Баланын 3-4 айына чейин жеңил силкилөө ыкмасы колдонот, андан кийин баланын булчуңдары чыңдапкелгенден кийин, бармак жеңил кагуу ыкмасын колдонсо болот. Дирилдөө аракеттери жумшак, тез жана бир калыпта жүргүзүлөт. Силкүү. Төш массажында колдонот: алакандарды төштүн ылдыйкы жагына коюп, эки бармак бир биринин жанында болуу керек. Вибрацияда жеңил бир калыпта басылуу аракеттер жүргүзүлөт.
Силкилөө аракети баланын бут таман - дарына өткөрүлөт. Кагуу. Кагуу бир же эки кол менен жүргүзсө болот. Спираль, ийри буйру сызык, туурасынан, узунунан багыттарда өткөрүөт. Кагуу аракетин арасы бираз ачылган бармактардын сырт жагы менен жүргүзүлөт. Мындай түрдө жүргүзүлгөн кагуу баланын денесин оорутпайт.