Илгери-илгери өткөн заманда бир кемпир-чал жашаптыр. Алардын карыганда көргөн, кудайдан тилеп алган, мазар кыдырып, жер кезип жүрүп тапкан бир жалгыз көзгө басар уулу болуптур. Бирок уул ата-эненин тилегин, мээнетин актабай адепсиз, айтканын кылган ээн чоку, ээн баш бала болуп чоңоет. Күндөрдүн биринде үйдө отун калбай калгандыктан энеси уулуна жалынып-жалбарып жатып, токойдон отун алып келүүгө жөнөтөт. Бала жолдо бара жатып, карыган ата-энесин каргап-шилеп, жаман сөздөр менен сөгөт, ошондо мындай каргыштан, адепсиз сөгүштөн кулагы уялганбы, кудай жубарымбектин басып бара жаткан жеринде колун-бутун тырыштырып коет.
Тырышып калган бала кыймылга келбей, жерге бакадай болуп жатып калат. Күн кечтеп калса да отундан кайтпаган баласынан кабатырланган ата кеч киргенде уулун издеп жөнөйт. Баягы жерге келип уулунун тырышып жатканын көргөн атасы ыйлап-сыктап, эмне болгонун сурайт. Бирок, бала жалдырап эч кандай жооп кайтара албайт, атасы уулун жонуна көтөрүп үйүнө келет. Муну көргөн эне ботодой боздойт. Ошентип, бала төшөктөн турбай калат. Арадан бир жыл өтүп, баланын абалы начарлагандан начарлайт, бирок оңолбойт. Дагы деле баштагыдай сүйлөбөйт, бакадай болуп жатканы жаткан. Карылыгы жетип, чал-кемпир да катуу ооруп калат. Өзүнүн оорусунан, баласынын абалынан, күндө төккөн көз жаштан арыган эне кудайдан жалбарып суранат.
- Ээ, кудай, балам тирүү болуп тирүүнүн санында жок же өлүктүн санында жок. Минтип кыйнагыча алып тынсаңчы. Биз өлүп калсак уулубуздун көргөн күнү не болот, - деп жаратканга жалынып, жалбарат. Күндөгүдөй эле эрте туруп баласын караса уулу ордунда жок. Кемпир чалын тургузуп, экөө бирин-бири жөлөп-таяп, сыртка чыгып карашса, үйүнүн дал мандайында бир ийри дарак пайда болуп калыптыр. Эне зар какшаган үнү кудайга жеткенин билип, жаратканга миң мертебе ыраазычылык айтат. Ошондо баягы терекке басып келип, аны акырын сылап:
- Айланайын, бакадай балам, тирүүңдө өз ордуңду таба албай, кеч да болсо бир жерден байыр алыпсын. Мейли эми, тамырын өсүп, көбөйө бер. Жашында жакшылыгынды эч кимге тийгизе албадын, эми көлөкөңө адамдарды тартып, аларга ыракат тартуула, көп жаша, - деп батасын берет. Ошол күндөн ушул күнгө чейин бул терек бака терек аталып, өзүнөн - өзү тамырлап көбөйүп, элге саябанын жаап келет.