Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Байыркы таш балбалдар

Баш барак | Кыргызстандын тарыхы | Байыркы таш балбалдар

6-12-кылымдарда Кыргызстан чолкомундо турк урууларынын келиши менен мурзо устундо адамдардын таш келбеттерин - балбалдарды коюу кенири тараган. Балбалдардын копчулугу чебер айкелчи - таш усталар тарабынан жасалган. Балбалдардын эки туру кездешет: 1.тулку бою жана анын кийим-кечеси, кооздук буюмдары, курал-жарагы ж. б. даана берилген чон тоголок айкелдер, 2.ташка контурдук сурот менен башын жана бет тузулушторун, айрым учурда бут тулку боюн берген жалпак балбалдар. 13-кылымдан кийин алар Тениртоодо коюлбай калган. Кыргызстан аймагына ислам тарай баштагандан кийин мурзо устуно балбалдарды коюу токтогон. Анткени ислам бардык тируу жандыкты: адамдын, айбандын, канаттуунун суротун тартууга тыюу салган. Балбал таштардын таралышы аркылуу турк тилиндеги кочмон уруулардын таралыш чегин аныктоого болот. Нарын жана Ысыккол облустарында, Кемин, Чуй жана Талас ороондорундо коп сандаган балбалдар, ал эми Кыргызстандын туштугундо балбалдар сейрек кездешет.

Кыргызстандан сырткары, Орто Азиянын калган жерлеринде алар дээрлик кездешпейт. Коп сандаган таш солокотторду Казакстандан, Алтайдан, Тувадан, Хакасиядан жана Монголиядан жолуктурууга болот. Кытайдан 200дей, Индиядан 40тан ашуун балбал таштар табылган. Бул ушул жерлерде турк тилиндеги кочмон уруулардын жашагандыгын айгинелейт.

Жайгаштыруу: 2016-05-20, Көрүүлөр: 3302, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-20
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу