Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Байыркы кыргыздардын оозеки чыгармалары (2 бөлүк)

Баш барак | Кыргызстандын тарыхы | Байыркы кыргыздардын оозеки чыгармалары (2 бөлүк)

Элге кээде кара сөз менен түшүндүрмөлөрдү кошушкан. Манастын жетилүү учурундагы мындай салт кийин унутула баштаган. Монгол доорунан кийинки манасчылар ыңгай, шартка жараша элдин духун козгош үчүн, эрдикти, баатырдыкты, сүрдү даңазалашканга көбүрөөк маани берип кетишкен сыяктанат. Манас эпосун келечек изилдөөлөрдө, далай аңызды, аалам, космос, табият менен байланыштагы, диндик түшүнүктөгү маанилүү окуяларды, уруулардын ортосундагы мамилелерди, баатырлардын эрдиктерин, согуштун жүрүшүн, себептерин ачуудагы окуяга, ойго, даанышмандыкка бай жерлерде башка элдердин эпосторунун тажрыйбасындагыдай, кара сөздө мистикалык, философиялык жагдайды кеңейтүүгө жана түшүндүрмөлөрдү, чечмелөөлөрдү жүргүзүүгө көбүрөөк маани берүү керек. Манас эпосундагы накыл сөздөр Наадан балдар билбейт го, Акыры ушу жалганда, Өмүр сүрүп турбасын. Жалганда жаның бар болсо, Бакыр да болсоң паашасың. Төгүн жалган дүйнөдө Өлбөй тирүү ким калат? Туулуп өскөн жер калат Түбөлүк жашар эл калат. Миң күнчөлүк бейиштен, Бир күнкү жарык күн артык. Ар качандан бир качан, Жамандын жаны аялуу.

Туулмак бар, өлмөк бар, Жакшылык менен жамандык, Туш-тушунда көрмөк бар. Адырмак тоого бел керек, Азаматка эл керек. Элди баккан жер өлбөйт, Эр төрөгөн эл өлбөйт. Өзөктө күйгөн өрт жаман, Өздөн чыккан жат жаман. Акыл деген керемет. Акылы бар адамдын, Акылы алыс жүгүрөт. Акылсыздын баарысы, Ай талаадай түңүлөт. Төгүлгөн жерде жин калат, Жуулган жерде кир калат, Акыры жалган дүнүйө Ажал жетсе ким калат.

Танаптуу жерде боз калат, Кыяматтын журтуна Кыйла сонун сөз калат. Акыры заман журтуна, Айтышууга кеп калат. Жүргөнүм менин талаа экен, Дүйнө ээси бала экен, Артында бала жок болсо, Дүнүйөсү курусун, Бузулуп калган калаа экен. Өлтүрүк сөз өлгөн сөз, Жалган айткан жаман сөз. Куу дүйнөнүн түбүнө Куусаң кантип жетесиң? Курулай корко берсең сен, Куураган бойдон кетесиң. Эр азамат болгондо, Намыс үчүн жараткан. Арстан эрдин башына Алтымыш мүшкүл бир келет. Өз жаманын билбестен Өзгөгө кылат чоң милдет.

Чапкан балта өтөбү, Чакырлоонун ташына, Нелер келип, не кетпейт Эр жигиттин башына. Мурункулар айткан кеп: Бир адамдан ырыскы, Бирөөгө ырыс болбойт деп. Башка адамдын дүйнөсү, Башкага дүйнө болбойт деп. Жазуудан артык жан өлбөс, Тактада жатып жан өлбөс. Адам улуу кайда өлбөс, Өлбөгөн пенде не көрбөс. Өлбөй турган жан болбойт, Өлүмдөн качкан жан оңбойт. Бөлүнсөң бөрү жеп кетет, Бөлүнүп калды кыргыз деп, Бөлөк элге кеп кетет. Бүгүн көргөн эртең жок, Ушундай экен дүйнө бок. Түбүндө бадыраң темир курч болбойт, Башка өскөн адам журт болбойт. Курама темир курч болбойт, Кутурган иттер журт болбойт. Абийирдүү киши ирикпейт, Дүйнөдө акылсыз иттер бирикпейт. Манас эпосунун варианты.

Оозеки айтылып, кулактан кулакка өтүп, кылымдарды карытып келген Манас жомогу абдан көп варианттуу болгон. Вариант деген термин латынча өзгөргөн түрү деген мааниде болуп, кыргыз салттык адабий терминде айтымы дегенге төп келип: Сагымбай Орозбактын айтымы, Жусуп Мамайдын айтымы боюнча деп колдонулуп жүрөт. Манас эпосунун айтымынын (вариантынын) жаралышы анын оозеки таралганында десек, дагы бир жагынан жомокчу, манасчылардын көп болгонунан деп айтсак болот. Эпостун түбү, нугу бир жерден чыкканына карабай, бүткүл эле улут сүйгөн бул жомокту ооздон-оозго алмончок кылып алып кетип түпкү окуяны көрөңгө кылып, ар бир жомокчунун өзүнүн чыгармачылык жөндөмүнө карай, улам молуктуруп отурган: (ал жалгыз варианттуу Илиадага окшобойт), ошого ар бир жомокчунун айтканы бирден айтым (вариант) болуп калыптана берген. Манас жомогунун көп варианттуу болушу мунун чыгармачылык жолун көрсөтүп турат. Ал ар бир доордо бир нечен деген варианттуу болуп, түпкү көрөңгөгө жаңы саамалык куюлуп олтурган.

Биринчи вариант (айтым) Ырамандын Ырчы уулу болсо, эмки биздин колубузга тийген Сагымбай Орозбак уулу, Саякбай Карала уулунун, Жусуп Мамайдын айтымдары болуп олтурат. Бул нече кылым (миң, жыл) ичиндеги Манас эпосунун канча варианты болгонун боолголой албайбыз. Бирок, жазма маалыматтарда Манастын биринчи бөлүмүнүн 34 варианты, башка бөлүмдөрүнүн 80 ден ашуун варианты бар (караңыз, Кыргызстан Кыргыз адабиятынын тарыхы, 2 том, 48-бетте) делип кетет. Жуңгода 1957-жылдан бери чогултулган Манас варианты 70тен ашуун, 600000 сап болгон. Манас эпосунун варианты үч түрдүү: бирөө, Манас толук көлөмүндө бүт салттык окуяларды камтыган вариант, экинчиси кайсы бир бөлүмүнүн (мисалы, Семетейдин) бир канча варианты, үчүнчүсү, бир бөлүмдүн ичиндеги белгилүү бир окуянын бир нече варианты (мисалы, Көкөтайдын ашы, Манастын төрөлүшү сыяктуу варианттары) болуп кетет. Азыркы кагаз бетине түшкөн жагдайга караганда Манастын толук варианттарын Саякбай Каралаев, Мамбет Чокморов, Шапак Ырысменде, Жусуп Мамайлар айткан.

Булардыкы Манас, Семетей, Сейтек боюнча толук варианттарга кирет. Ал эми, мында айта турган бир нерсе, залкар манасчы Сагымбай Орозбак уулу Манастын толук вариантын бүт билген. Бирок кагаз бетине түшүрүүгө үлгүрбөгөн. Андан тек Манас бөлүмүнүн өтө мол айтылган варианты кагаз бетинде калган. Дагы өзгөчө белгилей кете турган вариант Жусуп Мамайдын айтымы (варианты) болуп эсептелет.

Жусуп Мамай агасы Балбайдын чогулткан материалына негиз Манас эпосун үйрөнгөн. Ар кандай бир манасчы өзүнөн мурдагы жомокчу, манасчылардан үйрөнгөн сыңары, Балбай чогулткан, болуп да Жусубакун айткан вариантты Балбай кагаз бетине түшүрүп бергенин Жусуп Мамай үйрөнүп айткан. Жусуп Мамай кырк жашынан баштап эле, Манас эпосун эл ичинде айтып жүргөн. 1961-жылы Эл оозеки адабиятын чогултуунун мамлекеттик, Шынжаң уйгур автоном райондук группасы Акчий ооданынан барганда Жусуп Мамай Манас эпосун толук айта турганын байкашып, аны Кызыл-Суу Кыргыз автоном областынын башкы калаасы Артышка чакырып келип, Манасты айттырып, атайын жазып алуучу дайындап, кагаз бетине түшүрө баштаган. 1964-жылы дагы бир жолу чакыртып келип (Артыш шаарына) толуктап жазып алган. Ошондо Манас эпосун алты урпакка чейин айткан. Ошондой аралыкта үзгүлтүккө учурап, 1979-жылы Жусуп Мамайды Бейжинге чакыртып барып (Борбордук улуттар институтуна) кайрадан жазып алуу ишин улантып, Манас эпосунун сегиз бөлүмүн (сегиз урпагын) кагаз бетине түшүрө баштаган.

1982-жылдан 1985-жылга чейин үч жыл ичинде Жусуп Мамайга Манастын бардык бөлүмдөрүн (1961-жылдан баштан айтылган) кайрадан толуктап, кагаз бетине түшүрүлгөндөрүн соңку салыштырып чыгуу милдети өзүнө жүктөлгөн. Ошол кезде Жусуп Мамай өзүнүн варианты боюнча кагазга түшкөн нусканы өзү кайта баштан карап, кээ бир бөлүктөрүн кайрадан кагаз бетине түшүрүп, байланыштуу орунга Шинжаң оозеки адабияты коомуна тапшырган. Мында өзгөчө айта турган нерсе ушул күндө Жусуп Мамай жазгыч манасчы деген далилсиз сөз кээ бир басма сөздөрдө (Кыргызстандан) айтылып келет. Жусуп Мамай Манас окуяларына негиз жазып чыккан деген түшүнүккө келүүгө болбойт. Жусуп Мамайдын айтымы тээ илгертеден эле келе жаткан Манас эпосунун толук үлгүсү болуп, эпостук эрежеге көркөмдүгү, эпостук салты бүт түшөт. Манастын сегиз урпагы боюнча айтылган бул толук вариантта ар бир бөлүгүндө Манастын руху айтылып, Манас эпосу ушул кийинки урпактардын бабалардын даңазалоосу менен толукталып турат. Алдыңкы үч бөлүмүнөн кийинки бөлүмдөрү бүт дээрлик Манас бабасынын баатырлык ишин улап, Манас күмбөзүн, Манас арбагын ыйык тутунуп, ошол ыйык жерге уюшуп турган улуу рух айтылат.

Анда тил көркөмдүгү аябай сонун берилип, каруу-жарактардын аттары, жер-суу, өсүмдүктүн аттары, макал-лакаптар, турактуу бышкан эпостун саптары кезигет. Илгерки бөлүмдөрүндө күдүк боюнча калган нерселер корутунду катары кийинки бөлүмдөрдө айтылат. Алып айтсак, Алмамбеттин окуу жайы, анын сыйкырчылык сырлары, Кененим бөлүгүндө айтылат. Жоокердин согуштук өнөрү жетимиш эки жөө машы, алтымыш эки ат машы Асылбача-Бекбачада сонун баяндалат. Мурдагы Манас бабалары аяк басып бакпаган жерлерге кийинки урпактар барат. Манас энциклопедиясына Жусуп Мамай айткан кийинки бөлүктөр да көп билимдерди кошо алат. Кийинки урпактар азыр Жусуп Мамай айтымы менен гана кагаз бетине түшүп отурганы менен, айтууга караганда, Саякбай Каралаевде Кенен, Алымсарык, Кулансарык деген бөлүктөрүнөн айткан (15000 сап). Дагы көптөгөн манасчылар Кенен, Сарык дегендердин атын атаган. Айтор, Жусубакун манасчынын оозуна жетип, Балбайдын калеми менен кагаз бетине түшүп (Балбай Манас жазып алуучу), Жусуп Мамай айтымы менен элге тараган.

Манас эпосунун кийинки бөлүктөрүн жерүү кез менен эмес, алынуу кез менен окугандын зор пайдасы бар. Ал эми, Жусуп Мамай вариантынын түрдүү жактарын изилдөө алдыбызга туура тартылып турган жумуш эсептелет. Айтарлуусу, Жусуп Мамай варианты жаңыдан куралып чыккан эмес, тээ илгерки манасчылардан уланып бизге Жусуп Мамай аркалуу жетип олтурат. Жусуп Мамай Манасты өз обону, аракет-нускоосу, салттык айтылышы менен айтып келет. Ал Манасты курап, жазып чыккан эмес. Манасты айтып берген. Соңку кезинде өзүнүн толук вариантын кагаз бетинен (башкалар жазган) кайра карап, кээ бөлүгүн өзү кайра кагаз бетине түшүрүп жазып өткөргөн. Мындай жумуш илгерки манасчылардан Тоголок Молдо (Байымбет Абдырахман уулу), Шапак Ырысменде уулдарында да болгон. Алар да өз варианттарын кагаз бетине түшүрүп тапшырган.

Айтмак, азыр Жусуп Мамайдын варианты (сегиз бөлүм) жалгыз вариант болуп, көзгө чоочун көрүнгөнү менен, эгерим Манас чогултуу, жазып алуу жумушу эртеде башталган болсо, Жусуп Мамай айткан кийинки бөлүмдөрдүн (төртүнчү бөлүмдөн кийинкилерин) варианттары да кагаз бетине түшүп, бир нече варианты болор эле. Ал эми вариант жөнүндө айтылган сөздөрүбүздү майнаптасак, Манас эпосу көп варианттуу эпос катары, анын бардык варианттары сары майдай сакталуу керек. Варианттардын бардыгы өз калыбында басмадан чыкса, Манас эпосун изилдөө жайыты ого бетер кеңирин, пайдалануу наркы бийиктей бермек. Манас эпосунун таралышы жана манасчылар. Манас эпосу кыргыз улутунун жалпы эле адамына бүт жалпылашкан. Кадыресе, кыргыз рухуна айланган. Кыргыздын жети жашар баласынан баштап, Манас баатырдын түспөлүн, дене курулмасын, ал тургай, канчалык тамак, оокат жей ала турганы, канчалык уктай ала турганына чейин билет.

Улам кийинки муундар Манас урпагыбыз деп айтып, Манасты чыныгы өткөн адамга окшош көрөт. Анын андай болушу Манас эпосунда баяндалган жарымы чында өздөрүнүн жакшылык-жамандык турмушун, салт-санаасын эч кандай өзгөрүүсүз баяндап, элдин дилин көрсөтүп бергенинен. Ал эми, жарымы төгүндө аңыздык, фантазиялык баяндардан көркөм үзүр алып, эл эпосту (жомокту) жалпы кабыл алгандыктан, кылымдар бою өчкөн сайын өөрчүп эл рухуна айланган. Манас эпосунун кыргыз элинин ичиндеги баркы-баасы аябай жогору болгон. Ал түгүл, Манас күмбөзүнө тооп кылуу, Манас эпосунун кагаз бетине түшкөн бөлүгүн илип коюуу, анын алдынан ылаңдаган малды чубатып өткөрүп, эр манастап ураан чакырып, Манас кыргыздын ураанына айланган. Мындан Манас эпосунун кыргыз элине жалпы эле тараганын, жалпылашканын, Манас тили кыргыздын жалпы улуттук адабий тилинин негизи болуп калганын көрүүгө болот.

Манас эпосун кыргыздарга жалпы жайылуу, таралуу, жалпылашуусун бүгүнкү заманындагы кагаз бетине түшкөн варианттардан (айтымдардан) да көргөзүүгө болот. Эртеде Манас эпосун кагаз бетине түшүрүп, эпосту чогулткан В. Радлов эпостун (1862-жылы) үзүндүлөрүн Ысык-Көл айланасынан, анан Текестен чогулткан. Азыр басма сөздөрдө Кыргызстандын түндүк-түштүгүнөн сексенден ашуун манасчыдан эпостун варианты чогултулган (караңыз, Манас энциклопедиясы) Жүңгөдө 1957-жылдан баштан 1982-жылга чейин Манас эпосун чогултуу жүрүшүндө бүткүл эле кыргыздар жашаган жерлерде Манас эпосунун варианттарынан 70 нече вариант жазылып алынган, жалпы (600000) сап эпостун материалы чогултулган, дагы эртеде кагаз бетине түшкөн кол жазмалар табылган. Афганистанда жашаган кыргыздардан Манас эпосунун варианттары чогултулуп, басмадан жарыяланган (караңыз, Реми Дор Памир кыргыздары). Дегинкиси, кыргыздар чогуу жашаган жерлер болсо эле, мейли кайсы уруусу болсун, Манас эпосу болгон. Манасчылар. Кыргыздын жөрөлгөлүү адабий термининде жомокчулар деген менен айтылып келген. Кийин манасчылык кесиби калыптана баштаганда, манасчы деген термин пайда болгон.

Ал эми, эртедеги манас тануучулардан Чокан Валиханов менен В. В. Радлов манасчыларды ырчы деп да тааныштырган. Бирок байыртадан бери Манас жомогун айттырабыз. Манас айтты деген атайын сөз айкаштары келген да, Манасты ырдатабыз деген сөз салтта айтылбаган. Ал эми, Манас эпосунун тексттик баяны да ыр (поэзия) талабынан көрө жорго сөз менен жомоктотуп айтылган жомок баянына жакын. Ошого Манас айткандарды жомокчу, манасчы деп жөрөлгө боюнча атасак, ажары ачылат.

Манасчы дегенде, Манас эпосунун негизги окуяларын сактап, айтуучулук салтты бузбай, эпостун өзүмдүк обону, баяндоодо коштогон кыймыл-аракети менен кошо айтып, өзүнүн чыгармачыл курбатына жараша, устатынын айтымын (вариантын) аткарган, же алымча-кошумча кошуп, өз вариантын калыпташтырган элдик жомокчулар манасчылар болуп эсептелген. Манасчылар эпосту айтуу көлөмүнө карай, манасчы жана чоң манасчы (жомокчу жана чоң жомокчу) деп аталган. Манас эпосун толук айткандар, же бир бөлүмүн толук айткандар, обонун, кыймыл-аракетин толук өздөштүргөндөр чоң манасчылар болгон. Манасчылык кыргыз көркөм өнөрүндө өзүнчө бир өнөр болуп, ушул өнөр аркылуу бир үй-бүлөнү, же бир урууну бага турган өндүрүш кесипке айланган. Чоң чогулуштарда Манас айтканда, алдына ат, үстүнө тон жапкан. Чоң манасчылар эл кыдырып, Манас айтып үйүрлөгөн жылкы айдап келген (караңыз, улуу манасчы Сагымбай аттуу 1992-жылы Бишкектен чыккан Ала-Тоо журналынын арналуу китепчеси) ошондуктан, манасчылык кесибин, өнөрү деп аталып калган.

Манасчылык өнөрдүн биринчи белгиси, Манас эпосунун негизги окуясын билген болот. Экинчиси, эпостун тилин билип, анын кылымдардан бери бышып турактанган салттык саптарды толук өзүндөй айта алуу керек. Үчүнчүсү, белгилүү чыгармачылык жөндөм зарыл. Төртүнчүсү, Манастын айтылуу обонун өздөштүрүп, кандай мазмунду кайсы обон менен жеткире алуу, мазмунуна карай жаңсоо, нускоо, шилтөө, обдулуу сыяктуу аракеттер менен аткара алган өнөр болот. Бешинчи талап, бүткүл эле кыргыздын салт-санаасын, элдик адабиятын, тарыхын, санжырасын жетик билгендикте.

Манасчылык кесибин туткандар ушул өнөрү менен элдик өнөрпоздордун кадырлуусу эсептелет. Манасчы, жомокчу деген атак эл тарабынан берилет (кандайдыр бир уюм жагынан эмес), эл берген атак чыныгы жана зобололуу болот. Манасчылар манасчы болуп чыгуу үчүн чыныгы үйрөнүү баскычын өткөрөт. Ал үчүн өзүнүн мурдакы устатын ээрчип, анын жумушунда болуп жүрүп, устаты Манас айткандардан үйрөнөт, кадыресе, устаты атайын үйрөтөт. Же болбосо, өзүн жашырып устатка көрүнбөй тымызын үйрөнүп, Манас айткан жерлерге тымызын барып жүрүп өздөштүрүп алат. Бул манасчылардын көбүнө мүнөздүү болуп, аны манасчылардын өзүнөн мурдагы үйрөнгөн устатын көп айтпагандыктарына карай айтууга болот.

Өзүн жашырып тымызын үйрөнгөн манасчылардын бардыгы түш көрүп, түшүмдө аян берип деген сыяктуу сөздөр менен өзүнүн манасчы болгонун кайыбынан деп түшүндүрүүгө аракет жасашат. Адам баласы зээн коюп үйрөнүп, берилип калган нерсе түшкө кирүүсү чындык. Өңүндө жаттап, баатырлардын элесин көңүлүнө тартып жүргөн манасчылардын түшүнө Манас же анын урпактары кирүүсү сөзсүз чындык. Түшүндө көргөнүн унутпай айтуусу абдан мүмкүн. Бул Манасты үйрөнүү баскычы болгон. Манасчылардын экинчи баскычы, көрүнүүгө чыгып, секиназ чогулуштарда, андан соң чоң чогулуштарда Манас айтып такшалуу баскычы болгон. Мындай баскычты манасчылардын кээлери кырк жаштан кийин Манас айт деп шек берген эле, эми айта баштадым деп түшүндүрүшөт. Такшалуу баскычы эл алдынан өтүп, жомокчу, манасчы деген атакка ээ болуу болгон. Манасчылардын үчүнчү баскычы, арбытуу, чыгармачылык жөндөмгө салып, өз алдынча вариант жаратуу болуп, манасчылардын бул баскычын Манас изилдөө баскычы десе да болот.

Себеби, кээ бир манасчылар баатырларды өлүмгө ыраа көрбөй, кайып болуу жагына ой салса, кээ бир манасчылар Манастын ата-санжырасын кууп, эпостогу баатырлардын ата-энеси, туугандары, тага-жэзни сыяктууларды тактап, улам эпостогу кейипкерлердин урук-тукумун иликтеп издеп, эпоско кошуп олтурган. Ошого Манас эпосунун варианттарынын кээ бир бөлүмдөрү узунураак (мисалы, Кыз Сайкал кээ бир варианттарда бир, эки жерлерде жолукса, кээ бирөөлөрдүн варианттарында толук баяндалат), Эр Төштүк уулу Коён алп да баяндалган. Кээлеринде кыска баяндалган мындай болушу, манасчылар үйрөнүү баскычында бир эле устаттан угуп үйрөнбөй, айтор, көптөгөн манасчылардыкын угуп, ошондо ээлеген материал негизинде такшалган баскычына өткөндө, изденүү аркылуу көптөгөн каражаттарды кошуп айтып, эпосту ого бетер тактоо, түптөөгө аракет жасап, соңунда өзүнүн варианттарын калыптандырган. Ушул күнгө чейин, көптөгөн манасчылар өткөнүн боолгологону болсо да, бирок басма сөздөрдө жарыяланып эл эсинде жүргөн манасчылардан төмөнкүлөр гана айтылып келет. 1)Уламышта айтылып калган манасчылар: эпостун өзүндө айтылган Ырамандын Ырчы уулу болуп, бул Манасты жараткан жомокчу болушу мүмкүн деген уламыш бизге жеткен. Мындан бөлөк Жайсаң ырчы деген да Манас эпосун жараткан алгачкы манасчылардан болушу мүмкүн деген уламыш бар. Андан соң, Токтогул ырчы, Толубай сынчы тушунда Токтогул чоң жомокчу болушу мүмкүн деген уламыш бар. Булар уламыш боюнча айтылган манасчылар деген манасчылар тобун түзөт. 2)Эл эсинде калган, бирок алардын айтымдары толук кагаз бетине түшүрүлүп жетпеген, (аз бөлүгү гана жеткен) манасчылар: 1. Келдибек Карбоз уулу (1800-1888), 2. Балык (Бекмурат) Кумар уулу (17991887), 3. Тыныбек Жапиев (1846-1902), 4. Чоюке Өмүров (1863-1925), 5. Нармантай Чоңбаш (бул маалыматтарды караңыз: Кыргыз адабиятынын тарыхы, 2-том, 146бети, 2002-жылы басылышы,.

Бишкек). 3)Варианттары кагаз бетине түшкөн, Манас эпосун толук айткан манасчылар: 1. Шапак Ырысмендеев (1863-1956), 2. Сагымбай Орозбак уулу (1867-1930), 3. Жаңыбай Кожеков (18691942), 4. Багыш Сазанов (18781958), 5. Жакшылык Сарыков (1880-1934), 6. Молдобасан Мусулманкулов (1883-1961), 7. Иса Жумабек уулу (1884-...?), 8. Актан Тыныбеков (1888-1951), 9. Саякбай Каралаев (1894-1971), 10. Мамбет Чокморов (1896-1973). (Жогорку маалыматтарды Кыргыз адабиятынын тарыхы, 2-том, Манасчылар бөлүмүнөн караңыз, 2002-жылы, Бишкек), 11. Жусуп Мамай (1918), 12. Темир Турдумамбет, 13. Эшмат Мамбетжусуп (1860-1963), 14. Жусубакун Апай (1884-1922), 15. Осмон Маты (1906-1970). Манас айтуу. Кыргыз элинде Манас айтуу жана Манас угуу өтө оорактуу иш катарында каралат.

Ар бир айылда манасчы болгон. Манас айтуу демейде Манас айтуу жана атайын Манас айттыруу деп эки түрдүү болгон. Демейде, Манас айтуу бейпилчилик күндөрдө бир айылда манасчыны айттырып үзүр алуу, же чоң той, мааракелерде манасчыга Манас айттыруу болгон. Мындай жагдайда манасчыны чакырып келип айттыруу, же болбосо кыдырып Манас айтып жүргөн манасчы келип айтуу жагдайларда айтылган. Ал эми атайлап Манас айттыруу дегени, манасчыларды сыноо, айтуу көлөмүн чендөө максатында эл аксакалдары калыстарды чогултуп, атайын үй тиктирип, азык, оокат, союш камылгасы менен ар кайсы жерлердеги манасчыларды (чоң манасчыларды) чакыртып келип Манас айттырган. Мындай Манас айттыруу эки ыңгайда болгон, анын бири, бир эле бөлүмдү бир нече манасчыга айттырып баа берүү, экинчиси, бир бөлүмдүн окуясын бир манасчыга, андан аркы окуясын дагы бир манасчыга улап айттырып көргөн. Мындай айттыруу Манастын ким канчалык көлөмдө, кандай көркөмдүктө айта тургандыгын билүү максатында атайын уюштурган кесиптик, манасчылар чогулушу болгон. Чоң манасчы, жомокчулар мына ушундай чогулуштарда иргелген.

Демейдеги айылдарда Манас айттырууда көбүнчө Манастын кайсы бир бөлүгү айтылган. Толук айттырууга убакыт, чоло табылбаган. Манас эпосун нечен түндөп айттыруу менен толук угууга болбогон. Аны бир нече айлап, жылдап айтып бүткөн. Угармандар.

Манас угармандары манасчыдан эпостун салттык обону, айтуу, нускоо, жаңсоо, обдулуу аракеттери менен угууну жактырышкан. Айылга манасчы келгенде, Манас айттырган айыл кудум чоң көлөмдөгү театрда көргөндөй, сахналык чыгармаларды көргөндөй ынтаа, кызуулук менен угушкан. Угармандар эпостун окуясындагы кайгылуу турмушка бирге кайгырып, кээ бирөөлөр ыйлашып олтурган. Жеңиштүү, кубанычтуу окуяларды укканда бирге кубанышып, бирге үзүр алган. Согуш, салгылашуу окуяларын укканда как ошол майдандагы көрүнүшкө тике катышып жаткандай парызда, бирде обдулуп, умтулуп, бүт угармандар кандайдыр ичтен аракетте болуп турган кебете пайда болгон. Эпосту угуп жатканда, ар кандай бөлөкчө шыбыр-күбүр болбогон.

Бардык ички тышкы кыймыл токтоп, жапжалгыз манасчынын доошу, аракети бүт айылды бийлеп турган. Чоң манасчылар келип Манас айткан айылдын аянты толуп, үйгө сыйбай талаада угушкан. Эгерим жаан жаап, шамал чыгып калса да, эч ким угуучу жерден кетип калбаган. Манасчынын алдына дасторкон жайылып, чөйчөккө эритилген сары май белен коюлуп турган. Манасчы карыкканда сары май менен тамак жумшартып, айтуусун уланта берген. Эпостун жазылышы жана басмага чыгышы.

Манас эпосун чогултуу, кагаз бетине түшүрүү, басмадан чыгаруу жумушу Манастын жаралуу дооруна салыштырганда абдан кеч башталган жумуш эсептелет. Манас эпосун чогултуу жумушу илгери жомокчулардын жумушу болуп, алар өздөрү Манас үйрөнүү максаты менен өзүнүн мурдакы манасчыларды угуп, көөдөнгө чогултуп, аны кайра ооздон-оозго өткөрүп жүргөн. Манас эпосунун жазмага түшкөн тарыхы манас таануу илиминде бир нече саамалыктар менен баяндалып келет. Анын эң эртедегиси Орхон-Энесай таш жазмаларында эпостун баяны сымал саптар бар. Мүмкүн Манастын өзү болбосо да, кыргыздын жомоктук үлгүсү ошол ташка чегилген саптарда бар деген көз караш жок эмес. Манас эпосу жөнүндө кагазга түшкөн баяндын эң алгачкысы Мажму ат тарых деген автору белгисиз (бирок Ферганалык Сейиф-ад-Дин Аксыкенттин жана анын уулу Нооруз Мухаммеддин кол жазмасы боюнча жеткен) китеп болуп (болжол менен 1503-1514-жылдарда) анда Манас эпосу жана Манас баатырдын баяны айтылган. Манастын Жолой менен болгон согушу, ал тургай Жакып жөнүндө баян айтылган. Бул баян Манас эпосунун кагазга түшкөн биринчи варианты деп каралып келет. Андан кийинки маалымат Чокан Валихановдун Манасты кагаз бетине түшүргөндүгү болуп, 1856-жылы кыргыз жергесине келип Манас эпосунун бир окуясы Көкөтөйдүн ашын кагаз бетине түшүргөн, бардыгы 3320 сап. Анын 910 сап котормосу 1904-жылы Санкт-Петербургда жарык көргөн. Андан соң Манас эпосун В. В. Радлов кагаз бетине түшүргөн.

Ал 1862-жылы Текестен бугу уруусунан, 1869-жылы Ысык-Көлдөн Сарыбагыш жана Солто урууларынан Манас эпосунун үч бөлүмүнүн негизги окуяларын кагаз бетине түшүргөн. Андан бөлөк Эр Төштүк, кыргыз кошоктору сыяктууларды жазып алган. Мында Манас боюнча 11376 сап жазып алган. Анын ичинде Манас бөлүмү 9449 сап, Семетей бөлүмү 1421 сап, Сейтек бөлүмү 506 сап болгон. Муну 1885-жылы Түндүк түрк урууларынын элдик адабияттарынын үлгүлөрү деген желелеш жыйнагынын 5-томунда жарыяланган (Бул вариант 1997-жылы Кызыл-Суу Кыргыз басмасы жагынан Карт дастан деген ат менен басмадан чыкты). Венгр окумуштуусу Г. Ф. Алмаши 1900-жылы кыргыз жергесине келип жүргөн кезде Манастан үзүндү жазып алган, ал 1911-жылдары жарыяланган жана кыргыздарды, Манасты тааныштырып макала жазган. Орус сүрөтчүсү Б. В. Смирнов 1903-1904-жылдары кыргыз жергесинде болгон кезде Семетейдин кыска окуясын кара сөз иретинде жазып алып, 1914-жылы Москвада жарык көргөн. Жогоркулар Манас эпосун жазып алуу, чогултуу, башка элдерге тааныштыруу жумушунун босого аттар жумуштары болгон. Болуп да Манас таануу илими дүйнөгө эшигин ачкан саамалык катары көрүнгөн.

Манас эпосун атайын максаттуу түрдө чогултуу, кагаз бетине түшүрүү жумушу 1920-жылдардан кийин башталып, арналуу уюмдук көз караш менен иш башталган. 1920-жылдары Манас эпосунун кагазга түшүрүү абалы. Чоң жомокчу Сагымбай Орозбаковдун Манасын жазып алуу иши 1922-жылы башталып, биринчи бөлүм Манасты жазып алуу жумушу 1926-жылы байыган. Тыныбектин Семетейден үзүндүсү 1925-жылы араб тамгасы менен Москвадан басылып чыккан. Анын баш сөзүн Ишенаалы Арабаев жазып, Тыныбек жомокчунун Семетейи деген ат менен китепче кылып чыгарган. 1930-жылдарда Манас эпосунун кагазга түшүрүү абалы.

1930-жылдарда чоң жомокчу Саякбай Каралаевдин айтымы, Шапак Ырысмендеев, Тоголок Молдо, Акмат Ырысмендеев, Багыш Сазанов, Актан Тыныбеков сыяктуу манасчылардын айтымдары кагаз бетине түшүрүлгөн. 1940-1950-жылдарда Манас эпосунун басмадан чыгуу жумушу Кыргызстанда алгачкы саамалык катары башталган. 1940-1943-жылдары Манас сериялары деген желелеш китептен экөө басмадан чыкты. Ал 1946-жылы орусчага которулуп, Москвада жарык көргөн. 1958-1960-жылдарга чейин Кыргызстанда бириктирме вариант деген ат менен Манас (биринчи, экинчи китеби 1958-жылы), Семетей (1959-жылы), Сейтек (1960) басмадан чыккан.

1978-жылдан баштап, Кыргызстанда чоң жомокчулар, манасчылар Сагымбай Орозбаков ясана Саякбай Каралаевдин айтымдарын түп нускасы боюнча чыгаруу жумуштарын баштаган. 1982-жылга чейин Сагымбайдын айтымындагы Манастын төрт китеби басмадан чыккан. Саякбай Каралаевдин 1982-1984-жылга чейин Манасы эки китеп, 1985-1987-жылга чейин Семетей эки китеп, 1990-жылы Сейтек бөлүмү жарык көргөн. Манас эпосун кагазга түшүргөндөр: 1. Чокан Валиханов, 2. В. В. Радлов, 3. Кайым Мифтаков, 4. Ыбрайым Абдырахманов, 5. К. Жумабаев, 6. К. Ыдырысов, 7. К. Кыдырбаев, 8. К. Ысмаилов, 9. Балбай Мамай уулу, 10. Ху Чжен Хуа, 11. Ли Йу Фа Чжун, 12. Пазыл, 13. Сакен Өмүр, 14. Үсөнаалы Алымкул сыяктуу адамдар Манас эпосун жазып алуу, чогултуу, басмадан чыгаруу жумуштарына катышып, эпостун бүгүнкү туруктуу басма сөз формасында, урпактан урпакка улана берүүсүнө аябай салым кошушкан. Андан бөлөк да эпосту жазып алуу, чагын варианттарын кагаз бетине түшүрүү ишине жүздөгөн адамдар катышкан. Бирок биз жогоруда атаган адамдар Манасты жазып алууда орошон эмгектери барлар деген максатта атайын айтылды. Манас эпосун изилдөө. Манас таануу XIX кылымдын соңунда Чокан Валиханов менен В. В. Радловдун Манас менен таанышуусунан башталып, кылымдардан бери манасчылар изилдеп, иликтеп келген Манас жомогу дүйнөлүк илимпоздордун изилдөө темасына өткөн. Мурдагы манасчы, жомокчу Манасты иликтеп, изилдөөсү тек эпосту толуктоо, кемелдендирүүнү максат кылышып изилдеген.

Изилдебей, эпостун жалпы окуясы менен таанышпай, санжыралык баянын мыкты билбей туруп анын айтылуу обондорун, жаңсоо кыймылдарын иреттеп билбей туруп, манасчы, жомокчу болуу кыйын эле. Ошого Манас изилдөө жөнүндө сөз болгондо, алды менеы манасчы, жомокчулар изилдеген дегенди айта кетүүгө тийишпиз. Бирок Манас изилдөөсү өзүнчө илим катары анын жан-жактылуу жактарына кайрылып изилдөө иши дагы эле Чокан Валиханов, В. В. Радловдор менен башталган. Алар Манас эпосуна биринчилерден болуп аныктама берип, эпостун мүнөзүн белгилеп беришкен, ошондон соң Манас эпосу негизинен, төмөнкү жактардан изилденген жана тааныштырылган. 1)Манас эпосун тааныштыруу максатында изилденген. Эпос океандай чалкып жаткандыктан, аны жалпы эле элге, эл арага тааныштыруу, таанытуу ажаты болгон. Ошондуктан мындай изилдөөнүн колго алынышы зарыл эле. 2)Манас эпосуна аныктама берүү мүнөздөө изилдөө жүргөн. Мындай изилдөөнүн натыйжасында Манас эпосу кыргыз элинин энциклопедиясы, кыргыз рухунун туу чокусу, баатырдык эпос деген аныктамалар берилип, дүйнөдөгү эпостор катарында бою, ою улуу болуп турууга жетишти. 3)Манас эпосунун жаралган доорун иликтеп изилдөө боюнча изилдөөлөр болгон. Бул изилдөөнүн майнабы эпос менен кыргыздын тарыхын кууп, баяндоого жетишкен.

4)Манас эпосунда айтылган баяндарга негиз кыргыздын маданиятын изилдөө, издөө жүргөн. Мындай изилдөөнүн мааниси абдан зор болуп байыркыны азыркы үчүн иштетүү руху боюнча ушул кездеги Кыргыз таануу илимине Манас эпосу далил болууга жетишкен. Алып айтсак, кыргыз тарыхы боюнча сөз болгондо алды менен Манас эпосундагы баянга кайрылуу, андан накыл көрсөтүү, кыргыздын кол өнөрчүлүгү, турак-жайы, кийим-кечек, жемек-ичмек маданияттарынан сөз козгогондо Манас эпосунан далил көрсөтүү, аны мисалга тартуу менен бекемдөө болду. Кыргыз тили жалпы эле кыргыздын тилдик маданиятын изилдөөдө Манас эпосу көрөңгө болуп калды. Мына булардын бардыгы эпостун кыргыз маданиятын изилдөөнүн натыйжасы деп айтууга болот. 5)Манас эпосунан кыргыздын ой-санаасын, кыялын, жашоого, дүйнөгө болгон көз караштарын издеп, ошол жагын иликтеген изилдөөлөр да алгачкы арымда башталган. Болуп да диний ишенимдерин Манас эпосундагы акылмандыкты изилдөө абдан натыйжа берет. 6)Манас эпосу менен дүйнөлүк башка эпосторду салыштырып изилдөөдө, дүйнөлүк эпостор менен көлөмүн, эпостук түзүлүшүн, болуп да окшоштук жактарын салыштырган эмгектер жаралды. 7)Манас эпосу боюнча ондогон илимий талкуу, чогулуштар өтүп, Манас таануунун жайыты кеңейген.

Манас боюнча чоң чогулуштарды атап көрсөк: 1952-жылы 6-10-июнда Манас боюнча Кыргызстанда чоң илимий чогулуш болуп, буга төрт жүздөн ашуун адам катышкан. 1990-жылы Жуңгодо бүт мамлекеттик Манас боюнча илимий чогулуш болуп өткөн. Буга жүздөн ашуун адам катышкан. 1994- жылы Үрүмчүдө Манас эпосунун эл аралык илимий чогулушу болуп, 10 чакты мамлекеттен 80ден ашуун адам катышкан. 1995-жылы Бирлешкен мамлекеттер уюму Манас жылы деп белгилеп, Кыргызстанда өтө чоң маараке Манас эпосунун 1000 жылдыгы белгиленген. Ошол байланыш менен ондогон илимий макалалар жыйнактары жарык көргөн. Манас эпосунун изилдөөсү дагы бир жолу эл аралык белеске ат койгон. 8)Манас эпосун изилдөө боюнча ондогон арналуу китептер, миңдеген макалалар жарык көргөн.

9)Манас эпосун изилдөөчүлөр Манас эпосу XIX кылымдын соңунда изилдөөнүн бети ачылгандан тартып азырга чейин өзүнүн изилдөө кошуунуна ээ болду. Азыркы Манас таануу илиминде манас изилдөөчүлөрдөн төмөнкүлөрдү атасак, эмгегине жараша айткан болобуз. Алар: Чокан Валиханов, В. В. Радлов, К. Мифтаков, М. Авазов, Реми Дор, Г. Жирмунский, Г. Рахматуллин, Б. Юнусалиев, С. Абрамзон, Георг Алмаши, А. Бернштам, X. Карасаев, К. Кырбашев, С. Мусаев, К. Тыныстанов, Р. Кыдырбаева, Хатто, Ху Чжен Хуа, Ла Йиц, Луй Фа Чжун, Шац Ши Чжин, Сакен Өмүр сыяктуулар болуп, булар Манас изилдөөдө өзүнчө кошуундун башындагылар эсептелет. Мындан бөлөк да нече жүздөгөн авторлор Манас боюнча макалалар жазып келет. Майнап сөз, Манас изилдөөсү боюнча бараандуу эмгектер жазылып, изилдөөчүлөр кошуунунун карааны көрүнүп калганын жогоруда айттык.

Бирок Манас таануу илими жаш илим болуп изилдөө али тереңине тартыла элек. Анын себеби Манас эпосунун варианттары толук басмадан чыга элек. Дагы бирөө Манас эпосу дүйнөдөгү чоң тилдерге толук вариант боюнча жогору деңгээлде которулуп бүткөн жок. Ошол себептүү Манас изилдөөсү бечел калды деп айтууга тийиштүүбүз. Манас эпосунун котормосу. Манас эпосун башка тилдерге которуу Чокан Валиханов менен В. В. Радловдон башталган, ошондон кийин эпостун котормосу орус тили, герман тили, ханзу тили, англис тили, уйгур сыяктуу тилдерге которулгандыгы жөнүндө маалымат бар. Эпоско аалымдардын баасы. Манас суу какшыганда туз чогулган сыңары, темирдин чамындысы магнитке тартылган сыңары өз алдынча уламыш менен жомоктор, тарыхый эскерүүлөр, ырлар жана аңгемелер жалпы көрүнүштүн бөлүкчөлөрү катары кабыл алынып, канчалык майда бөлүктөрдөн турса да, элдин мүлдө ой-тилегин, улут-рухунун урагыс биримдигин түзүп турат (Василий Радлов, 1862-жылы, Текес).

Манас Манас баатырдын тегерегинде чогултулган кыргыз мифтеринин аңыздарынын), жомокторунун жана уламыштарынын энциклопедиялык (билим китеби) жыйындысы. Муну ээн талаанын Илиадасы десе болот (Чокан Валиханов, 1858-ж., Ысык-Көл). Орто Азия элдеринин эпосторунун ичинен кыргыздын эпосу Манас, мүмкүн, элдин күчүн, анын эркин башкалардан бөтөнчө ачып берет. Башка эпостордон ал көлөмдүү гана болбостон (Шахнамэден алты эсе, Илиададан кырк сегиз эсе чоң), баарыдан мурда өзүнүн элдик руху менен жогору турат. Манас эпосу элдик көркөм чыгармачылыктын туу чокусу, эстелиги гана болуп калбастан, ошондой эле, байыркы башаты 820-847-жылдарды камтыган, кыргыз урууларынын көз карандысыздыгы үчүн күрөшүн баяндаган кайталангыс тарыхый повести да болуп эсептелет (Александр Бернштам, 1942-ж., Москва). Манас трилогиясындай (үч бөлүмүндөй) поэтикалык эстелик башка бир дагы элде жок. Ал ошонусу менен ого бетер баалуу, кыргыз элинин дүйнөлүк маданият кенчине кошкон баа жеткис салымы (Саул Абрамзон, 1952-ж., Москва).

Манас эпосу байыркы кыргыз рухунун туу чокусу. Манас Манас болгондон берки эпостон тамчыга тамчы кошулуп, сөзгө сөз, ойго ой кыналып, байыркы кыргыз журтунун бүткүл чыгармачылык кубатын Сагымбай өз дилине сыйгызып тургандай көрүнөт. (Чыңгыз Айтматов, 1978-ж., Талас). Манас кыргыз улутунун амалий турмушунда ынтымактыкты чыңалтып кайратка шык берип, улуттун оорагын көтөрүп тура турган кайнар булагы. Манас кыргыздардын чыдамкайлык, эч качан басынбоочулук улуттук рухун көрсөткөн. Кадыресе ал кыргыздардын аябай ак көңүл, баатыр улуттук мүнөзүн көрсөтүп берген (Лан Ииң, 1995-ж., Бейжин). Манас эпосу кыргыз урууларынын өткөн кылымдардагы этнографиялык турмушунун жана коомунун далай кылымдар бою башынан өткөргөн чыныгы тарыхый окуяларын да көркөм чыгарма аркылуу билдирген баян болуп эсептелет.

Граждандык тарыхта кыргыздар жөнүндөгү маалымат б. з.ч. II кылымдан б. а. эки миң жыл мурда башталат. (Болот Юнусалиев, Кыргызстан). XX кылымда Манас эпосу. XX кылымдын 30-жылдарынын ортосунда жана 50жылдардын башында совет коомунда өкүм сүргөн идеологиялык-саясий куугунтуктоо компаниялары улуу эпостун тагдырына далай терс таасирин тийгизди. Эпостун элдүүлүгүнө шек келтирилип улутчулдуктун уюткусу катары ага ар кандай идеологиялык жалаа жабылды.

Элдин жана маданияттын байыркылыгын изилдеген талантуу аалымдар жалган жерден жазаланды. Ошону менен Манастын миң жылдыгын өткөрүү боюнча алгач 30-жылдарда, андан соң 40-жылдардын акырында көтөрүлгөн идея ишке ашкан эмес. Манас эпосунун 1000 жылдыгы 1995-жылы август айында салтанаттуу түрдө өттү. Кенже эпостор. Кенже формадагы эпостор да баатырдык менен каармандыкты даңазалоого арналган. Буларда коомдун социалдык-турмуштук проблемалары лирика-романтикалык маанайда баяндалат. Кылымдар бою айтылып келген эпостордун жаралуу мезгилин аныктоо мүмкүн эмес. Алар ар башка доорлордун окуяларын камтып, көп электен өтүп, акын-аткаруучулардын таланттары менен байыган.

Фольклордук чыгармалар оригиналдуулукка, улуттук, эстетикалык, бүтүндүккө жетишкен. Көпчүлүк дастандарда демократиялык идеялар чагылдырылган. Эпостордо көбүнчө уруучулук коомдук-түзүлүш чагылдырып, адам менен жаратылыштын өз ара байланышы ар кандай формада көрсөтүлөт, мифтик айбанаттарга сыйынууну баяндаган учурлар да кездешет. Кенже формадагы эпикалык чыгармалардын арасында баатырдык жана социалдык-турмуштук дастандар бар. Эр Төштүк, Кожожаш өңдүү дастандар мифологиялык-жомоктук негизде курулуп, байыркы доордон кабар берет. Эр Табылды, Курманбек дастандарында кыргыздардын кийинки учурлардагы уруулук чыр-чатактары, чет элдик баскынчыларга каршы күрөшү баяндалат. Олжобай менен Кишимжан, Саринжи-Бөкөйдө кыргыз урууларынын тарыхындагы ар кандай доордун социалдык-турмуштук проблемалары романтикалык маанайда чагылдырылган. Эмгек ырлары. Эмгек адамды жараткан, анын акыл-эсин өстүргөн. Адам эмгектин натыйжасында табиятты өзүнө баш ийдирүүнү үйрөнгөн.

Ошондуктан элдик оозеки чыгармачылыкта эмгек ырлары эң байыркы, эң көп жашаган жанр. Өткөн мезгилдерде элдин чарбачылыгына, тиричилигине байланыштуу эмгек ырлары пайда болгон. Алар темин ырлары, же дыйканчылык, мергенчилик жөнүндөгү ырлар, Оп майда, Темин ырлары эмгектин жүрүшүндө пайда болуп, дыйкандардын тилегин, ой-санаасын чагылдырган. Бул өңдүү эмгек ырлары байыркы коомдогу анимисттик көз караштын негизинде чыккан. Эмгек ырлары өзүнүн көп жашаган өмүрүндө, ар бир жаңы өзгөрүүлөргө, кошумчаларга учураган. Кыргыздын эң байыркы доордо жаралып биздин күндөргө чейин жашап келген эмгек ырларына Оп майда, Бекбекей, Шырылдаң кирет.

Булардын ичинен өтө мүнөздүүсү Оп майда анткени, бул ырда байыркы эмгек ырларына мүнөздүү болгон оп деген кайырма сакталып калган. Орой-орой басканың, Ороо толсун оп майда. Орокчунун балдары, Нанга тойсун оп майда. Кырча-кырча басканың, Кырман толсун оп майда. Кырманчынын балдары, Нанга тойсун оп майда. Оп майданы күзүндө кырман баскан дыйкандар беш-алты жылкыны же уйду, же эшекти теминге кошуп алып, тегеретип эгин бастырган учурда ырдашкан. Кыргыз эли көбүнчө мал чарбачылыгы менен күн көрүшкөндүктөн, ага байланыштуу да көптөгөн чыгармаларды жаратышкан. Бекбекей ырында короо күзөткөн кыз-келиндер койчулардын, алардын үй-бүлөсүнүн тилегин айтышкан. Кыз-келиндер күндүз кой саап, козу байлап, түнкүсүн короодогу койлорду ууру-бөрүлөрдөн кайтарышкан.

Алар, биринчиден, уктап калбай, короону сак кайтаруу үчүн, экинчиден, түндү көңүлдүү өткөрүү үчүн ун алышып, Бекбекей ырын ырдашкан. Лирикалык ырлар. Кыргыздардын маданиятында элдик оозеки поэтикалык чыгармачылык кеңири роль ойногон. Анда элдин тарыхый тагдыры, өзгөчөлөнгөн байыркы маданияты, эмгеги, үмүтү, тилек-максаты, жаратылышы, каада-салты поэтикалык бийик деңгээлде кеңири чагылдырылган. Нечендеген кылымдарда ар кандай тагдырга туш келген элибиз фольклорго өтө бай. Эмгек процессин камтыган эмгек ырлары салт-кааданы чагылдырган салт ырлары, элдик ырым-жырымдарга ылайык эм-дом ырлары, лирикалык-секетбай, күйгөндөр, мелдеш-айтыштар да түгөнбөс казына. Кыргыздар басып өткөн узак тарыхый жолдо кыргыз элинин оозеки чыгармачылыгы да өнүгүп келген. Оозеки көркөм чыгармалардын өзүлөрүнө таандык өзгөчөлүктөрү бар. Алардын пайда болуусу, сакталып өмүр сүрүүсү атайын эрежелерге баш иет. Аталышында эле таасын көрүнүп тургандай, элдик оозеки көркөм чыгармачылыктын эң негизги белгиси анын материалдарынын оозеки жаралып, укумдан-тукумга өтүп, оозеки улангандыгында. Көлөмдүүсүбү же чаканыбы, ар бир чыгарма алгач ирет жеке адамдар тарабынан чыгарылат.

Ошол көркөм материал мазмуну жана формасы жактан башкалардын да купулуна толсо үйрөнүү, эсте сактап калуу жолу менен ооздон-оозго өтүп, көпчүлүккө тарап элдик мүнөзгө өткөн. Кийин бирөөдөн экинчиге өтүп, оозеки айтылганда алар алымча-кошумчаларга учурап, өзгөртүүлөр, тактоолор киргизилген. Натыйжада алгач чыгарган адамдын аты унутулуп, андай чыгарма көп адамдардын элегинен өтүп, толукталып, жалпы элдин энчисине айланган. Адамдын ички сезимин, ой толгоолорун көбүнчө ыр түрүндө баяндаган көлөмү чакан ырларды лирикалык ырлар дейбиз. Лирика деген түшүнүктүн түпкү теги гректердин лира аттуу музыкалык аспабынын атынан келип чыккан.

Байыркы гректерде ошол лира аспабынын коштоосу менен аткарган чыгармалар лирикалык ырлар деп аталган. Ыр түрүндөгү майда чыгармаларды кыргыздар кара ыр, калыс ыр деп экиге бөлүп айтышкан. Элдин оозеки көркөм чыгармачылыгында негизинен оң менен терс, жакшы менен жаманды баяндап турган дидактикалык мааниси зор, чоң-кичинеге мааниси бирдей таандык калыс ырлардан (санат, насыят) күндөлүк эл турмушунун түрдүү көрүнүштөрүнө, учурларына тыгыз байланышкан кара ырлардан (айтыш, мактоо, кордоо, арноо, арман, сүйүү ж. б. ырлар) башка да белгилүү учурларда үрп-адаттык түрдүү атайын эрежелерине ылайык айтылуучу салт ырлары (ырым, жактоо, керээз, угузуу, көрүшүү, оюн ырлары, бешик ырлары ж. б.) бар. Лирикалык ырлар тематикалык мүнөзүнө жараша эмгек ырлары, турмуш ырлары болуп бөлүнөт. Турмушта лирикалык ырлардын тарбиялык мааниси зор. Салт, үрп-адат ырлары. Кыргыздар коомдук түзүлүштүн баскычтарына, күндөлүк тиричиликтин түрлөрүнө ылайык узак жылдар сакталып, элге сиңген үрп-адаттарга, каада салттарга бай. Ушул каада-салттардан улам кыргыз эли жашап келген тарыхый доорлордогу таптык, уруулук мамилелерди, экономикалык турмушту, дүйнөгө көз карашты көрөбүз.

Ошону менен бирге, бул каада-салттарга ар бир доордун диний көз караштары кошо кирген. Кыргыздын фольклордук чыгармаларынын ичинен үрп-адатка байланыштуу чыгармалар көп. Ошондуктан аларды үрп-адат ырлары дейбиз. Үрп-адат ырларына кошоктор, (киши өлгөндө, кыз узатканда айтылган), керээз ырлары, арман ырлары, сүйүү ырлары, жарамазан, мактоо ырлары, бешик ырлар, оюн ырлары кирет. Үрп-адат ырлары эл арасында кеңири таралган. Кошоктор өкүнүү, күйүү маанисинде ички сезим менен муңдуу айтылуучу кайгылуу ыр. Кошоктор экиге бөлүнөт.

Алардын бири киши өлгөндө кошула турган кошоктор, экинчиси кыз узатканда кошула турган кошоктор. Кыргыз фольклорундагы үрп-адат ырларынын ичинен кошоктор өзүнүн чыгышы жагынан байыркы жана эл арасына кеңири таралган жанрлардын бири. Байыркы Орхон-Эне Сай жазууларынын тексттеринен да кошок, керээз түрүндө айтылган сөздөр кездешет. Кошокчулар ыр чыгарган акындар сыяктуу таланттуу аялдар. Алардын ырды дароо чыгарышына кошок күүсүнүн узакка созулушу жана сөздөрүн өтө жай, муунга бөлө айтылышы мүмкүндүк берген. Бир аял же кыз кошок кошкон учурда башка аялдар унчугушпайт. Эшикте жүргөн эркектер да анын кошогуна кулак төшөшөт.

Өлгөн кишиге арналган кошоктун мазмуну ошол кишинин тирүүсүндөгү коомдук турмуштан алган ордун айкын көрсөтөт. Ошондуктан кошок ырлары коомдук мааниге, таптык мүнөзгө ээ болгон. Кошоктун экинчи түрү кыз бергендеги кошоктор. Кыз узатуудагы кошоктун мааниси, биринчиден кыз үй-бүлөдөн, туулган жеринен ажырап, жат, чоочун жерге баратканына кайгыруу сезимин билдирет, себеби, эски заманда кыздар мурун көрүп билбеген, көбүнчө өзүнө теңтуш эмес кишиге эрксиз калыңга сатылган. Анын келин болгондон кийинки укуксуз ал-абалы эненин көңүлүнө кайгы салбай койгон эмес. Кошоктун бул түрү көрүшүү, коштошуу деп аталат.

Мында акыл-насаат сөздөрү кеңири камтылган. Айтыш ырлары. Кыргыз элинин аш-тойлору, майрамдары акындарсыз өткөн эмес. Акындык өнөр кыргыз элинде өтө жогору бааланган. Натыйжада элдик оозеки чыгармачылыктын төкмөчүлүк өнөрү күчтүү өнүккөн. Төкмө акындар ой жүгүртүүсүнүн тездиги, баамчылдыгы, өзгөчө таланттуулугу менен айырмаланган.

Элибиздин толуп жаткан оюн-зооктору менен катар акындарды айтыштыруу да кеңири жайылган салт болгон. Эки ырчынын акындык дареметин салыштырып, бирин-бири жеңүү максаты менен ырдаган ырлары айтыш ырлар делип айтылган. Айтыш ырлары акындардын чеберчилигин айгинелеп, бул жанрдын өсүшүнө түрткү берген. Керээз ырлары. Кыргыз элинде өлүм алдында жаткан киши артында калуучу үй бүлөсүнө же башка ишеничтүү кишисине өзүнүн акыркы оюн, акыл-насаатын, аласа-бересесин айтып кетүү адаты болгон. Тирүү калгандар ал адамдын өлөөрдөгү айткан сөзүн иш жүзүнө аткарууга аракет кылган. Ошон үчүн ал киши эстен танып бара жатканда, үй-бүлөдөгү, же айылдагы жакындары эмне айтасыз? деп сураган.

Өлүм алдында жаткан кишинин тирүү калгандарына айткан акыркы сөзү керээз деп аталган. Керээз өлөр кишинин өз бүлөөсү жөнүндө же өлгөндөн кийинки ага жасалуучу зыйнат жөнүндө айтылган акыл-насааты же тапшырмасы болгон. Мындай керээздерди көбүнчө эл башкаргандар, эл акындары, эл баатырлары айта турган. Көпчүлүк үчүн маанилүү болгон керээздер ыр түрүнө айландырылып, элге тараган. Манастын Каныкейге айткан керээзи, Көкөтөйдүн Бокмурунга айткан керээзи, Ормон хандын керээзи, Балбай баатырдын керээзи ж. б. буга күбө. Тамаша, мыскыл иретинде айтылган керээздер да бар.

Сайтка жарнама жайгаштыруу