Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Байыркы кыргыздардын оозеки чыгармалары (1 бөлүк)

Баш барак | Кыргызстандын тарыхы | Байыркы кыргыздардын оозеки чыгармалары (1 бөлүк)

Б. з.ч доорлордо эле кытай эски жазмаларында калган кыргыз элинин оозеки чыгармачылыгы түр жана мазмуну жагынан өтө бай келет. Кыргыздар жараткан элдик адабият тарыхый жактан: эң алгачкы доор адабияты, ортоңку доор адабияты, кийинки доор адабияты деп үч чоң доорго бөлүнөт. Ал эми түр жагынан: кара сөз түрүндөгү аңыздар (мифтер), уламыштар, жөө жомоктор, санжыралар, ыр түрүндөгү дастан, эпостор болуп эки чоң топко бөлүнөт. Эң алгачкы доор адабиятында кыргыздардын дүйнөнү, жаратылышты таануудагы наристе элестетүүсү ошол доор адабиятынын негизги мазмуну болуп наристе кыял (фантазия) адабияттын көркөм каражаты болуп келген. Ал эми ортоңку кыргыз адабият доорунда улуттар менен улуттар, уруулар менен уруулардын кагылышы негизги мазмун болуп, баатырдык образ жаратуу адабияттын көркөм каражаты болуп эсептелген. Кийинки доор кыргыз адабиятында реалду турмуш, тиричиликтин түрдүү жактарын камтыган, инсанат турмуш тажрыйбаларын баяндаган мазмундар, түрдүү татаал образды жараткан көркөм каражаттар болгон.

Эң алгачкы адабият доору. Эң алгачкы кыргыз адабият доору адамзаттын баштапкы коом дооруна тушташ келет. Баштапкы коомдо эле тубаса баамчыл адамзат дүйнөгө, жаратылышка баар салып, заттардын, кубулуштардын жаратылышы жөнүндө наристе элестетүүсүн тил аркылуу өз ара баяндашып, өз баамдарын көркөм адабият менен түшүндүрүүгө аракеттенишкен. Ошону менен баштапкы адабият негиздери жаралган. Эң алгачкы кыргыз адабиятынын түшүнүгү баштапкы коомдун наристе түшүнүгү болуп, адабияттын негизги мазмуну дүйнөнү ааламды жаратылышты наристе баамдап, аны наристе элестетүү менен түшүндүрүү болгон мифтик чыгармалар болуп эсептелет.

Эң алгачкы кыргыз адабиятынын эрекчиликтери: биринчи, көп кудайлуу, көп ээлүү рухка ишенүү аркылуу сыйынуучу көптөгөн образдар жаралган. Экинчи, дүйнөнүн, жаратылыштын, заттардын пайда болуу, жаралуу себептерин наристе элестетип ошол наристе элестетилген нерселерге көркөм образ берип сүрөттөө болгон, үчүнчү, баштапкы кыргыз адабиятындагы окуялардын кагылыштары кайчылыктары адамдар менен адамдар ортосундагы кагылыш кайчылык болбостон табияттан тышкары сыйкыр күчтөр (дөө, желмогуз, албарсты ж. б.) менен адамзаттын кагылышы табият мүчөлөрүнүн, заттардын өз ара байланышы сүрөттөлгөн, төртүнчү, сөз касиетинин күчүнө чын бүтүү, сөз касиети кандайдыр бир натыйжа берет деп ишенүү менен түрдүү окуялар баяндалган. Манас баяны Эпостордун бөлүнүшү. Кыргыз эпостору көлөмү жана идеялык-көркөмдүгү боюнча экиге бөлүнөт, Биринчиси улуу Манас (үчүлтиги) эпосу, экинчиси кенже эпостор. Жанрдык жана доордук жагынан кыргыз эпостору үч түрлүү: биринчиси аңыздык (мифологиялык) эпос (Кожожаш, Эр Төштүк), Экинчиси баатырдык Эпос: Манас, Семетей, Сейтек, Курманбек, Жаныш-Байыш, Эр Табылды, Жаңыл-Мырза ж. б. Үчүнчүсү социалдык-турмуштук же лирика эпикалык эпостор: Сарынжы Бөкөй, Олжобай менен Кишимжан, ж. б. Манас эпосуна аныктама: Кыргыздар Манасты жомок деп атап, ушул аталардын жомогун кылымдардан бери улам кийинки урпактын оозуна өткөрүп, дилине кыт кылып куюп келген. Кыргыз тилинде жомок деген сөз окуялуу баян, окуя деген мааниде болуп, бир нерсени жомоктотуп айтты, жомоктотуп сүйлөдү, жомок болуп калды дегенге окшош сөз айкаштарында жомок белгилүү окуяны майдалай баяндап бергенге тете. Ошондуктан, ата-бабанын баянын айтып келген Манас жомок деп айтылып, кыргыз көркөм сөз өнөрүнүн (адабиятынын) жөрөлгөлүү термини катары урунулуп келген.

Ал эми, жомоктун кара сөз түрүндө баяндалуучу түрүн жөө жомоктор деген термин менен түргө бөлгөн, Манас эпосу уйкаштуу, ыргактуу, обондуу, жорго айтылгандыктан, аны тиги жөө жомоктон айырмалуу көргөн. Азыр да эл ичинде ыр менен оюн-шоок болгондо жөө келбей аттуу кел деп коет. Айтмак, кыргыз көркөм өнөр тарыхында жөрөлгөлүү адабияттык терминдин көч башы катары жомок сөзү эсептелет. Ал эми Манас жомогу кийинки дүйнөлүк адабият секисинен көргөндө, эпос деген термин менен аталып, дүйнө эпосторунун тизмегинде Манас эпосу айтылып кетти. Эпос деген сөз грекче сөз болуп, баян, сөз, жомок деген маанини берет экен да, ага кыргыздын тарыхта колдонулуп келе жаткан жомок адабияттык термини калыпка куйгандай дал келет. Ошого дүйнөлүк салт боюнча Манастаануу илиминде Манас эпосу деп атоо дүйнөлүк терминге туура келет.

Манас эпосуна баа. Манас эпосу кыргыз элинин тарыхы гана эмес, анын этностук курамы, турмуш-тиричилиги, жүрүм-турум нормалары, адамдын оң жана терс сапаттары, көз караштары, жаратылышты байкоолору, диний, медициналык, географиялык жана башка түшүнүктөрү, поэтикасы жана тили, башкача айтканда, эл турмушунун бардык жактары кеңири планда чагылдырылган нукура эпикалык, энциклопедиялык чыгарма. Алгачкы жазма маалымат. Манас эпосу тууралуу алгачкы жазма маалымат XVI кылымда Кыргызстандын түштүгүндө жашап өткөн Сайф ад-Дин Аксыкендинин Маджму ат-таварих (Тарыхтар жыйнагы) деген эмгегинде учурайт. Анда Манас, анын атасы Жакыпбек, душманы Жолой жөнүндө айтылат. Манас жана тарых. Манас эпосун эл жараткан, эл өзүнүн басып өткөн тарыхый жолдору, аталарынын жомоктору менен жараткан.

Албетте, Манас эпосунда кыргыздардын жалпы эле тарыхында болуп өткөн окуяларын көрөбүз. Мында айта турган бир нерсе, Манас кыргыз тарыхында, кандайдыр бир же эки доордун гана чагылдырышы эмес, анда ар бир доор окшобогон калыпта (бирде көп, кайсы бири аз) чагылдырылган. Албетте, алыскысы улам аз, кийинки окуялар басым баяндалган деп айтсак, эпостун баянына төп келет. Кыргыздардын тарыхы ханзу жазмаларында арбын жазылып калган. Кадыресе, тээ эртеден, биздин санактан мурдагы 200 жыл алдында тунгуч ирет ханзу тарыхынын ата башы тарыхчысы Сыма Цяндын Тарыхый эстеликтер деген китебинде Кыргыз мамлекети деген баян айтылган. Ошондон баштап карасак, эпосто айтылган Манас жана анын ата-бабаларынын бийлик курган (Манастын кан көтөрүлгөнү) окуясы бул Сыма Чандын баянына төп келет.

Мындан бөлөк, Манас эпосунда айтылган Алмамбет жомогу баягы эле тарыхта жазылган Нойон Сангун Ли Линдин кыргыз жергесине барып, ошол жерге жерденип, элденип калганы тарыхта жазылган баянды көркөм чагылдырып тургансыйт. Эпосто Алмамбет жана анын уулу Күлчоронун кыргызга өткөргөн кызматы ошондой эле санактан мурда кыргыз жергесине барган деп Ли Лиңдин тарыхта жазылган баянынын көркөм берилиши деп айткыбыз келет. Кыргыз тарыхында биримдүү бийлик куруу, өз мамлекетин, элин коргоо тарыхый чындык эпосто көркөм чагылдырылган. Кыргыздар баатырды, эрдикти аябай даңазалаган. Ошого кыргыздардын баш кишисинин мансабы Эр деп аталган да (Жаңы таңнааманы караңыз) Эр Манас деп айткан. Мында хан, хакан, каган деген мансап аталуудан мурда эр колдонулган.

Манас эпосунда кыргыз тарыхынын урунтуктуу окуялары арка көрүнүшүндө турат деп айтууга болот. Ал окуялар тээ биздин санактан мурдагы кыргыздар менен хундардын кагылышы (Сыма Чан тарыхында Хундар кыргызды багындырды деген баян бар). Андан Ли Лиң Сангундун кыргызга барышы (Алмамбет сыяктуу), андан соң кыргыздар байыркы телелер уруу бирикмесинде, каңкылар уруу бирикмеси сыяктуу уруулар менен болгон биргелештик жана кагылыштар Манасэпосунда Манастын ички жети кан, сырткы жети кан уруу бирикмесинин көрүнүшүн элестеткен. Кыргыздардын уйгурлар менен болгон кагылышы, 840-жылы алардын Ханбалык ордосун талкалап, бүткүл Түндүк жакка өз бийлигин орноткону ханзу тарых жазмаларында өтө айкын жазылып калган. 843-жылы Чаңан ордого Жав Фан кыргыздар Бешбалык калаасын чаап алды деп кабарлаган (Жаңы таңнаама, Уйгурлар баянына караңыз) ошол кезде бүгүнкү Жымсар Бейтиң (Бешбалык Түндүк ордо) аталса, Кыргызстандагы Суйаб калаасы Нантиң (Түштүк ордо) аталган. Демек, кыргыз тарыхында 840-жылдан 940-жылга чейин улуу окуялар болуп, күчтүү мамлекет куруп, барча элдерди башынан бийлегенин, Таң ордосу менен элчилик жиберип, кат алышып байланыш жасаганын жайсаң Ли Диунун Таң падышасынын кыргыз хаканына жазган каттары деген баянында анык көрүнүп турат. Кыргыз бийлиги X кылымдын соңунда Кидан (кытай) бийлигинин күчөшү менен алсыздап, кыргыздар Манас эпосунда айтылган Бирөө кетти Эренге, бирөө кетти Тереңге болуп тозуган. Мында кыргыздарды кидандардын Жолой аттуу бийлөөчүлөрү (Жолой Абожи, Жолой Тайчы сыяктуу) 930-жылы Энесай өрөөнүн чаап алган, андан соң 1124-жылы Жолой Тайчы Кыргызстандын Баласагын калаасын Күчтүү ордо деп атап, ал жерге Каракидандар мамлекетин Батыш Ляо деген ат менен курган. Ошентип кидандар (Жолойлор) кыргыздарды 200 жыл чамасы (931-жылдан 1130 жылдар) басынтып алган.

Манас эпосунда айтылган Кытай мына ошол байыркы кидандарды көрсөтөт да, алардын баш кишилери (Йелүй) кыргыз тилинде Жолой болуп айтылып, эпосто баяндалган. Эпостогу баатырлык көрүнүштөрдүн көбү мына ушул доорду арткы көрүнүш кылып чагылдырган. Арийне, Манас эпосунда Чоң казат окуясы мына ушул доорду элестетет. Ал тургай эпосто айтылган Бейжин, Бээжин ушул доордо Шаңжин (Түп Бейжин) деп аталган азыркы ички Моңгулдагы Лин Хуан байыркы калаасы болгондугу далилденип жатат. Бул калаанын байыркы кебетеси, айланасы эпостун Чоң казат бөлүгүндө сүрөттөлгөн баян жана Чоң казат жүрүшүндө басып өткөн жуграпийалык жолдор кереметтей окшойт. Кыргыздар тарыхындагы урунчуктуу тарыхый окуянын бирөө Чынгызхандын жортуулу болгон.

Ал кыргыздарды 1207-жылы багынтууга жетишкен. Кыргыздардын бул багынуусу өз алдынча бийлик курулмасынан айрылып калуусуна алып барган чоң окуя болгон. Моңгулдардын, кийин калмактардын көз карандысында жүргөн кыргыздардын Манас эпосунда моңгул, калмактар менен болгон чабышы абдан таасын чагылдырылган. Ошондон баштап, XVII кылымга чейин болгон 4-5 жүз жылдык мезгилдеги кыргыз турмушу Манас жомогу болуп, адабий секиге көтөрүлүп айтылып калган. Манас эпосунда айтылган Эсенкан, Алооке, Коңурбай (моңгулдардын Жаңгыр эпосунда эң чоң баатыр), Жолой сыяктуу адамдардын ысымдары тарыхта өткөн адамдар болгон, жазма тарыхтарда кенен учурайт. Бейжин, Каңгай, Энесай, Алтай, Оркон, Ыбырсыбыр, Талас, ж. б. сыяктуу жер аттары жазма тарыхтарда жазылып калган.

Манас эпосунун негизги окуялары. Манас эпосу камтыган окуяларынан молдугу менен көлөм жагынан абдан кеңири өнүккөн, бирден окуя ушул эпос деп аталган деңиздин бир айрык суу куймасы катары эпостун мазмунун толуктаган. Манастын окуялары адабияттык термин боюнча сюжет деп аталат. Жалпы жонунан айтканда, Манастын окуялары үч чоң топ боюнча баяндалат. Уруш окуялары. Манас эпосу баатырдык жомок болгондуктан, албетте, окуялардын көбү согуш, салгылашуу болгон. Согуш окуялары эпосто согуштун чыгуу мүнөзүнө карай: өз жерин, Мекенин басып жаткан жоону сүрүп чыгаруу согуштары (мисалы, Алоокени кууп чыгуу), элди чаап келген, басынтып каптап келген жоону майтарып, эли-жерин коргоо согушу (Коңурбай, Жолойлор менен болгон согуш), уруу көмөктөштүгүндөгү (сырткы жети кандын) эли-жерин жоо басып келгенде көмөккө барган согуш (Манастын Карманапка көмөгү), тынчты алган жоону түбүнөн тынчытуу үчүн жортуулга аттануу согушу (Чоң казат), ички уруулардын кагылышындагы согуштар, (ички жети кандын) Манас урпагынын ички кагылыштары (мисалы, Семетей бөлүмүндө) негизинен ички согуш болуп, эл ириткилери эл-журтту кактаган өктөмдөр (Абыке, Көбөш, Кыйаз, Толтой) менен болгон (Семетей, Күлчоро, Сейтек) согуштары сыяктуу согуш окуялары баяндалган. Бирок мында, атайын айтып коё турган бир нерсе, Манас эпосу жалаң гана согуш окуяларын баяндаган уруш жыйнагы эмес.

Турмуш окуялары. Манас кыргыздардын энциклопедиясы (билим китеби) деп айтылган сөздүн нугу мына ушул окуяларын көздөп айтылгандыгында. Турмуш дегенде бүткүл эле бир улуттун жашоо маданиятын түшүнүү абзел. Манас эпосунда кыргыз турмушунун жакшылык турмушу менен жамандык турмушу бүт баяндалган. Жакшылык турмушта бүт эле элдин маданиятындагы жетишкендиктерин: турак-жай маданияты (сыр коргон ордо маданияты), жемек-ичмеги, той-төркүнү (Манастын Каныкейге үйлөнүшү, Семетей, Айчүрөк - жана Сейтек сыяктуулардын улуу махабаты сыяктуулар), майрам-сайрандары, кан көтөрүү салтанаты, өмүрлүк достошу (Манас менен Алмамбет ж. б.) салтанаты, жеңиш тою сыяктуулар, андан бөлөк, өнөр жайы, кол өнөрчүлүгү, курал-жарак жасоо өнөрү, мал күтүү, уучулук өндүрүшү сыяктуу турмуш окуялары арбын. Жамандык турмуш да Манас эпосунда аябай жогору белеске көтөрүлгөн окуялар менен берилген. Эл мүңкүрөп, тозуп, басынып турган оор күндөр жамандык турмуш окуяларынын чоң желесин тартып турат да, бүткүл эле эпостун окуяларынын өзөгүн эл башына түшкөн оор күн окуялары түзүп тургансыйт.

Жамандык турмуш окуяларынын курамы элдин оор күнү, баатырлардын, эл башчыларынын өлүмү сыяктуу эки чоң танап менен тартылган. Манастын төрөлүү доорундагы кыргыздардын көргөн күнү тукум-курут болуп кетүү алдында турган, бүт бойкат аялдардын курсагы жарылып, ымыркайлар кабакка ыргытылып, элдин каш кайтарар чамасы жок, тозуп, эптеп жан сактап турган окуясы баяндалат. Андан бөлөк Семетейдин төрөлүшүндө, анын балалык чагындагы жамандык турмуш окуялары өзөктү өрттөгөн түрдө берилген. Ал тургай Сейтек бөлүмүндөгү Кыйаздын элге салган кордугу жамандык турмуш окуяларынын үлгүсү катары көрүнөт. Манасэпосунда жамандык турмуш өлүм окуялары менен да берилген. Бүткүл эле Манас эпосу баатырлардын өлүм-казасы менен трагедиялуу (күйүттүү) аяктап, элдин ичинен чыйралуусу, баатырлардын ар-намысты өлүмдөн жогору баалаган түшүнүгүн көрсөтүп бере алган. Манас баштаган баатырлардын Чоң казаттагы өлүмүн баяндаган окуяны уккан адамдын бардыгы өзөктү өрттөгөн күйүттү тартарында шек жок. Жакыптын Семетейдин колунан мертиниши, Семетейдин Канчородон (өзү баккан чоросунан) мертиниши кыргыз философиясында (ойчулугунда) өтө терең түшүнүктү көрсөтө алган. Корутуп айтканда, эпостун окуяларында элдин оор күнүн баатырлардын өлүмүн баяндаган окуялар бүткүл эпосту курап, эпос ушул окуялардан улам жаралгандай (Ырчы уул Манас баштаган баатырлардын өлүмүнөн кийин Манасты бирөө илгертен бери айтылып бышкан, эпостун жалпы жомоктук баянынын жээктиги болуп тартылып келген окуялар.

Андай окуялар салттык окуялар, жөрөлгөлүү окуялар, же турактуу окуялар деп аталган. Мындай окуяларды бардык эле манасчылар айтпай өтө алган эмес. Андан бөлөк дагы демеп айтылган окуялар болгон. Аны ар кайсы манасчы өз жөндөмүнө карай кошуп айткан окуялар эсептелет. Манас эпосунда жөрөлгөлүү окуялар мына булар: Манас бөлүмүндө. 1. Манастын төрөлүшү жана балалык чагы, 2. Кырк чоронун куралышы жана алгачкы эрдиктер, 3. Манастын кан шайланышы, 4. Мекенди жоодон бошотуу, 5. Кыргыздын Ала-Тоого көчүшү, 6. Алмамбеттин жомогу, 7. Манастын Каныкейге үйлөнүшү, 8. Көкөтөйдүн ашы, 9. Чоң казат, 10. Манастын өлүмү. Семетей бөлүмүндө жөрөлгөлүү окуялар: 1. Семетейдин балалык кези (таятасындагы кездер) 2. Семетейдин элине келиши, 3. Семетейдин ички ириткилерди тындым кылганы, 4. Семетейдин Айчүрөккө үйлөнүшү, 5. Канчоронун чыккынчылыгы, 6. Семетейдин өлүмү. Сейтек бөлүмүндө жөрөлгөлүү окуялар: 1. Сейтектин төрөлүшү, 2. Сейтектин түбү-жайын билиши, 3. Сейтектин Кыйаз менен согушу, 4. Күлчоронун айыгышы, 5. Сейтектин баатырдык согуштары, 6. Сейтектин үйлөнүшү, 7. Сейтектин үр-перилерге көмөккө барганы жана дөөлөр менен согушу, 8. Сейтектин Таласка келип хан болушу. Кененим бөлүмүндө окуялар, 1. Кененимдин төрөлүшү жана кан майданга аттанышы, 2. Кененимдин төрт баатырды куткарышы, 3. Жүйрүн дөөнүн жомогу, 4. Кененимдин Чыныкени алышы, 5. Семетей баштаган баатырлардын кайып болушу, 6. Кененимдин кереметтүү согуштары.

Сейит бөлүмүндө окуялар: 1. Эр Сейиттин Карадөөнү союшу, 2. Көк күмбөз жомогу, 3. Сейиттин Желмогуз менен согушу, 4. Сейиттин дөөлөр менен согушу, 5. Сейиттин өлүмү. Асылбача-Бекбача бөлүмүндө окуялар: 1. Асылбача-Бекбачанын бешик тою, 2. Асылбачанын алгачкы эрдиктери, 3. Асылбачанын хан болушу, кыргыздардын жыргалы, 4. Асылбача менен Кызылкыздын жомогу, 5. Асылбачанын өлүмү, 6. Бекбачанын Лопнурга аттанышы, 7. Тогуз кандын чабуулу, 8. Бекбачанын Көйкаптагы жомогу, 9. Бекбачанын Манас баштаган кырк төрт залга берген чоң ашы, 10. Бекбачанын өлүмү. Сомбилек бөлүмүндө окуялар: Сомбилектин маңгыттар менен согушу, 2. Сомбилектин Шүкүрлүү тоосуна барышы, 3. Сомбилек менен Тынымкандын тою, 4. Сомбилектин жараланышы жана өлүмү. Чигитей бөлүмүндө окуялар: 1.Чигитейдин жоого аттанышы, 2. Чигитейге келген кырсыктар, 3. Чапкынчылардын кол курашы, 4. Чигитейдин өлүмү. Манас эпосунун тарбиялык мааниси. Манас элдик адабияттын эң ири эстелиги катары кыргыз тилинин калыптанышында, анын диалекттеринин жакындашында, грамматикалык нормаларынын такшалышында, сөздүк курамынын байышында баа жеткис роль ойногон. Манастын тарыхый-маданий мааниси анын кылымдар бою кыргыз элинин этикалык нормаларынын, улуттук мүнөзүнүн калыптанышына олуттуу таасир тийгизип келгендигинен да көрүнөт. Эпос адамдардын бири-бирине болгон өз ара мамилелериндеги этикалык нормаларды даңазалайт, ушундан улам ал биздин күндөрдө да өзүнүн тарбиялык маанисин жоготкон жок. Манас эпосу элдик оозеки чыгармачылыктын дүйнөлүк мыкты үлгүлөрүнүн арасында татыктуу орунда турат.

Манас эпосу кыргыз элинин рухий маданиятынын көрүнүктүү эстелиги. Ал кыргыздардын тарыхын, этнографиясын жана жалпы эле турмушунун ар кандай тармактарын изилдөө, үйрөнүү үчүн алмашкыс булак. Эпос кыргыздардын мифологиясы боюнча кызыктуу маалыматтарды берет. Манаста жаныбарлар жөнүндөгү мифтер басымдуулук кылат, анда жаратылыштагы ар түрдүү кубулуу, сыйкырчылык, түр өзгөрүүлөр айтылат. Манас эпосунун эл аралык мифологиялык аналогиясы катары ит баштуулар жөнүндөгү мифти (кыргыз фольклорунда итаалы) эсептесек болот. Манаста диндин байыркы түрлөрү жөнүндө маалыматтар чагылдырылган. Бул жерде Алтай жана Түштүк Сибирдин бардык элдеринде кездешүүчү тотемизм, жаратылыштын кубулуштарына жан-жаныбарлардын, Умай Эне касиетине, арбактарга сыйынуу, фетишизм, шаманизм боюнча маалыматтар арбын кездешет. Эпосто кыргыз элинин салт-каадасы боюнча баалуу этнографиялык материалдар кездешет.

Манаста жаңы төрөлгөн балага ат коюу, баласын башка бирөөлөргө убактылуу багууга, тарбиялоого берүү жана ага байланыштуу ырым-жырымдар көрсөтүлгөн. Эпосто чагылдырылган эмчектештирүү салты да көңүл бурууга арзырлык. Манас эпосунун көлөмү. Көлөмүн билүү максатында Манас айттырууда алдын-ала камылга иштетилип, обочо жерге үй тиктирип, бир канча бодо-жандык союшка белендеп, калыстарды, эл аксакалдарын чогултуп олтуруп, айлап Манас айттырганда, ошондо ким Манасты көп айтарын, көлөмүн белгилешип, көлөмдүү айткандарды чоң жомокчу, чоң манасчы деп аташкан. Ким канча ай, же нече түн бою айта алганы менен эпостун көлөмүн белгилешкен. Манас эпосу кагаз бетине түшүрүлгөндөн кийин анан аны канча сап айтты деген өлчөм менен айта турган термин жаралган.

Манас эпосунун көлөмү аябай чоң, мазмуну мол экенине дүйнөлүк илимпоздор XIX кылымдан баштап көңүл буруп, башка дүйнөлүк эпостор менен көлөмүн салыштырып, бой теңештире баштаган. 1856-жылы кыргыз жергесине келип Көкөтөйдүн ашы бөлүгү менен гана таанышкан Чокан Валиханов Манас эпосунун көлөмүнө кайрылып: Кыргыздар Манасты үч түн бою укса да айтып түгөтө алгыс, Семетейге да ошончо убакыт жетишсиз деп айтышат... деген. Манас эпосунун жаралуу доору жөнүндө таамай изилдеген А. Бернштам: Шахнаме көлөмү жагынан Илиададан сегиз эсе көптүк кылса, Манас бир эле вариантында Шахнамеден беш эсеге арбын, демек, Илиададан кырк эсе көп дейт. Ушул күндөгү маалыматтарга кулак төшөп көрсөк, Саякбай Каралаевдин айтымында кагаз бетине түшкөн Манас эпосунун бардык көлөмү 4 00 554 сап, Сагымбайдан бир гана Манас бөлүмү 180 378 сап (башка бөлүмдөрү жазып алынбаган), Жусуп Мамайдан 300 000 сап кагаз бетине түшкөн. Бул үч манасчы Манасты эң көлөмдүү айткандар катарында саналат. Ал эми, ушул күнгө чейин Манас эпосунун түрдүү варианттарынын кагаз бетине түшүү көлөмү миллион сапка жеткирип маалымдаган басма сөздөр бар. Жуңгодо 1950-жылдардан баштап төрт жолу Манас чогултуу жумушу колго алынып, бардыгы 600 000 сап Манас материалынын жазылгандыгын кабарлап келет.

Манас эпосу кагаз бетине түшө электе көзү өтүп кеткендер: Назар, Чойуке, Тыныбек, Келдибек, Акылбек, Жусубакун, Темир, Эшмат деген илгери чоң жомокчулар болгон экен. Алар Манас эпосун канчалык көлөмдө айта турганына кагаз бетинде далил көрсөтө албайбыз. Ал тургай Сагымбай Орозбаковдон бир гана бөлүм кагаз бетине түшкөн, Эшмат Маметжусуптун Семетей бөлүмү гана кагаз бетине (толук эмес) түшкөн. Салыштырмалуу түрдө дүйнөгө даңазалуу эпостор-гректердин Илиадасы 15693 сап, Одиссея 12110 сап экенин гана көрсөтсөк, көлөм салыштырмасы көрүнөт. Эпосту жазуудагы убакыт.

Манас эпосунун көлөмдүүлүгүн, аны жазып алуусуна кеткен убакыт менен да бир ырастап көрсөтүүгө болот, алып айтсак, залкар манасчы Сагымбай Орозбак уулунан Манастын биринчи бөлүгүн 1922-жылы кагаз бетине түшүрүүнү баштап, нечен айлап, жылдап жазып, 1926-жылы төрт-беш жылда зорго жазып алуу иши байыган (албетте, аралыкта үзүлүп турса да). Ал эми залкар манасчы Саякбай Каралаевдин Манас эпосун жазып алуу иши 1931-жылы башталып, алды кийин болуп, 1947-жылы байыган. Саякбайдан айттырып жазып алуу ишине 16 жыл кеткен. Ал эми залкар манасчы Жусуп Мамайдан Манас эпосун жазып алуу жумушу биринчи жолу 1961-жылы башталып, 1964-жылга чейин алты бөлүктү төрт жылда жазып алынган. Экинчи жолу 1979-жылдан 1982-жылга чейин дагы эки бөлүктү толуктап жазууга үч жыл кеткен. 1982-жылдан 1985-жылга чейин башкалар жагынан кагаз бетине түшкөн өз айтымын (вариантын) өзү баштан аякка көрүп, толуктап, өз колу менен кайра кагаз бетине түшүрүп, (кээ бир бөлүмүн) дагы үч жыл сарпталган. Ошентип, Жусуп Мамайдын Манасы кагаз бетине түшүрүлгөн убакыт 10 жыл болгон (аралыкта үзүлгөн убакыт эсептелбегенде). Жогоруда айтылган манасчылардан Манас эпосун кагаз бетине түшүрүлгөн убактардын өзү эле эпостун көлөмүнүн деңиздей чалкып жаткандыгын, аябай мол экенин көрсөтүп бере алат. Алар күндөп, айлап эмес, он жылдап айткан.

Манас эпосунун көркөмдүгү. Эпостун көркөмдүгүн төмөнкү жактардан көрүүгө болот: 1)Эпосто көркөм образдар жаралган. Эпосто жаралган образдардын эң түптүүсү баатырлык образ болуп, ал Манас жана анын кийинки урпактарынын эрдиктеринен көрүнгөн, кыргыздын баатырлары намыс үчүн жаралып, намыс үчүн өлө турган кыргыз философиясы менен образ жаралган. Жан кетсе кетсин, намыс кетпесин деген акылман сөз кыргыздардын баатырларын белендеген. Кыргыздар тарыхында баатырлыкты даража, мансаптан жогору коюп, эл ичинен ким баатыр, эр, алп, дөө, эрен, берен, нойон, таркан болсо, ошол эл башкарган, элге ээ болгон. Манас элден мурда Эр Манас деп аталган, эр деген сөз жөн эле эркек деген сөз эмес, ал өзүнчө мансап болгон, кийин анан башка элдер катары кан, каган деген аталмаларды кабыл алган. Баатырлык образдын эң башкысы Манас болуп, анын төрөлүшү бөтөнчө, өсүп-жетилүүсү өтө ылдам (тогуз жашынан баштап эр сайышка жарайт), денеси олбурлуу, жеген тамак ашы, суусундугу жөн адамдардан нечен эсе артык болгон (бир тайдын этин, нечен чанач кымызды бир маалкы оокатына жумшаган), уйкусу бөтөнчө (найза менен жамбашка сайса чымын чаккандай тоготпойт), Манас айкырганда чээнде жаткан аюунун өтү айрылат. Булар Манастын тышкы көрүнүшү, кыргыздар тозуп-басынып жатканда мына ушундай бирөө керек болгон, аны эл өзү тапты. Баатырлык образдын эң бийик жери баатырлардын дөөлөр, алптар менен беттешкен жерлери эле. Манас эпосу баатырлардын образына мына ушуларды кошуп бере алган.

Баатырлык образдан: Манас, Чубак, Сыргак, Алмамбет, Балта дөө, Кошой, Шыгай, Көкчө, Семетей, Күлчоро, Сейтек, Куйалы, Кененим, Сейит, Асылбача, Бекбача, Сомбилек, Чигитей сыяктуулар болгон. Баатырлыктын терс образынан: Коңурбай, Жолой, Нескара, Алооке, Көңтөй сыяктуулар баатырлыктын типтери болуп эсептелген. Эске алчу нерсе, Манас эпосунда жоо жактын баатырлары аябай айлалуу, күчтүү болуу жагы менен Манас баатырдын баатырдыгы ачып берилген. Ал эми оң кейипкерлердин баатырлык образында андагы жетишсиздиктери, энөөлүктөрү, кенебестиктери көрсөтүлүп, баатырлык мүнөз айкын чыгарылган. Баатыр Манастан баштап, элден эң эле бөтөнчө адам катары каралганы менен кээде жөн эле карапайым адамдар катарындагы турмуш-жоруктары кошо берилип (алып айтсак, Манас чоролорунун атын отко коет, жубайы Каныкейге нече жолу таарынат), инсандык сапаттары көрсөтүлүп, элдин ичинен чыккандыгы анык байкалат. Эпосто мифтик (аңыздык) образдар берилип, дөөлөр, желмогуздар, сыйкырчылар, перилер, кайып болуу сыяктуу көрүнүштөр өтө кылдат берилген. Анын негизи кыргыз жомокторунан алынган. 2)Манас эпосунда акылмандык образы көркөм берилген.

Манас эпосу кыргыз акылмандыгынын мөмөсү катары каралат. Мында бүт эле кыргыздардын кыялы, санаасы, тилеги чагылган. Манас баштаган акылмандар тобунун образы жаралган. Манастын акылмандыгы ал акылмандарды жанына чогулта алгандыгында. Алып айтсак, Балта, Бакай, Кошой, энеси Чыйырды сыяктуулардай көсөмдүк акыл катары чогултса, кийин Каныкей, Алмамбет сыяктууларды атайын кабылдап, өзүнө жаңы акылмандыктарды тарткан.

Манастын Алмамбетти кабылдашы азыркы замандын сөзү менен айтканда чоң жаңы техниканы, озот идеяны кабыл кылган менен барабар жумуш болгон. Аны менен өз образында акылмандык касиет аша берген. Семетейде да Бакай, Каныкей, Айчүрөк сыяктуу акылмандар тобу бар. Андан кийинки урпактарда, ошонун жолун жолдоп, баатырлык менен бирге акылмандык касиет болгон. Эпостун кайсыл эле баянынан болбосун, акылман, аяр, амалкөй, кыяр, манттуу, айлалуу, көсөм сыяктуу образдарды жолуктурганы болот. Андан бөлөк, сыйкырчы, изчи, төлгөчү деген сыяктуу мифтик акылмандар образы жаралган. Айтор, Манас акылмандарды, акылды даңазалаган эпос болгон.

3)Манас эпосундагы тил көркөмдүгү жаралган. Манас эпосунун тили кыргызга жалпы орток эле болуп калбай, кадыресе кыргыз тилинин көрөңгөсү деп каралат. Андан стилистикалык ыкмалардын өтө чоң үлгүлөрү берилген. Апыртуу, опсуз чоңойтуу менен, эсепсиз кичирейтүүнү чегине жеткирген. Окшотуусу бүт эле кыргыздын табият карашын көрсөтүп турган, кайталоо эпоско берметтей жарашкан, болуп да эпостун бирден бир өзгөчөлүгү бышкан, талкууланып турактанган эпостук салттык саптар аябай көп болуп, алар жалпы эле угармандарды мойутуп келет. Эпосто өзгөчө мүчө жалгоо адаты сакталган (мисалы, баратыр, жатыры) келе бергени. Эпос бүт эле жорго сөздөр менен уйкаштуу айтылган.

4)Манас эпосунда элдик адабияттын үлгүлөрү бүт колдонулуп, көркөмдүккө каражат болуп берилген. Манас эпосунда кыргыздардын жөө жомоктору, санжырасы, макал-лакабы, аңгемелери, айтор, бардык үлгүлөрү бар. Булар эпостун көркөмдүгүн белеске көтөрүүгө каражат болгон. Болуп да эпостогу ак тилектер, баталар, каргыштар, анттар эпоско табылгыс элдик материалдардан болуп эсептелет. Айтор, В. В. Радлов айткандай темирдин чамындысы магнитке жабышкандай кыргыз эл оозеки адабиятынын бардык нарктуу үлгүлөрү Манас магнитине жабышып чыга келген. 5)Манас эпосунун көркөмдүгү анын обону жана жаңсоо аракети менен ачылган. Манас эпосу өзүнө гана таандык обон менен аткарылган. Анын обону баян мазмунуна карай өзгөрүп, ар бир сөздө ар бир обон түртмөктөп, куюлуштуруп чыгарып турат. Обонсуз айтканда, эпос көркөмдүгүнөн көрүнө албас эле. Манас эпосунун көркөмдүгүнө жарашкан дагы бир нерсе, аны айтканда жаңсоо, ымдоо, обдулуу сыяктуу аракеттер болгон. Бул чеберлик бүт эле Манас эпосунун көркөмдүгүнө тыгыз байланган.

6)Манас эпосунда күйүт абдан көркөм берилген. Күйүт адабий терминде трагедия деп аталат. Эпос бүт эле күйүт менен аяктап, эпосто трагедиялуу көркөмдүк, асем өнөр аябай бийиктен берилген. Баатырлардын өлүмү, элдин башына түшкөн каранкүн, басынуучулук эпосто абдан көркөм берилген. Манас эпосундагы акылмандык.

Улуу Манас эпосун укпаган жана сүйбөгөн кыргыз баласы болбосо керек. Сөзгө ышкыбоз байыркы бабаларыбыз да эпостун эң оболку айтылышын угуп калышкан. Эпостун алгачкы башаты кыргыз элинин эр жүрөк баатырына арналган дастан болгону ырас. Манас эпосунун алгачкы айтыла баштаган доору жөнүндө илимпоздор ар кандай мезгилдерди божомолдошот. Кээ бири Манас баатыр окуясы эпос болуп б. з.ч. мезгилде айтылган, ага күн (гунн) доорундагы Адылдын (Аттиланын) жана башка эл, кол башчыларынын жоруктары, окуялары баяндалган дешет.

Айрым изилдөөчүлөр Манас эпосунун чыныгы окуялары жана алгачкы калыптанып айтылышы У1-1Х кылым деп божомолдошот. Тарыхый жылнаамаларга, санжыраларга, элдик оозеки чыгармаларга сереп салсак эпостун накта жаралыш мезгили Энесайлык доор деген божомол ынанымдуу. Эпосто Барсбек каган (VIII к.) жөнүндө даңаза дастаны, Алп Сол Атанын (IX к.) эрдиги камтылган. Манас эпосунун аткан таңы байыркы кыргыздардын эрдигин жана акылмандыгын кылымга жар салган көркөм чыгарма. Улуу Манас эпосунун баштоочулары Жайсаң Үмөт уулу (VII-VIII к), Ырамандын ырчы уулу VIIIIX илимий изилдөөчүлөр аныкташты.

Манас эпосунун миң жылдап айтып келе жаткандыгы үчүн анын көлөмү да дүйнөлүк эпостордон бир нече эсе артык болуп турат. Манас деген ысымдын мааниси байыркы көчмөндөр арасында, манихейчиликте, будпарасчылыкта жана рун жазмаларында рухий ыйык түшүнүктү билдирген. Кыргыздарга Манас эпосунун бактысына буюрулушу жана кут-ысымдын келиши кокустук эмес. Алар Теңир алдында адеп-ахлагы сүттөй аппак, колдогону кудуреттүү, пешене жылдызы күйүп жанган, табиятка таазими ачык, каада-наркты жолдогон эл болгон. Улуу эпостогу Манас кара күчтүүлүгүнөн, алптыгынан, баатырдыгынан, жоодон элдин өчүн алгандыгынан эл башы, каганы болгон жери жок. Ал жаштайынан көчмөн, чыгаан устаттардын таалим-сабагынан өтүп, нускоосун угуп, жолун жолдоп, эл-жерин сүйгөндүктөн, чилдей тараган элдин башын коштуруп, калктын камын ойлогондуктан, кошуна, боордош элдер менен тил таба билгендиктен, калыс сөзүнөн, акыйкаттыгынан, айкөлдүгүнөн, жигердүү даанышмандыгынан улам хан шайланган. Ал мындай адебин, ыйык, кыраакы касиеттерин өлөр-өлгөнчө, бардык учурда сактап жүрүп өмүр сүрдү.

Манастын аяр Бакай абасы, акылга дыйкан кеменгер Кошой агасы сыяктуу нарктуулар, кыраан жан жолдош, акылман, кеңешчилери болду. Уруу аксакалы Байжигит, кой оозунан чөп албас кара тилдүү, тилге жүйрүк кара жаак, жетимиш уруу тил билген, жетимиш түрлүү эл көргөн чечен Ажыбай, капилетте сөз, кысталышта жол тапкан, кылымга чечен үлгүлүү Эр Үрбү сыяктуу чоролору болгон. Эр Манас Бегиш, Көйүш деген аярларды, Кара Төлөк төлгөчүсү, Агыдай далычыны күткөн. Кайсы бир эпос айтуучулар Манастын хан ордосунда 60 акылчысы болгонун эскерет. Алар эл ичиндеги ынтымак-ырысты кармап, душман, жоо менен мамилесин чечүү үчүн өлүмгө башын байлап элчиликке барышкан. Бул акылман чоролор Манастын үзүлгөнүн улаган, чачылганын жыйнаган, ийрисин түзөгөн, сайып жүрүп бак кылган, салып жүрүп там кылган, аркада жүрсө сан колдой, астыда жүрсө ак жолтой кеңешчи-насаатчылар эле. Манас эпосунда бай Жакып уулун сегизге чыкканда, тентек кезинде, койчу башчысы Ошпурга алып барып тарбияга берет. Кээ бир изилдөөчүлөр Жакып кытай, калмактардан коркконунан же Чоң жиндинин жини кагылсын, койчулук кесипти билип, эр жетилсин үчүн Ошпурга берген деп мүчүлүш божомолдошот.

Акыйкаттыкта андай жоромол жеңил-желпи карагандык. Байыркы Чыгышта, Кытайдын императору болобу же Борбордук Азиянын көчмөн урууларынын эл башчылары, кагандары болобу, айтор бегинен шерлерине чейин, зирек балдарын мыкты акылман устаттарга окутууга-тарбиялоого берген. Тарыхта бул бештен белгилүү. Байыркы уруулардын кагандарынын же бек, байларынын турмуштук тажрыйбасына кайрылсак, балдарын күчтүү элдин тилин билүүгө, аскер өнөрүн, жеке кармаштын ыкмаларын үйрөтүүгө, эр жигитке кырк өнөр аздык кылат деп толгон-токой өнөрдү үйрөтүшкөн. Манас эпосундагы Жакып да ошол нарк-салтты сактады.

Эпостун окуясына, уулуна жана ошол доордун тарыхына сергек көз жүргүзсөк Манасты тарбияга алган койчу башчысы Ошпур жөнөкөй жан эмес, же эптеп жан баккандардан көрүнбөйт. Ошпур койчу башчысы деп аталганы менен ички дүйнөсү башкача адам: жаштайынан жамандыкты башынан көп кечирген, жашоого бышык, сөзгө сараң, айтканынан кайтпаган, өз турмушуна каниет кылган, кайраттуу, эмгекчил, көк, көп тил билген, бакшы десе бакшы, карылуу, эр тебишти, канжар кол сайышты билген устат. Манас баатыр Ошпурдай устаттардан кытай, калмактардын жана көчмөндөрдүн эрдик өнөрүн, тилин, салтын, акылмандыгын жаш кезинен үйрөнгөн. Манастын бир устаты койчу башы Ошпурдун кийин ага акыл кошор ишенимдүү чоросу болуп отурганы бекер жерден эмес. Манас эпосунда баатырдын адамкерчилиги, кең пейилдиги, жөнөкөйлүгү жана акылмандыгы көп жерде сүрөттөлөт. Манас баатыр кытай, калмактын ханы Орго менен катуу салгылашат. Кара ниет Орго айгай салат: Кыргыз деген ким эле? Дүнүйөгө толсо да кыйратайын тим эле. Бул майкандашууда миңдеген жоокер эки тараптан кырылат.

Орго хан өлөт, колу качат. Кыргыздар жеңишке жетет. Эртеси Орго хандын катыны Санамкүл эки баласын ээрчитип тартуусу менен эр Манастын алдына келип, балдарынын жанын сурап алдына түшөт. Айкөл Манас Санамкүлдүн эрдигине ыраазы боло, акылман сөзүн айтып, балдарынын күнөөсүн кечирип, баласын ордосуна аманат чоролукка энесинен сурап алат. Ал эми Орго хандын элин талоодон сактап, мунапыз берет. Алтайлык калмак-мангулардын урушунда кыргыздар алсыздарга болушуп, аларды куткарып, олжо, мал бөлүп, үйсүздөргө үй берип, Манас баатыр жоокерлерин ыктыяр менен кошунга кошуп алган. Эзелки кыргыз мекенин басып алган, элин зордоп, жерин кордоп жашаган кытай, калмак башчысы Алоокенин Ала-Тоодо чардап, Алооке майда урууларга күн көрсөтпөйт. Көп аскер жыйнап кыргыздардын үшүн алат. Эр Манас Алоокенин сүрүнөн коркпойт.

Алоокенин хан ордосуна Манас жарашмакка барат. Айлакер Алооке Манасты сарайдагы маш оюн курган жырткычтардын ажайыпканасына алып кирип, ажыдаар, жолборс, даңгыт, желмаянга талатмак болот. Жырткыч айбанаттардын Манастын айбатынан качып, катыла албай корккондорун көргөн Алооке аргасыздан багынат. Жалбарып жанын сураган Алоокенин күнөөсүн Манас баатыр кечирип, акылман сөз айтып, элин кырбай Ала-Тоону согушсуз бошотот. Ошондо Алооке баласы Боокени, агасынын баласы Абышты Манастын хан ордосуна аманат таштап, Ала-Тоодон көчө качып, эптеп жанын куткарат. Манас эпосу баатырдык эпос деп аталганы менен, аны акылмандыктын да эпосу деп атаганга жарашкыдай касиет сүрү, суру бар. Анын ичинде уюган улуттук рухий кут жатат. Байыркы манасчы баштоочулар айткандай, жалаң эле баатырдыкты баяндабастан, ошол элдин тарыхын, санжырасын, салтын, динин, табият менен шайкештигин, акылмандыгын, башка элдер менен элчилик мамилесин, уруу баштарынын бириктирүүсүн бирдей көркөмдүктө айтышкан.

Жайгаштыруу: 2016-05-20, Көрүүлөр: 4429, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-20
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо