Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Бадырыңды өстүрүүдөгү жер семирткичтер жана азык заттардын керектөөсү

Баш барак | Бадыраң өстүрүү | Бадырыңды өстүрүүдөгү жер семирткичтер жана азык заттардын керектөөсү

Бадыраң топурактан салыштырмалуу азык заттарды көп албайт. Бадыраңдын тамыр системасы көп терең эмес жайгашат, б. а. алар азык заттарды жалаң гана жердин айдалган катмарынан алат. Бадыраң көп массадагы сабагы менен жалбыракты жана интенсивдүү түрдө жемиши пайда болот, кыска вегетациялык мезгил ичинде топурактан азык заттарды бат керектөөгө шарт коет. Ошондуктан жогору түшүм алуу үчүн, бадыраң азык заттар менен жакшы камсыз кылынып, семиз жерде өсүшү керек. Бадыраңдын эң жакшы жер семирткичи кык жана компост болот. Органикалык жер семирткичтер өсүмдүктү жалаң гана азыктандырбастан, топурактын структурасын да жакшыртат, тамыр системасына ылайыктуу шарт түзөт, айланадагы абада көмүр кычкыл газдын концентрациясын көбөйтөт. Органикалык жер семирткичтерди адатта негизги айдоодо күздө же жазда себүүдөн мурда жээктерге же чуңкурларга (40 т/га) чачат.

Түшүмгө карата бадыраңдын азык заттарды керектөөсү

Эсептелген түшүм, ц/гаN, кг к. з.P, кг к. з.K, кг к. з.
3009060135
40012080180
500150100225
600180120270
к. з. - катышуучу зат (д. в. - действующее вещество) Минералдык жер семирткичтердин дозасы айлана-чөйрөнүн шарттарына жана топуракка жараша аныкталат. Азык заттар ийкемдүүлүгү жана сиңимдүүлүгү менен айырмаланат. Мисалы, азот абдан ийкемдүү жана жеңил сиңирилет, фосфор жана калий анчалык ийкемдүү болбогондуктан, оорураак сиңирилет. Фосфор-калий жер семирткичтерин топуракка кык менен бирге күзүндө чачат, ал эми азот жер семирткичин - жазында чачат. Республиканын базарларында пайда болгон чет өлкөлүк селекциянын гибриддери интенсивдүүрөөк багууну, көбүрөөк жер семирткичти жана сугатты талап кылат. Бадыраң үчүн кошумча азыктандыруу абдан маанилүү. Арык жерде аны 3-4 жолу, семизирээк жерде аны 1-2 жолу өткөрөт. Биринчи кошумча азыктандыруу бадыраңдын үчүнчү нака жалбырагы өнгөндө керектелет. Аны органикалык жер семирткичтер менен өткөрсө болот: сууга эритилген уйдун кыгы (4:1), суу менен аралыштырылган тооктун кыгы (10:1 же 15:1). Ошол жер семирткичтерге алдын ала аз өлчөмдө суу кошуп, андан кийин ал эритмени белгилүү бир концентрацияга чейин суу менен аралаштырып, ачытуу үчүн бир нече күнгө жыгач идишке калтырып коёт.

Адатта, өсүмдүктү сугаргандан же жаан-чачындан кийин кошумча азыктандырат. Өсүмдүктү минералдык жер семирткичтер менен азыктандыруу үчүн, аны төмөнкүчө даярдайт: 16-24г аммоний сульфатын жана 20г суперфосфатты 10 литр сууга аралаштырат. Анын ордуна 15-20 г нитрофосту же нитроаммофонду 10 литр сууга эритип даярдаса болот. 2 литр эритме 1кв/м жерге жетет. Кийинки азыктандырууну 10-14 күн өткөндөн кийин минералдык жер семирткичтерден дозасын 1,5-2 эсеге көбөйтүп өткөрөт. Жер семирткичтердин ролу абдан жогору, анткени азоттун жетишсиздиги өсүмдүктүн сабагынын жана жалбырактарынын жаман өсүшүнө, натыйжада түшүмдүн төмөндөшүнө алып келет. Бирок азоттун көптүгү да зыяндуу, анткени жашылчанын бышып жетилүүсүн кечиктирет, өсүмдүктүн илдеттерге жана төмөн температурага туруштук берүүсүн азайтат да, жашылчадагы кургак заттын жана канттын өлчөмүн төмөндөтөт. Фосфор жашылчанын тезирээк бышып жетилишине жана анын канттуулугунун көбөйүшүнө түрткү берет. Бадыраңдын тамыр системасы фосфорду жакшы сиңире албастыгы менен айырмаланат.

Ошондуктан ал азот жер семирткичтерине караганда, фосфорду көп кабыл албайт. Калий жер семирткичтери жашылчадагы кургак заттардын өлчөмүн жогорулатууга, анын сактоо мөөнөтүн жана транспорттоо мүмкүнчүлүгүн көбөйтүүгө түрткү берет. Калий продукциянын даамдык сапатын жакшыртууга, андан тышкары суу жетишсиз кезде тургор басымын кармап турууга жардам берет.Бадырыңды өстүрүүдөгү жер семирткичтер жана азык заттардын керектөөсүЖер семирткичтердин жетишсиздиги: солдо - бадыраң азот жетпегенде, оңдо - калий жетпегенде.

Жайгаштыруу: 2016-05-29, Көрүүлөр: 1362, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-29
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу