Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Бадыраңды сатуу мүмкүнчүлүктөрү

Баш барак | Бадыраң өстүрүү | Бадыраңды сатуу мүмкүнчүлүктөрү

Бадыраң - баалуу жашылча өсүмдүктөрүнүн бири. Тамакка быша элек - көк - 9-12 күндүк түшүмү керектелет. Узундугу 14 см чейин жеткен төрт-беш күндүк жемиштерин корнишон, ал эми эки-үч күндүк мөмө байлагычы пикули даярдоого колдонулат. Бадыраңды чийки бойдон, туздалган жана маринаддалган түрүндө колдонсо болот. Базарга дароо сатуу үчүн бадыраңдын эртерээк бышып жетилүүсү абдан маанилүү. Эрте же кеч бышуучу бадыраң дароо колдонуу үчүн өстүрүлсө, жогорураак баа менен сатылса, башкача айтканда базар шартында ушул продукциянын дефицити сезилсе, албетте, көбүрөөк пайда түшөт. Республиканын түштүк тарабында, табигый-климаттык шарттары ыңгайлуураак болгондуктан, кыргыз фермерлерге Өзбекстандын фермерлери катаал конкуренцияны түзөт. Ошондуктан ылайыктуу, вегетация мөөнөтү кыска жана жакшы даамдуу сортту тандоо эң маанилүү болот. Азыркы мезгилде Кыргызстанда кайра иштетүүчү ишканалардын саны күндөн-күнгө көбөйүп жаткандыктан, атайын кайра иштетүүгө арналган интенсивдүү, жогорку түшүмдүү гибриддерди жана чет өлкөлүк селекциянын сортторун өстүрүү кызыгыраак болот.

Жайгаштыруу: 2016-05-29, Көрүүлөр: 607, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-29
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу