Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Бадыраңды көчөтсүз өстүрүү сорту

Баш барак | Бадыраң өстүрүү | Бадыраңды көчөтсүз өстүрүү сорту

Республиканын шарттарында бадыраң ды негизинен ачык грунтта ө стүрө т. Топуракты даярдоо менен тигүүнүн ортосунда убакыт өткө рбөстө н, жерди иштетээр менен бадыраң ды тигүү керек. Себүүнүн мөөнө тү сорттун вегетация мезгилине (сорт жана гибриддер деген таблицаны караң ыздар), температуранын абалына жана продукциянын керектөөсүнө карата аныкталат. Бадыраң жылуулукту абдан талап кылат. Бадыраңдын уруктары 12-130С төмөн эмес температурада өнүп чыгат. Тө мө нүрөөк температурада уруктар кө пкө нү менен, ө нбө й чирип калышы мүмкүн. Уруктар оптималдуу 25-300С температурада 5-6-күндө ө нүп чыгат.

Эрте бышуучу продукцияны алуу үчүн, урукту жакшы жылыган топуракка мүмкүн болушунча эртерээк тигүү зарыл.

Өстүрүү зоналарыТигүү мөөнөтү
Түштүк райондоруАпрелдин башы
Чүй өрөөнүАпрелдин экинчи жарымы
Ысык-Көлдүн батыш зонасы5-10-май
Ысык-Көлдүн чыгыш зонасы7-15-май
Талас өрөөнү7-15-май
Нарын зонасы10-20-май
Күзүндө туздалган продукцияны алуу үчүн эң көп жемиш берүүсү сентябрдын экинчи жарымына же болбосо октябрдын башына туура келгидей кылып эсебин чыгарып, бадыраңдын тигүү мөөнөтүн аныктоо керек. Ошону менен бирге муздак күзгү түндөр бадыраңдын өсүшүн өтө кечиктирээрин эске алуу керек. 15-июндан 10-июлга чейинки мезгил сунушталган жайкы тигүү мөөнөтү болуп эсептелет. Себүү алдында урукту сууга 1-2 күнгө чейин чылап коет. Нымдалган уруктар кургак уруктарга караганда батыраак өнүп чыгат. Бирок нымдалган жана өнгөн уруктарды жакшы жылыган жана нымдуу топуракка гана тигүүгө болот.

Эреже катарында, кургак уруктарды себет.

Жайгаштыруу: 2016-05-29, Көрүүлөр: 1296, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-29
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо