Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Бадыраң сугаты

Баш барак | Бадыраң өстүрүү | Бадыраң сугаты

Жердин үстүнө жакын жайгашкан бадыраңдын тамыр системасы, өзгөчө анын гүлдөө жана чоңоюу мезгилинде, топурактын жогорку нымдуулугун талап кылат. Топуракта нымдуулук жетишпеген учурда түшүмү ачуу болуп, жаңы мөмө байлагычтары деформацияланып, күбүлүп түшүп калат. Сугат аба ырайынын шарттарына жана топурактын мүнөзүнө жараша болот. Топуракка жараша жай мезгил бою 6-10 же андан ашык сугат жүргүзүлөт. Жеңил топуракта сугатты тез-тез, ал эми оор топуракта - анда-санда өткөрөт. Сугат нормасын өсүмдүктүн жашына жараша аныктайт: жаш өсүмдүктөрдү азыраак сугарат, ал эми түшүм берүү мезгилинде тез-тез жана кандыра сугарат. Топурак 10-15 см ден кем эмес тереңдикте сугарылуусу маанилүү. Түшүм жыйноо мезгилинде бадыраң ар бир 2-3 күндө чогултулат. Сугатты күндүн экинчи жарымында, кечки 6-7ден кечирээк эмес, ал эми суук түндөрдө эртең менен өткөрүү абдан жакшы болот.

Жайгаштыруу: 2016-05-29, Көрүүлөр: 1087, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-29, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу