Жаман предшественниктер. Бадыраңды ашкабак өсүмдүктөрүнөн кийин өстүрүүгө болбойт, анткени алардын көп жалпы зыянкечтери жана илдеттери бар. Пахтадан кийин жүгөрүнү жана күн караманы, андан тышкары төө буурчакты жана сабизди өстүрүү сунушталбайт, анткени ушул өсүмдүктөр ак чиринди оорусу менен жабыркашат. Жерди арыктатпоо жана анда илдеттин булагын топтобоо үчүн, бадыраңды мурда өстүрүлгөн талаага 3-5 жыл өтмөйүн кайта тигүүгө болбойт. Которуштуруп айдоодо жана огороддо бадыраңдын жакшы предшественниктери болуп - капуста, жашыл өсүмдүктөр, картошка, буурчак өсүмдүктөрү (төө бурчактан башкасы), тамыры жемиштер (сабизден башкасы), дан өсүмдүктөрү жана помидор эсептелет. Бадыраң да көптөгөн жашылча өсүмдүктөргө жакшы предшественник болот.
Толук маалымат менен таанышуу, ошондой эле сайттагы бардык макалаларга мүмкүндүк алуу үчүн баалар: 1 күнгө - 100 сом, 30 күнгө - 500 сом. Алгач сайтка катталыңыз же катталган болсоңуз кириңиз. Катталбастан тез алууну кааласаңыз 0(704)28-63-61 вотсап номерине жазыныз.
Аталган баалар физикалык жактарга гана, ал эми юридикалык жактар, мамлекеттик мекемелер, жеке ишкерлер үчүн support@tyup.net дарегине кайрылуу зарыл.